НАРЫНДЫК ОКУУЧУНУН ЖЕҢИШИ
- 31.10.2023
- 0
Жакында Венгриянын Сегед шаарында информатика боюнча өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиадага Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы Нарын лицейинин 10 “а” классынын окуучусу Алихан Айдарбеков катышып, коло медалга ээ болуп кайтты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, дүйнөнүн 90 мамлекетинен 355 окуучу катышкан билим таймашында Алихан Айдарбековдун үчүнчү орунду камсыздап, жеңиш менен келиши нарындыктарды гана эмес, жалпы кыргыз элин сыймыкка бөлөдү.
— Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Алиханды ийгилиги менен куттуктап, Ыраазычылык катын жана белегин (планшет) тапшырды. Келечекте программист болууну максат кылган Алихан Европа өлкөлөрүндө билим алууну кыялданат. Ал учурда эне тилинен сырткары англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. 7-класска чейин Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектепте билим алган. Баарлашууда Алтынбек Эргешов Алиханга ата катары кеп-кеңешин берип, өзүн бир багытта гана эмес, ар тараптан өнүктүрүүгө, немец тилин дагы өздөштүрүп алууга аракет кылуусу керектигин айтып, кенен келечек каалады. Анын билим алуусуна шарт түзүп берген ата-энесине жана М.Субагожоев атындагы Нарын лицейинин мугалимдерине ыраазычылык жолдоду, — дейт билдирүүдө.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер