НЕКРОЛОГ — БОТБАЕВА МИРА

  • 16.02.2020
  • 0

 Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоң жоготууга учурады. 2020-жылдын 15-февралында профессор, Кыргыз ССРинин Элге билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери Ботбаева Мира Махмутовна мезгилсиз дүйнө салды.

НЕКРОЛОГ - БОТБАЕВА МИРА

Ботбаева Мира Махмутовна 1927-жылы 18-октябрда Кыргыз ССРинин Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун Музтөр айылында төрөлгөн.

1956-жылы ал Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана топурак таануу факультетин аяктап, биология-химия мугалими адистигине ээ болгон.

Мира Ботбаеванын 40ка жакын эмгектери: монографиялары, окуу китептери жана окуу-методикалык адабияттары, ошондой эле 150дөн ашык илимий макалалары кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн.

Мира Махмутовнанын эмгек жолу 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарында Токтогул районундагы Сталин атындагы (кийинчерээк Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеп) мектептин 9-классын бүткөндөн кийин башталган.

Ал Чаткал, Ат-Ойнок тоо кыркаларынын, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн флорасы жана өсүмдүктүүлүгү боюнча бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча илимий макалаларды, монографияларды чыгарган.

1964-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетинин деканы болуп иштеген. 1967-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна ректор болуп дайындалган. 1973-жылы Фрунзе шаарындагы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер пединститутуна илим боюнча проректор кызматына которулган.  1993-1999-жылдары ушул окуу жайындагы биология кафедрасын жетектеген. 1985-жылы СССРдин ЖАК тарабынан профессор илимий наамы ыйгарылган.

Ал республикадагы Талас жана Жалал-Абад педагогикалык институттарынын кайрадан түптөлүшүнө өзүнүн салымын кошкон. Педагогикалык жана илимий ишмердүүлүктөн башка окуу жай жамаатынын жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан: Кыргызстандын педагогикалык илим-изилдөө институтунун алдындагы Координациялык кеңешке мүчө болгон,  райондук, шаардык, областтык жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эки жолку депутаты болуп шайланган.

Кыргыз ССРинин жогорку окуу жайларынын ректорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин илимий-техникалык кеңешиндеги биология секциясынын төрайымы болуп иштеген . «Эл агартуу» журналынын редколлегиясына жана Кыргыз Совет энциклопедиясынын редакциялык кеңешине  мүчө болгон.

Кыргызстан Компартиясынын 15-съездине,мугалимдердин республикалык жана бүткүл союздук съезддерине делегат болуп шайланган.

1990-жылы Кыргыз ССРинин Элге билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган. 2002-жылы “Даңк” медалын алган. Мындан сырткары түзүмдөр аралык бир нече медалдарынын ээси.

Мира Махмутовнанын эрудициясы, билими, илимге жана жаш муундарды тарбиялоого өтө берилгендиги, принципиалдуулугу, илимий-педагогикалык жетишкендиктери аны республикадагы көрүнүктүү илимпоз-ботаниктердин, систематиктердин, геоботаниктердин, педагогдордун катарына чыгарган.

Кыргызстандын илимий чөйрөсү, интеллигенциясы, жалпы эле Кыргызстандын эли Ботбаева Мира Махмутовнанын жаркын элесин түбөлүккө сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Исаков К.А., Ташиев Ж.А., Омуров Н.К., Джусупбекова Н.С., Мусаев А.И., Садыков К.Ж, Абдырахманов Т.А., Джаманбаев М.Дж.,Абдыкалыков А.А., Иманалиев Т.Т., Кудайбердиева И.О., Рысмендеев Б.Дж, Нургазиев Р.З.,Бийбосунов А.К., Чотонов М.М., Адиева А.А., Бегалиев М.А., Кулмурзаев А.А., Садыков Т.С., Нифадьев В.И., Акматалиев А.А., Кыдыралиев А.Т., Осмонкулова Г.О., Адамкулова Ч.У., Шаршембиев Р.Ы., Курманов У.Э., Маралбаев А.О., Кожобеков К.Г., Абидов А.О., Зулуев Б.М., Райымбаев Ч.К., Токторов Э.А., Усенов К.Ж., Зулпуев А.М., Абдылдаев К.К., Сияев Т.М.

Ботбаева Мира Махмутовна менен коштошуу зыйнаты 2020-жылдын 17-февралында саат 10.00дө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер