НЕКРОЛОГ – СОБУРОВ КАНЧЫРБЕК

  • 05.04.2021
  • 0
НЕКРОЛОГ – СОБУРОВ КАНЧЫРБЕК

2021-жылдын 4-апрелинде 70 жашында биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Собуров Канчырбек Алгасиевич дүйнөдөн кайтты.

К.А. Собуров 1951-жылы Кыргыз Республикасынын Талас областынын Ленинполь районунун Үрмарал айылында туулган. 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетине тапшырган. 1973-жылы окууну аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы институтунда эмгек жолун баштаган. Бул мезгилдин ичинде ал улук лаборант кызматынан Тоолордогу адамдардын жана жаныбарлардын миграциясынын медикобиологиялык көйгөйлөрү эл аралык лабораториясынын башчысына чейинки жолду басып өткөн (1996-ж.). 2001-жылдан тартып аталган институттун Иммундук системанын физиологиясы лабораториясынын башчысы (азыркы учурда эксперименталдык жана колдонмо физиология лабораториясы) болуп эмгектенген. Ага 2003-жылы физиология, аллергология жана иммунология адистиктери боюнча биология илимдеринин доктору, 2007-жылы “Биология” адистиги боюнча профессор окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

К.А. Собуров Кыргызстандагы иммунологиялык изилдөөлөрдүн экологиялык багытынын негиз салуучусу болуп саналат. Анын илимий изилдөөлөрүндө иммундук статусту сактоо жана колдоонун фундаменталдык механизмдерин жана тоо шарттарына ыңгайлашуу процессинде организмдин табигый резистенттүүлүгүн изилдөө артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат. К.А. Собуров тарабынан иммунитеттин негизги параметрлеринин медикобиологиялык ченемдери жана Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган адамдардын HLA системасынын иммуногенетикалык маркерлери, тоодо жашоочулардын иммундук статусун баалоого карата мамиленин прициптери иштелип чыккан. Өзүнүн изилдөөлөрү менен тамеки өстүрүүчүлөрдү иммунокоррекциялоонун дээрлик жаңы натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууга жана киргизүүгө олуттуу салым кошкон.

К.А. Собуров Кыргызстандын тоолуу аймактарына ири 35 комплекстүү илимий экспедициянын жетекчиси жана жооптуу аткаруучусу болгон, Россия жана Болон университетинин (Италия) окумуштуулары менен эл аралык экспедицияларга катышкан. Ал тарабынан алынган маалыматтар биздин республикада гана эмес, жакынкы чет өлкөлөрдө да артыкчылыктуу болуп саналат.

К.А. Собуровдун чыгармачылык жана илимий ишмердүүлүгү 200дөн ашуун илимий эмгектерге, анын ичинде 7 монографияга, 8 методикалык сунуштамага жана ойлоп табууларга жалпыланган анын теориялык, эксперименталдык, колдонмо иштелмелерин мүнөздөйт. Анын редакциясы менен тематикалык жыйнактар жана монографиялар басылып чыгарылган. Анын эмгектери жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жарыяланып келген (Америка, Япония, Бангкок ж.б.).

К.А. Собуров бир нече жолу эл аралык иммунологиялык, физиологиялык конгресстерде жана симпозиумдарда илимий баяндамаларды жасаган. Анын методикалык сунуштамаларынын жыйынтыктары республиканын жана мурдагы Союздун 52ден ашык медициналык мекемесине, Айыл чарба министрлигине, ошондой эле республиканын тамеки комбинаттарында клиникалык практикага киргизилген. К.А. Собуровдун ишинин теориялык жоболору Кыргыз Республикасынын ар кандай ЖОЖдорунун окуу процессинде колдонулат.

К.А. Собуров Кыргызстандын Иммунологдор, аллергологдор жана иммунореабилитологдор илимий коомунун вице-президенти, КМШнын иммунологдор илимий коомунун жана КМШнын Аллергологдор жана клиникалык иммунологдор союзунун мүчөсү болгон, Аллергология боюнча дүйнөлүк уюмдун жана Эл аралык аллергологдор жана клиникалык иммунологдор ассоциациясынын (WAO-EAACI), ошондой эле Кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин, 2006-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын Эксперттик кеңешинин мүчөсү болгон.

Анын жетекчилиги алдында бир катар кандидаттык диссертациялар жакталган. Ал 4 изденүүчүнүн жана 3 докторанттын илимий жетекчиси болгон. Профессор К.А. Собуровдун изилдөөлөрүнүн теориялык жана практикалык маанилүүлүгү талашсыз жана окумуштуулардын кеңири чөйрөсүндө белгилүү.

Бардыгы К.А. Собуровду боорукер, сезимтал, чыгармачыл жана эрктүү идеяларга бай адам катары билишет.

Илимди өнүктүрүүгө, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы жана көп жылдан берки жемиштүү эмгеги үчүн ага “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы ыйгарылган.

Канчырбек Алгасиевич туугандарынын жана жакындарынын эсинде түбөлүккө калат. Үй-бүлөсүнүн, балдарынын, неберелеринин жана туугандарынын кайгысын терең бөлүшөбүз.

 

Жапаров С.Н., Мамытов Т.Т., Марипов У.А., Бейшеналиев А.Б., Букуев М.О., Койчуев А.К., Джуматаев М.С., Эркебаев А.Э., Мурзубраимов Б.М., Мамасаидов М.Т., Токторалиев Б.А., Тыналиева Б.К., Ташиев Ж.А., Омуров Н.К., Джусупбекова Н.С., Абдраева А.Т., Дюшеева Н.К.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер