ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ЧӨЙРӨЛӨРДӨ ТЕХНОЛОГИЯЛАР КАНТИП КОЛДОНУЛАТ?

  • 28.11.2023
  • 0

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планына ылайык райондогу эң алдыңкы бала бакчалардын бири болгон “Керемет-Голбо” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Бала бакчадагы өнүктүрүүчү чөйрөлөрдө технологияларды колдонуу” аталышында райондук семинар жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ЧӨЙРӨЛӨРДӨ ТЕХНОЛОГИЯЛАР КАНТИП КОЛДОНУЛАТ?

Семинарга кенже, орто жана жогорку тайпалардын 30 тарбиячысы, ошондой эле бала бакчалардын 30 жетекчиси катышты. Семинарды өткөрүүнүн башкы максаты – бала бакчалардын тарбиячылары үчүн өнүктүрүүчү чөйрөлөрдү жандантуу менен бирге балдардын ар тараптан өнүгүүсүн камсыздоо, жаңы технологияларды окуу процессинде көмөкчү катары колдонууга жетишүү.

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ ЧӨЙРӨЛӨРДӨ ТЕХНОЛОГИЯЛАР КАНТИП КОЛДОНУЛАТ?

— Семинарды Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук каананын башчысы Назипат Эралиева ачып, жетекчилердин жана тарбиячылардын ишине ийгилик каалады. Андан соң Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Уланбек Рахманкул уулу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иш кагаздарды типтүү Жобого ылайык жүргүзүү боюнча жазуу түрүндө кенен маалымат берди. Бала бакча тарбиячылары Мурзахматова Гүлжамал орто тайпага, Узакова Айпери жогорку тайпага комплекстүү сабак өттү. Жыйынтыгында сабакка анализ берилип, ачык сабактын артыкчылыктары баса белгиленди. – дейт маалыматты жөнөткөн Ж.Абдиназаров.

Бакча жетекчиси Аида Сайдалиева “Спорт стекинг деген эмне?” аталышында сабак өтүп, бакчаларга киргизүү боюнча сунушун берди.

Ал эми “Креатив” билим берүү борборунун тренери, республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын менеджер-координатору Жеңишбек Абдиназаров “Балдардын интеллекттин өнүктүрүүдө нейрогимнастиканын пайдасы” темасында класстык чеберчилик өтүп, тажрыйба бөлүштү.

Семинардын катышуучулары бакчанын иш-тажрыйбасы менен таанышып, бала бакчага саякат кылышты. Семинар соңунда өтүлгөн материалдарды кайталоо, бышыктоо максатында онлайн тест алынды.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер