НЕМИС-КЫРГЫЗ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

  • 13.03.2024
  • 0

НЕМИС-КЫРГЫЗ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

К.И. Скрябин атындагы КУАУнун делегациясы Германия өлкөсүнүн Вайенштефан-Триздорф (HSWT) колдонмо илимдер университетине иш сапары менен барды.

Алар окуу жайдын президенти, доктор Эрик Вёлье менен жолугуп, эки университеттин ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүн талкуулады. Ошондой эле Фрайзинг шаарында жайгашкан окуу жайдын кампусуна барып, факультеттери менен таанышып чыкты.

Иш сапардын алкагында, Вайенштефан-Триздорф колдонмо илимдер университетинин “Агрардык мененджмент” программасы боюнча магистратурага өткөн КУАУнун беш бүтүрүүчүсүнө жана учурда практика өтөп жаткан эки студентке окуу жайды ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу дипломдор тапшырылды.

Делегация өкүлдөрү алыскы жана жакынкы 10 өлкөдөн келген 12 ректордун катышуусундагы ректордук конференцияга катышып, өнөктөш ЖОЖдору менен биргеликте прикладдык илимдер жаатындагы илимий-изилдөө кызматташтыгынын жолдору, биргелешип окутуунун мүмкүнчүлүктөрү, прикладдык илимдер жаатындагы PhDни иштеп чыгуу жана имплементациялоонун жолдору,  биргелешкен квалификацияны жогорулатуу курстары, “World Cafe” жыйынтыктары маселелерин талкуулап, аны чечүү жолдору боюнча иш алып барды. Эрасмус мундус европалык комиссия программасынын алкагында магистратура долбоорунун концептин биргеликте ишке ашыруу боюнча талкуу жүргүздү.

Мындан сырткары, Меркендорф шаарында жайгашкан инновациялык кампусунун айыл-чарбасын санариптештирүү компетенциясы жана Триздорф айыл-чарбасынын билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер