НАКЫЛГА КАРК УЛУТТУК НАРК ЖЕ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫНЫН ИШИ ЖӨНҮНДӨ ОЙ-ТОЛГОО

  • 10.04.2023
  • 0

НАКЫЛГА КАРК УЛУТТУК НАРК ЖЕ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫНЫН ИШИ ЖӨНҮНДӨ ОЙ-ТОЛГОО

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жакында Ысык-Көл облусуна барып, элдин көңүлүн улуттук нарк маселесине бурду. Элге жакты. Көл кылаасынан чыккан тарыхый инсандарды эскерип, калыс кадамдарын жана нарктуу сөздөрүн мисалга келтирип, азыркы доорго мындай мурас керек экенин айтты. Маселен, “Бири-бирибизге кол салбайлы, жол салалы!” деп Тилекмат акенин даанышмандыгы кыргыздар үчүн түбөлүктүү чакырык болуп кала берет.

Тээ, илгери, карып калган падыша үч уулун чакырып, ар бирине “казынага эмнени саласың” деген суроо бириптир. Биринчиси “топурак салам”, экинчиси “эгин салам” дейт. Ал эми үчүнчүсү “мен казынага элдин наркын салам” дегенде, элдик наркты сактаган, мындан ары элибизди ата-бабабыздын каада-салтын барктаган так ушул уулум башкарсын деп бийликтин эки тизгин бир чылбырын карматыптыр.

“Кылымдар бою кыргыздар идеологиясы жок эле жашап келди”, — дейт мамлекеттик катчыбыз. Ооба, жашап келди: конституция түзгөн эмес, хартия жазган эмес, концепция бекиткен эмес. “Манастан” өзгөчө бөлүп, “жети осуят” дегенди жаштарга жатка айткыла деп милдет кылган эмес. Моральный кодекс дегенди да чыгарган эмес. Жөн эле жашап келди. Анан ушунун баарынын башын кармап турган элдин наркы болду. Мында баары камтылган: улуттук баалуулук, каада-салт, үрп-адат, ар-намыс, укук ж.б.у.с.лар. Кыскасы, ага күнүмдүк жашообуздун эң маанилүү нерселеринин баары кирет. Менимче, накта “улуттук идеология” деген түшүнүк ошол!

Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов Ошко барганда, жергиликтүү калк менен жолугуп, улуттук нарк маселесине тиешелүү кебин андан ары улады. Бул жерден чыккан инсандардын таржымалын айтып берди. Алардын артында калган таберик сөздөр деле арбын экен. Курманжан датканын кичүү уулу Камчыбектин дарга асылар алдында “Өлүмгө тике кара, балам” деген улуу сөзүн эске салды. Дем берген сөз, муну менен кыргыздын эркектери майданда чыгышкан. Нарк өзөгүн түзгөн эненин сөзү. Мындайды Аристотель “катарсис” деп атаган (ал “тазалануу” дегенди түшүндүрөт). Бир сөз менен айтканда, рухту тазалоо.

Идеология деген так ушул – нарк. Идеологиясы жок улут болбойт. Элди эл кылган нарк. Түгөлбай Казаковдун “Улутман” телеберүүсүндө бир билерман “нарк” деген сөз которулбайт, ал кыргызга гана таандык касиети бар деп чечмеледи. Мындай логика менен кетип отурсак, жаңылышып калабыз. Эмне, башка элдин наркы жокпу, эч кандай улуттук баалуулугун жараткан эмеспи, салт-санаасы тайкыбы, ар-намысты билбейби?..

Буларда деле биздикиндей эле “нарк” деген түшүнүк бар, алар аны “идеология” дешет. Байыркы грек тилинен келген сөз: “түшүнүк, көрүнүш” деп которулат. Жашоодон чыккан көрүнүштөр, жашоого жараша түшүнүктөр. Мунун мааниси абдан терең, улуттук аң-сезимдин жаңырыгы. Ар бир элдин өз наркы бар. Ага алардын дили дагы, тили да кирет. Аны жасалма же жасакер аракеттер аркылуу ишке ашыруу кыйын. Муну азыркы ажолор буйрук менен жасабайт, муну азыркы арзыматтар аткаралбайт. Бул – табигый нерсе!

Өткөндө жылмыңдаган бир айым маданият министри боло калып, журналисттер гезиттердин ичин мусорго толтуруп салышты деп жар салган. Бийликке сын айткан сөздөр буга “мусор” катары көрүнүп калыптыр. Тилекке каршы, бийлик тепкичтерине жеткенде так ушундай көкөлөмө-көшөкөр маанай пайда болот окшобойбу. Бийлик тепкичинен шыпырылганда, баягы “мусор” дароо жоголот да, өздөрү таштандычаларга айлануу менен, Тилекмат акенин жолун издеп жөнөшөт.

Мамлекеттик катчыбыздын баштаган аракети жакшы, чечендик касиети бар экен, “оратор” деп коет мындай кишини. Өз милдетин туура түшүнөт экен. Бул кызматты эки президенттен кийин кыскартып салышкан, эми бешинчи президенттин доорунда кайра пайда болду. Адегенде мен деле ушунун кереги жок эле деп ойлогом, эл ушундай кызматтан  иренжип калган. Бирок ал туура келди, ордун тапты, элге жакты. Эми бул адамга ийгилик каалайбыз. Анын атасы да, энеси да кыргызга белгилүү инсандар, эмгеги сиңген ардактуу мугалимдер.

Кубан Мамбеталиев

Бөлүшүү

Комментарийлер