НЕКРОЛОГ — ЖАНЫБЕК ШАРШЕНАЛИЕВ

  • 19.11.2020
  • 0

Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоӊ жоготууга учурады.

2020-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) академиги, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунун лабораториясынын башчысы Жаныбек Шаршеналиев 79 жаш курагында дүйнө салды.

Жаныбек Шаршеналиев 1941-жылы 1-февралда Талас облусунун Талас районундагы Арал айылында туулган. 1966-жылы Саратовдогу политехникалык институтту аяктаган. Эмгек жолун СССРдин илимдер академиясындагы Космостук изилдөөлөр институтунда жетектөөчү конструктор кызматында баштаган.

1968-жылы Москва энергетика институтунун аспирантурасына тапшырган. Аны аяктагандан кийин 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Автоматика жана телемеханика» кафедрасынын башчысы, 1982-жылы мелиорация системасын комплекстүү автоматташтыруу Бүткүл союздук илим изилдөө институтунун директору кызматында иштеген.

1986-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто билим берүү министри болуп дайындалган. 1988-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын УИАнын президиумунун башкы окумуштуу катчысынын орун басары, 1994-2000-жылга чейин КР УИАнын Автоматика институтунун директору, 2000-2003-жылдары Ош технологиялык университетинин ректору, 2003-2006-жылдары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин ректору кызматтарында эмгектенген.

2006-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика институтунун долбоорлор боюнча илимий жетекчиси, 2008-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын УИАнын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун директору, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын УИАнын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун Оптималдуу жана санариптик башкаруу системалары лабораториясынын башчысы болгон.

Академик Жаныбек Шаршеналиев — көрүнүктүү окумуштуу, техникалык кибернетика, автоматтык башкаруу теориясы жаатындагы илимий мектептин жетекчиси, илимдин ири уюштуруучусу, таанымал педагог жана белгилүү коомдук ишмер.

Академик Жаныбек Шаршеналиевдин жана анын окуучуларынын илимий жетишкендиктери космостук техникада, кеме курууда, энергетикада, компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар жаатында кеңири колдонулат.

1985-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча докторлук диссертациясын коргогон, 1987-жылы профессор наамына ээ болгон, 1989-жылы Жаныбек Шаршеналиев Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ал эми 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган.

Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө 350дөн ашуун илимий иштери жарыяланган, анын ичинде 17 илимий монографиясы, 10 автордук күбөлүгү жана КРнын ойлоп табуулардын жана күбөлүктөрдүн 20 патентинин автору.

Ал илимдин 20 докторун жана 27 кандидатын даярдаган.

Жаныбек Шаршеналиев УИАнын астындагы МТжАнын диссертациялык кеңешинин мүчөсү, «Автоматиканын жана башкаруунун көйгөйлөрү» илимий-техникалык журналынын башкы редактору, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү көптөгөн журналдардын редколлегиясынын мүчөсү. Кыргыз ССРнин ЛКСБКнин ардак грамоталары, С. И. Вавилов атындагы ЖЖТЖ жабдык куруу өнөр жай борбордук башкармалыгынын Президиумунун Ардак грамотасы, СССРдин  жана КРнын илимий-техникалык коомчулугунун Ардак  грамоталары, «Эмгек ветераны» медалдары, ССАА Совет комитетинин президиумунун медалы, Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы, Кыргызстандын профсоюздарынын Федерация Советинин Президиумунун Ардак грамотасы, 3-даражадагы «Манас» ордени, РОСНАА «Азия жана Африка жылдызы» медалы, «Улуу Петр» ордени менен сыйланган.

Ал «СССРдин Жогорку билим берүүнүн отличниги», «СССРдин ойлоп табуучусу», «КР илимине эмгек сиңирген ишмери», Казакстан Республикасынын Илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, И. К. Ахунбаев атындагы Академиялык сыйлыгынын лауреаты, Ардактуу доктор, Кыргыз Республикасынын 9 университетинин профессору наамдарына татыган.

Жаныбек Шаршеналиев туугандарынын, жакындарынын жана элибиздин эсинде дасыккан илимпоз, үлгүлүү жетекчи катары түбөлүккө калат.

Үй-бүлөсүнө, балдарына, неберелерине жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

Т. Т. Мамытов, А. Э. Новиков, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, Г. С. Калиева, Э. Ж. Сурабалдиева, Р. А. Сабиров, С. С. Касмамбетов, Б. А. Аманбаев, Г. С. Молдобекова, К. М. Жумалиев, Д. А. Жумабеков, М. К. Жээнчороев, Садык Шер-Нияз, К. С. Бокоев, А. Б. Бейшеналиев, Ж. К. Сагынбаев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, А. М. Бузурманкулов,  М. С. Жуматаев, О. А. Тогусаков, А. А. Акматалиев, К. Ч. Кожогулов, И. А. Ашимов,  А.А., Айдаралиев, И. Т. Айтматов, Ж. А. Акималиев, У. А. Асанов, А. Б. Бакиров, А.А. Бөрүбаев, Р. Ж. Женчураева, С. А. Жумабеков, А. Жайнаков, Ш. Жоробекова, А. Ч. Какеев, Т. К. Койчуев, Д. К. Кудаяров, А. А. Кутанов, М. М. Мамакеев, М. Т. Мамасаидов,  М. Мамытов, А. М. Мурзалиев, Б. Мурзубраимов, В. И. Нифадьев, В. М. Плоских, А. Раимжанов, Т. С. Садыков, С. Ж. Токтомышев, Б. А. Токторалиев, А. Э. Эркебаев, М. М. Кидибаев, С. Ж. Мусаев, Б. К. Тыналиева, М. Ж. Жаманбаев, А. О. Абидов, З. Б. Сыдыков.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер