ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

  • 21.10.2024
  • 0

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы Байдалы Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейине директор болуп Бакыт Темиралиев бир жыл мурда барган. Бул убакыт аралыгында лицейде оңдоп-түзөө иштери жүрүп, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна көп мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

ЛИЦЕЙДИН ТАРЫХЫЙ ӨНҮГҮҮСҮ

№43 кесиптик лицейдин курулуш иши 1976-жылы башталып, 1979-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин токтому менен №43 СПТУ болуп негизделген. 1998-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик билим берүү ишин жүргүзүү укугу менен Шаршенбаев Байдалы Субанкулович атындагы №43 кесиптик лицейи статусу ыйгарылган. Учурда лицей айыл чарба адистиктери, маалыматтык технологиялар коопсуздугу, компьютердик тармактардын администратору, ашпозчу, наабайчы, кондитер жана тигүүчү кесиптери боюнча билим берилет. Жалпы аянты жети гектарды түзгөн лицей материалдык-техникалык базасы, окуу процессине ылайык заманбап жабдуулар жана инфраструктура менен камсыздалган. Окуу жайда окуу корпусу, ашкана, жатакана, мастерскойлор, китепкана, конференц-зал, компьютердик класс, спорт зал, театр жана “Кыргыз тиричилик буюмдары” “Эскилерге экинчи жашоо берүү” этномузейлери бар. Азыркы учурда лицейде 211 студент билим алса, алардын 26 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр жана реабилитациялык топтун мүчөлөрү.

ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Модулдук окутуу жана компетенттүүлүккө негизделген окуу программалары менен ишке ашат. Заманбап билим берүү менен айыл чарба, туризм жана маалыматтык технологиялар тармагында кесипкөй адистерди даярдоого багыт алууда. Кесиптик билим берүүнүн өндүрүштүк практика менен айкалышуусу өзгөчө мааниге ээ. “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты” кесибинин окуучулары күнөсканаларда органикалык жер семирткичтерди колдонуп, таза жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Бул азыктардан кышка керектелүүчү салат, кыямдарды даярдоо, азык-түлүктөрдү сактоо иштерине “ашпозчу” кесибинин окуучулары активдүү катышат. Айыл чарба багытындагы билимин тереңдетүү үчүн окуучулар жаныбарларды багып, азыктарын да өздөрү даярдашат. Ал эми “ашпозчу” кесибинин окуучулары лицейдин чарбасында багылган уйлардын сүтүнөн ар кандай сүт азыктарын даярдап, окуучулардын тамак-аш сапатын көтөрүүдө. Бул иш-аракеттер лицейдин окуучуларына келечектеги кесиптерине керектүү практикалык тажрыйба алууга мүмкүндүк берет. Ашпозчу кесибинин сапатын жогорулатуу максатында өткөн жылдын сентябрь айында “Манас Менеджмент Компаниясынын” «Бортко тамак даярдоо» бөлүмү менен меморандум түздү. Бул кызматташуунун негизинде “ашпозчу” кесибинин окуучулары өндүрүштүк окутууну өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, “Манас” аэропортунда өткөрүлгөн иш-чараларда кызмат көрсөтөт. Маселен, Талас аэропортунун ачылышында окуучулар фуршет уюштуруп, практикалык жөндөмдөрүн өркүндөтө алышты. Окуу жайдын айланасында күнөсканалар салынып, кышкысын дагы жер-жемиштер өстүрүлүп келген. Быйылкы жылдан тартып кулпунай өстүрүп киреше табууну көздөп, инновациялык технологиялардын жардамында кулпунай өстүрүүдө. Эми окуу жай кызмат көрсөтүү аркылуу гана эмес, жашылча-жемиштерди сатып да киреше таба алат.

ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫН САНДЫК ЖАНА САПАТТЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

Мекемеде жогорку квалификациялуу адистер: табигый илими боюнча биология билим багытынын бир докторанты, беш магистрант, алты Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн отличниги, эки Билим берүүнүн отличниги эмгектенет. Лицей педагогикалык кадрлар менен 100% камсыз болгон. Мугалимдер заманбап билим берүү ыкмаларын колдонуп, окуучулардын теориялык билими менен практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө басым жасайт. Мугалимдер кесиптик өнүгүү багытында тынымсыз өз билимдерин өркүндөтүп, квалификациясын жогорулатуу курстарына жана тренингдерге катышып келет. Лицейдин жамааты кесиптик билим берүү системасын өркүндөтүү үчүн медиа сабаттуулук, IT технологиялары жана чет тилдер боюнча курстарды жүргүзүп, заман талабына ылайык жаңы окутуу ыкмаларын ишке ашырууда. Мугалимдер жана окуучулар үчүн программалоонун негизги түшүнүктөрүн, концепцияларын үйрөнүүгө багытталган «Нөлдөн баштап программалоонун негиздери» курсу өткөрүлүүдө. Окуу процессинде программалоонун теориялык негиздерин өздөштүрүп гана тим болбостон, жаңы программаларды колдонуу жана иштеп чыгуу ыкмалары менен да таанышып, аларды өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР ЖАНА ДОЛБООРЛОР

Учурда лицей KOICA эл аралык уюму менен кызматташууда. Мунун алкагында былтыр Сеул шаарынан ыктыярчы-устат Мисс Ёнгми Мун келип, «ашпозчу», «тигүүчү», «айыл чарбасынын устаттары» кесибинде окуган 20дан ашык окуучуга корей тилди үйрөтүүдө. Окуучуларга бул тилди үйрөнүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Заманбап доска, проектор, окуу адабияттары менен жабдылган атайын кабинет бар. Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча Ёнгми Мун кесиптик лицейге “Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы «Акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууну” ишке ашыруу максатында жиберилген. Ал лицейде волонтердук иш-чараларды жүргүзүү менен кошо «ашпозчу» кесибинин окуучуларына корей ашканасынын түркүн тамактарын үйрөтүүдө.

ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАР

Кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев 4-октябрда Бишкек шаарында Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин катышуусунда уюштурулган маанилүү жыйында болду. Жолугушуунун максаты Кыргызстанда регбини өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин талкуулоо, ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын кызматташтыгын бекемдөө болду. Катышуучулар регби оюнун жайылтуу боюнча идеялары жана пландары менен бөлүшүп, өлкөдө спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Окуу жайдын директору жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы, регби боюнча машыктыруучу Николай Котляров Кыргызстандын регби оюнунун келечеги үчүн мындай иш-чаралардын маанилүү экендигин белгилеп, жаштарды регби сабактарга массалык түрдө тартууга шарттарды түзүү зарылдыгын, ошондой эле эл аралык деңгээлге улуттук курама командаларды чыгаруу пландарын айтышты. Негизги көңүл өнүктүрүү стратегияларына, оюнду жайылтууга жана машыктыруучулар менен оюнчулар үчүн окуу программаларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Бул жолугушуу Кыргызстанда кызматташуу жана регбинин өнүгүшү үчүн жаңы горизонтторду ачты. Катышуучулар биргелешкен аракеттер оюндун деңгээлин олуттуу жогорулатууга жана анын жаштар арасында популярдуулугун кеңейтүүгө жардам берерине, бул өз кезегинде Кыргызстандын эл аралык спорт аренасындагы позициясын бекемдөөгө жардам берерине ишеним билдиришти.

ӨНҮГҮҮГӨ БЕТ АЛГАН ОКУУ ЖАЙ

ОКУУЧУЛАРДЫН ИЙГИЛИКТЕРИ

Лицейде окуучулар үчүн медиа борбор түзүлүп, атайын иш кабинети бөлүнгөн. Окуучулар борборго өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, социалдык маанилүү окуялар, аткарылган иштер, өткөрүлгөн кароо-сынактар жана ийгиликтүү окуучулар жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз сайтка чагылдырууда. Медианын негизги принциптерин түшүнүп, жаңылыктарды туура берүү жана социалдык коммуникацияны башкаруу сыяктуу маанилүү көндүмдөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Мындан сырткары, медиа борбордун ишин илгерилетүү максатында тренингдер жана семинарлар уюштурулуп, окуучулардын медиасабаттуулугун жана маалыматтык технологиялар боюнча билимдерин тереңдетүүгө шарт түзүлүүдө. Алсак, быйыл Жамааттык медианын колдоосу менен СММ курсу уюштурулду.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер