НАРЫНДЫКТАР МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛЫШАТ
- 15.06.2023
- 0
Ат—Башы районундагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен ваучердик окутуу программасы боюнча жолугушуу өткөрүлүп, аталган программанын негизинде медициналык академияга акысыз билим алуунун шарттары түшүндүрүлдү.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууну Кыргыз Республикасынынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчылары Э.Жанболотова жана У.Алыбаевдер өткөрүштү.
Белгилей кетсек, Нарын облусундагы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарынын жогорку билим алуусуна шарт түзүү максатында Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси жана буйругу менен ваучердик окутуу программасы ишке ашырылып жатат.
Программанын алкагында быйылкы окуу жылында 25 студент (ар бир райондон бештен студент) И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга жиберилет. Окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп берилет.
Медициналык академияга тапшыра тургандар Жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл менен өткөн, эң негизгиси окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин өзү жашаган районго дарыгер болуп кызмат кылууга каалоосу чоң жаштар болуусу керек.
Ошондой эле медициналык академиянын Нарын облусуна келип иштеп берем деген студенттери, ординаторлору да келишимдин негизинде программага катыша алышат.
Эске салсак, учурда районго 25 дарыгер жетишпейт. Райондук ЖДПБ башчысы Азим Ажибек уулу жаш дарыгерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер