НАРЫН ШААРЫНДА «ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН – БИРИМДИККЕ!» ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

  • 02.12.2024
  • 0

Учурда билим берүү тармагында бир катар көйгөйлөр болуп жатат. Анын бир эле мисалы окуучулардын билим алууга өзүн-өзү өнүктүрүүсүнүн солгундашы. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жогорку, орто, кесиптик окуу жайлар, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарынын кызматташтыгын жакшыртуу учурдун кечиктирилгис талабы болуп турат.

НАРЫН ШААРЫНДА «ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН – БИРИМДИККЕ!» ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ2024-жылдын 2-декабрында ушул көйгөйлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусунда, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин демилгеси менен «Өнүгүү үчүн – БИРИМДИККЕ!» аттуу ийри отуруп, түз кеңешкен тегерек үстөл иш-чарасы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Рыскүл Осмонова, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунан Касымбек Мамытов, Нарын облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо борбору, мектептердин директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, мугалимдер, бала бакчанын өкүлдөрү, мектептен тышкаркы уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, жеке менчик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

НАРЫН ШААРЫНДА «ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН – БИРИМДИККЕ!» ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮИш-чаранын өзгөчөлүгү катары  Астана шаарындагы Назарбаев Университетинин профессору, Канаданын Торонто Университетинен докторлук даражасын алган, Назарбаев университетинин  «Устат окутуучу», «Новатор окутуучу» жана «Окутуу лидери» сыйлыктарынын ээси, Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн мыктысы», Казакстан Билим берүүсүнүн «Алтынсарин» медалынын ээси, профессор Дүйшөн Шаматов  « Билим берүү кызматташтыгындагы эл аралык тажрыйбалар (жогорку окуу жайлар, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлары, мектептер жана бала бакчалар)» деген темада презентациясы болду. Мында ал кызматташуунун эл аралык тажрыйбалары, илимий изилдөө, силлабус, жаш мугалимдерге мотивация берүү, жасалма интеллект жана аны пайдалануу эрежелерине токтолду.

-Мен докладымда эл аралык тажрыйбаларга таянып, жогорку окуу жайлары, орто жана башталгыч окуу окуу жайлары, мектептер жана бала бакчалардын ортосундагы өнөктөштүк тууралуу баяндама жасадым.  Мугалимдерди даярдаган окуу жайлар менен мектептердин өнөктөштүгүнүн ролуна басым жасадым. Тилекке каршы, бул мекемелер көп жагдайларда бири-биринен обочолонуп иштешет.  Ошондой эле жаштарды мугалимдик кесипке үгүттөөдө мектептер менен ЖОЖдор кантип кызматташат, заманбап мугалимдерди даярдоодо педагогикалык окуу жайлар кандай өзгөрүүдө, заманбап изилдөөлөр кандай нукта өнүгүп жатат жана мугалимдерди даярдаган окуу жайлар окуу программасын замандын талабына жараша кантип өзгөртүп жатат, окуу программасы кандай өзгөрүүдө, кандай педагогикалык алдыңкы теориялар менен концепциялар окутулуп жатат, жана кайсы алдыңкы адабияттар окутулушу керек деген темаларды да камтып кеттим.  Ошондой эле ЖОЖдун окуу программасын оңдоодо жана ЖОЖду бүткөн жаш мугалимдердин мектепте кантип ийгиликтүү иштеп кетиши үчүн мектептер менен ЖОЖдор кантип кызматташат деген темаларды да талкууладык. ЖОЖдор жаш мугалимдерди мектепте иштөөгө жакшы даярдай алдыкпы деген суроолордун үстүндө иштөөсүнүн зарылдыгын суйлөштүк. Ушул иш-чараны уюштурган нарындык кесиптештериме абдан ыраазы болдум, -дейт профессор Дүйшөн Шаматов.

НАРЫН ШААРЫНДА «ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН – БИРИМДИККЕ!» ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮИш-чара катышуучулардын талкуусу менен уланып, бир катар кызматташтыктын стратегиялары сунушталып, жетишкендик катары билим берүү тармагынын өкүлдөрү Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусунда мектеп окуучулары үчүн пилоттук мектептерге заманбап тажрыйбаларга таянуу менен ийримдерди түзүү пландаштырылды.

Мындай ийримдерди түзүү менен ийрим жетекчиси болгон мугалимдерди автордук программа түзүүсүнө жетишүү жана изилдөө, талдоо жүргүзүү, сабактардын ыкмаларын жакшыртуу усулдары Нарын мамлекеттик университети, Нарын педагогикалык колледжи тарабынан берилмекчи. Мындай ийримдерди өтүүдө эки окуу жайдын студенттери ыктыярчы катары иш алып барышмакчы. Бул албетте, жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын ортосунда кызматташтыкты жакшыртаары шексиз.

Тегерек үстөлдө Нарын чөйрөсүндөгү жогорку, орто жана башталгыч курулуш окуу жайлары, мектептер жана мектептердин билим берүү уюмдарынын кызматташуусу талкууланды.

-Окуу жайлардын жардамы менен интеграцияланган ийримдерди уюштуруу идеясы мага аябай жакты. Себеби, мен көп жылдан бери мындай ийримдерди иштетип келем. Республикалык сынактардан байгелүү орундарды камсыз кылган учурлар абдан көп эле болду. Бирок, тилекке каршы атайын автордук окуу программасын түзүү ыкмаларын жакшы билбегендиктен бул багытта кыйналып жаткам. Бул жагын угуп абдан сүйүнүп жатам, — деген пикирин билдирди Нарын районундагы Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин физика-математика мугалими Медина Молдалиева.

НАРЫН ШААРЫНДА «ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН – БИРИМДИККЕ!» ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ-«Бөдөнө сойсо дагы касапчы сойсун» — деген кыргыз накыл кеби бар. Адатта кыргыз эли, кайсы бир ишти баштаардан мурда, кеп-кеңеш салып, анын оң тетирисин талдап анан башташчу экен. Учурдагы дүйнөлүк талаптарга салыштырганда, адистер аркылуу изилденип, талданып, адистердин бул багытта сунуш-пикирин эске алуу кадамдары турат. Биз жогорку, орто, башталгыч кесиптик окуу жайлар менен мектептер ортосунда байланышты чыңдоодо сунуштарын угуу үчүн алгач новатор-педогог агайыбыз Дүйшөн Шаматовду тандап алдык. Агай өзүнүн баяндамасында токтолгон баалуу сунуштарында эл аралык тажрыйбалар, аларда маанилүү фактор болгон илимий изилдөөнүн маанилүүлүгү, силлабус же окуу программалары түзүү, иш алып барууда жасалма интеллектти пайдалануу эрежелери, мугалимдерге анын ичинен жаш мугалимдерге мотивация жаратуу маселелерине кеңири токтолду. Мындай кызыктуу баяндама катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Дүйшөн агай эл аралык деңгээлде билим берүү системасын жакшы билген, андан сырткары кыргыз билим берүү системасынын маңызын өтө жакшы сезген адам катары ар бир билим берүү тармагы кетирип жаткан катачылыктарга, аны чечүүнүн жолдоруна токтолуп кетти. Баяндаманын маанилүүлүгү ушунда, тегерек үстөлдүн экинчи бөлүгүндө жалпы катышуучулар резолюция катары агайдын берген сунуштарын пайдаланып түзүп, келечекте стратегиялык багыт катары план иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ар тараптуу колдоого алууга кызыктар экендигин билдирди. Буюрса жакын арада пилоттук мектептерде STEAM багытында интеграцияланган ийримдер өз ишин баштап, ага окуу жайлар баардык тараптан колдоого алмакчы. Мында, ийрим жетекчиси болгон мугалимдин программасын ийине жеткирип, илимий жагын карап, автордук программа катары кабыл алуу жагы да каралды. Мындан сырткары кесиптик окуу жайлар, Салымбеков университетинин Билим жана инновация мектеби, «Алтын түйүн» балдардын инженердик техникалык Академиясы, Нарын облустук балдардын чыгармачыл борбору сыяктуу мекемелер  өз ресурстарын сунуш кылышты. Нарын мамлекеттик университети, Нарын педагогикалык колледжинин студенттери ийримди иштетүүдө волонтерлук негизде иш алып барышат,-деди Нарын педагогикалык колледжинин директору Казыбек Асылбеков.

Мындай иш-аракеттер келечекте кызматташуунун жаңы жолун ачылып, бири- бирин колдоо аркылуу бир социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Мугалимдерге мотивация берип, автордук жаңы идеялар жаралса, кесиптик окуу жайлары өзүлөрүнө керектүү адистиктер үчүн кызыккан келечек муундун өкүлдөрүн таап алууга мыкты шарттар жаралат. Окуучулар ийримдер аркылуу коомдогу кайсы бир көйгөйдү чечүүгө аралашуу менен өзүн коомдун татыктуу мүчөсү экендигине ынануу, өз алдынча маселе чечүү компетенциясы калыптанмакчы.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер