НАРЫНДЫК МУГАЛИМ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?
- 23.10.2024
- 0
Кепти алыскы Япониядан баштайын. Кызыгы ал жакта биздегидей Мугалимдер күнү жок экен. Бирок кимиси болбосун коомдук транспортто мугалимге орун бошотуп берет дешет. Соода кылчу дүкөндөр да товарын арзан баада сатып, иши кылып ишкерлердин ар бири мугалимге кызмат көрсөтүүнү өзү үчүн зор сыймык катары эсептешет тура. А биздечи? …
Кечээ эле Нарындын Кочкор районунан келдим. Педагогикалык окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган соң, өмүрүнүн 52 жылын агартууга арнаган, 30 жылдай башталгыч мектептин завучу болуп иштеген, ковид учурунда элдин балдарын кичинекей үйүнө топтоп билим берген, акыйкатты баарынан бийик койгону үчүн нечен жолу элдин ишенимине ээ болуп, ушу тапта да шайлоочулары кайрадан депутаттыкка талапкер катары көрсөтүп жаткан элеттик мугалим Айсалкын Уметалиеванын жашоо шартын көрүп жүрөгүм ооруду. Жок дегенде короосу тосулбаптыр. Айылдын уйлары ардагер мугалимдин жапыс тамын жөөлөп турат…
Эжей болсо, башынан ушуга көнгөнбү, айтор өз көйгөйүн айтпастан, дароо эле мектеп маселесин айтып кирди. Акыркы мезгилдерде билим берүү ишине такыр өз кесибин сүйбөгөн, окуткан предметин жөндөп билбеген жаштар келип жатканына кейиди.
— 1973-жылдан бери Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. 1993-жылдан тартып башталгыч класстын завучу болдум. Ошондо завуч болгонума 31 жыл болуптур. «Билим башаты — башталгыч класс» деп бекеринен айтылбаса керек. Канчалык баланы жакшы окутсаң, анын келечеги да жакшы болот тура. Мына менин окуучуларымдын арасынан эле эмне деген элге белгилүү инсандар чыкты. Алар менен ар дайым сыймыктанам! Тилекке каршы, акыркы жылдары мектеп окуучуларынын билим сапаты көз көрүнөө төмөндөп кетти. Нааразы болгонумдун себеби: жетекчилик билим берүү ишине көз салбагандан кийин, жетекчиликке билимдүү адам келбегендиктен, мектептин абалы ушу тапта дурус эмес. Мурунку директорлор чындыгында мугалимдердин сабагына катышчу. Анализ беришчү. Биз ошого көнүп калыппыз. Зоналдык ачык сабактар өтүлчү. Мен өзүм зоналдык ачык сабактарды жетектеп келдим. Азыр мунун бири жок. «Кадр маселеси көп нерсени чечет» дегенге дайыма ынанып келем. Анткени, убакыттын өтүшү менен сабатсыз директорлор келе баштады. Ал сабатсыз директорго педагогикалык кеңеште, «Бул жерде мындай кылыш керек» десең укпайт. Колунан иш келбегенин эптеп түшүрсөң, кайра эле башка айылга директор кылып коёт. Мисалы, Чолпондогу директорду Ара-Көлгө, Ара-Көлдү Тузга дайындай салат. Ошентип эле айланып жүрө беришет. Директорлордо жумуштан четтөө же жоопко тартылуу деген жок. Кийинки кездерде жаштарда дагы күндүзгү окугандарга караганда сырттан билим алгандар көбөйүп кетти. Мурда аттестация деген бар болчу. Аттестациядан канчасы өтпөй калчу. Азыр андай жок. Билим деңгээлине баа берүү деген жок. Райондук билим берүү бөлүмү мурда бардык ишти көзөмөлгө алчу. Сабагын жөндөп өтө албагандар сөгүш алчу, ал гана эмес жумушунан четтечү. Кийинки кездерде же компьютердик заман буздубу, мен деле кийинчерээк жакшы түшүнбөй баратам, ушундай терс көрүнүштөр көп болууда. Менин оюмча, жетекчилерди да мектептин ремонту мындай болот деп окутуу зарыл. Келди эле бүттү, ата-энеге үйүп коёт. Бу директор дегениң шумдук акылдуу болот экен! Бөлүп-бөлүп берип коёт. Он-он бештен болуп ата-энелер сырдайт, актайт, акчасын да чыгарат. «Ремонтко акча бөлүндү» дейт, ал акча кайда кеткенин билбейбиз. Келди эле беш колун салып башташат. Мектепке караштуу эки гектар жерибиз бар. Ошол жердин чөбүн алып, окуучуларга китеп жетишпейт, ошого жумшасак десең, жетекчилик буга түк маани бербейт. Жогору жактан «Мектепте акча жыйнабагыла» деп жатпайбы! Болбой эле жыйнап жатышат. Амалкөй кишилер айласын табат турбайбы! Ата-энелер комитети деген бар. Ошол аркылуу жыйналат. Ремонттун акчасын сурасаң, жаман көрүнөсүң. Бирок мен сурайм. Аябай жаман көрүшөт. Быйылкы жылы мектеп ремонту ата-энелердин күчү менен бүттү. Чоң класстардын кээ бир мугалимдери директорго жакшы көрүнүп, «Сыр алдык» дешет. Сыр алганын деле көргөн жокпуз. Ата-энелердин кээ бири миң сомдон, айрымдары бир жарым миңден бердик деп атышат. Мисалы менин тогузунчу класстагы небере кызыма ремонтко деп миң сом бердик. Класстын баарын сырдатып, терезе пардосуна чейин алып берген соң, ал жерге башка классты киргизип коюшту. «Ай кудай урбадыбы, бул класс өзү окуш керек да, мынча эмгек кылгандан кийин?!» десем, ата-энелер да кошоматчы: «Эч нерсе болбойт! Алса ала берсин!» дешти. Билим ордосундагы ушундай кемчиликтерди бирден санап көрсөтүп райондук билим берүү бөлүмүнө арыз жазып бардым. Бул жерге басып келбей эле, «Чөптүн акчасы мынча акча болуптур, ага буларды сатып алышыптыр» деп жыйынтык чыгарып койду. Аягында мен жалганчы болуп калдым. Бул жакка келип, жеринде таанышып, жыйынтык чыгарыш керек эле да? Андай болбоду. Муну башкалар деле «Чөптүн акчасы эмне болду?» деп айтып жатышат. Бирок педкеңеште эмес, артынан айтышат.
Эң эле кызыгы Айсалкын эже ушу күндө да башталгыч мектептин бардык ишине баш-көз болуп жатыптыр.
— Төрт жылдан бери завучтун акчасын албай калдым. Эмне болгонун билбейм. Бирок мурункудай эле эртең менен жети жарымда мектепке келип, балдарды тизип, гимнди ырдатып класстарга киргизем. Үйрөнгөн ишимди ушинтип эле аткарып жатам, — дейт.
Окуткан классына да бардык. Не деген көрсөтмө куралдарды өз колу менен жасаптыр. Болгондо да комиссия үчүн эмес, күнүмдүк сабакта пайдалануу үчүн жасаптыр.
Мээнетине, кайратына ыраазы болдум…
Окуткан окуучуларынын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рахатбек Ирсалиев баш болгон ондогон чыгаан инсандар бар экен…
Анткен менен нарындык ардактуу агартуучу өзүнүн ушул азыркы пенсия курагында да япон кесиптештериндей дүйнө кыдырбастан, мектепте иштейт. Айтуусунда өкмөттү аяп эки жыл мурун, 67 жашында, пенсияга чыгыптыр. Өзүн эмес, өкмөттү аяган адамды биринчи жолу көрүшүм!
Андай ак жүрөк адамды билсеңиздер айтыңыздарчы?!
P.S. Редакциядан: Агартуу ардагери Айсалкын Уметалиеванын айткандары боюнча тиешелүү органдар атайын иликтөө жүргүзөт деген үмүттөбүз.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», (Бишкек- Кочкор-Бишкек)
Комментарийлер