НАРЫН ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТАРЫНДА МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО
- 30.09.2022
- 0
Бүгүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасынын компьютердик тестирлөөсү өткөрүлөт.
— Ысык-Көл облусу:
Компьютердик тестирлөө Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өтөт.
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 120 талапкер катышат.
Ваканттык орундардын саны — 41.
— Нарын облусу:
Компьютердик тестирлөө Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өтөт.
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 45 талапкер катышат.
Ваканттык орундардын саны — 15.
Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бөлүшүү
Комментарийлер