ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ: КОНКРЕТТҮҮ ТАПШЫРМАЛАР

  • 30.11.2020
  • 0

Жарым ай мурун билим берүү тармагын жакшыртуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 14 алдыңкы жогорку окуу жайына 14 конкреттүү тапшырма берилген. Ал үчүн атайын долбоордук линиялар иштелип чыккан. Окуу жайлар бир айдын ичинде берилген долбоорлор боюнча өнүгүү багыттарын аныктап, министрликке тийиштүү сунуштарын бериши керек эле. Учурда университеттерде бул тапшырманы аткаруу үчүн тийиштүү иштер жүрүүдө.

 

ӨНҮГҮҮ БАГЫТТАРЫ: КОНКРЕТТҮҮ ТАПШЫРМАЛАР

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ

1-долбоор ушундай аталып, аны ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу багыттарды иштеп чыгуу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине жүктөлгөн. Долбоордун максаты — билим берүү тутумун натыйжалуу башкаруу жана билим берүү процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн билим берүүнүн бардык баскычтарында заманбап санариптик чөйрөнү түзүү болуп саналат. Университет бул долбоорду ишке ашыруунун жолдорун иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүп, 25-ноябрда ал топ “Билим берүүнү санариптештирүү. Кыйынчылыктар жана келечек” деген биринчи тегерек стол өткөрдү. Анда билим берүү программалары жана билим берүү стандарттары, Кыргызстандын ЖОЖдорунда IT багыттары боюнча даярдык деңгээли жана санариптештирүү боюнча иштин багыттары каралды. Мамлекеттик органдардын, IT компаниялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, республиканын жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана кызматкерлери баяндамаларды жасашып, санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана көйгөйлөрүн талкуулашты. Өзгөчө басым IT адистерин даярдоого жасалды.

– Министрликтин тапшырмасы боюнча атайын иш планын иштеп чыгып, бир катар иштерди жасап жатабыз. Алардын бири ушул тегерек стол. Анда билим берүү жаатында санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныктоого аракет кылдык. IT компаниялар илимий маселелерди чечүүдө: криптография, трафик жөнүндө маалыматты иштетүүдө жана маалыматтык коопсуздук жаатында университеттер менен кызматташууга даяр экендигин билдиришти. IT компаниялары адистештирилбеген университеттерде IT адистери даярдалып жаткандыктан, бүтүрүүчүлөрдүн сапаты төмөндөп кетти деп кооптонушуп, STEM жана робототехника ийримдерине басым жасап, мектептерде фундаменталдык окутуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Программисттердин сапаты мектептердеги негизги математикалык даярдыктан көз каранды экендигин дагы айтышты. Негизи биздин университет бир нече жылдан бери билим берүүнү санариптештирүү боюнча активдүү иш алып барууда. Мисалы, HiEdTech, ELBA эл аралык долбоорлору, “Алтын Түйүн” Балдардын инженердик академиясы менен иштеп, PhD программалары аркылуу информатиканы өнүктүрүү боюнча бир топ иштерди жасап жатабыз, — дейт университеттин проректору Мирлан Чыныбаев.

Планга ылайык, бул окуу жай билим берүүнү башкаруунун маалыматтык тутуму, эмгек акыны электрондук төлөөгө өткөрүү, электрондук лицензиялоо, билим берүү мекемелерине электрондук кабыл алуу сыяктуу компоненттерди активдештирүү жана аны ишке киргизүү аркылуу билим берүү уюмдарынын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоонун жол-жоболорун иштеп чыгышы керек.

Ата-энелер үчүн маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар электрондук журнал, күндөлүк жана студенттик китепчелер тутумун кеңири жайылтуу, бардык билим берүү мекемелеринде Бирдиктүү терезе принцибин киргизүү да каралган, ал үчүн «Жаңы мектеп – келечектин мектеби» программасын ишке ашыруу менен электрондук чөйрө (инфраструктура), электрондук мугалим, электрондук контент (электрондук билим берүү ресурстары), электрондук студент деген түшүнүктөр кирип, аны ишке ашыруу зарыл. Иштин жакшырышы үчүн ар бир окуу жайы жогорку ылдамдыктагы интернетке туташып, тийиштүү компьютердик, мультимедиалык жана башка каражаттар, санариптик билим алуу жана электрондук башкаруу тутумун иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон тармактык инфраструктура менен камсыз болушу керек. Аны менен бирге заманбап санарип дидактикалык окуу куралдарын иштеп чыгуу жана аны практикада колдонуу дагы зарыл.

 

“КЕЛЕЧЕКТИН МУГАЛИМИ”

Бул экинчи долбоордун максаты мугалимдердин натыйжалуу кесиптик жана инсандык өнүгүүсүн камсыз кылуу, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү деңгээлинде заман талабына ылайык келген, эмгек рыногуна жооп берген окуучуну даярдоого жөндөмдүү мугалимди калыптандыруу болуп саналат. Учурда бол долбоор боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте иш алып барууда.

– 19-кылымдагы жана 20-кылымдын аягына чейинки педагог кандай экенин баарыбыз жакшы билебиз. Азыр болсо заман башка, талап башка. Бүгүнкү базар экономикасында, глобалдаштыруу шартында заманбап педагог кандай болушу керек деген маселенин үстүндө иштеп, биринчи проблеманы аныктап, аны чечүү жолдорун таап, анан аны ишке ашырууга белсенишибиз керек. Албетте, азыркы педагог ар тараптан жөндөмдүү болушу керек. Ошондуктан биз азыр ишти ушул эки багыттан баштадык. Алгач мектепке чейинки мекемелердин тарбиячыларынын, мектеп мугалимдеринин жана ЖОЖ окутуучуларынын абалын изилдөө боюнча үч башка комиссия түздүк. Ар бир комиссиянын курамына Кыргыз билим берүү академиясынан бирден адис кошулду. Учурда маалыматтар топтолуп жатат. Буюрса, ушул үч багытта, бала бакчанын тарбиячысы, мектеп мугалими, ЖОЖ окутуучусу кандай болушу керек деген маселенин үстүндө иштейбиз. Жогорку билимдин биринчи баскычы катары кесиптик лицейлердин жана орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдерин дагы коштук. Мугалимдердин статусу, социалдык абалы, кесиптик деңгээли жөнүндө маселелер да көтөрүлөт. Буюрса, ишибиз жарымдап калды. Башка жогорку окуу жайлар менен дагы кызматташып, сунушпикирлерин алып жатабыз. Бизге дагы алардан каттар келүүдө. Жакында эле Кыргыз улуттук агрардык университетинен келди. Биз дагы аларга бир катар сунуш-пикирлерибизди бердик. Бул долбоорлорду ишке ашырууда ушундай маалымат алмашуу зарыл. Анткени башка окуу жайлардан жакшы идеялар чыгып калышы мүмкүн, — дейт университеттин окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаев.

Мугалимдик кесипке тартуу үчүн карьералык өсүштүн түшүнүктүү, ачык-айкын жана жагымдуу тутумун иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, алардын эмгек акысын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мугалимдеринин эмгек акысына теңдеп, жогорку пенсия менен камсыз кылуу дагы долбоордун ишке ашырылыш керек болгон жолдоруна кирген. Компетенттүү мугалимдерди тартуу жана аларды даярдоо үчүн педагогикалык адистикке тапшырган абитуриенттерге жана студенттерге болгон талаптарды күчөтүү дагы сунушталууда. Мектеп, баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку билим берүү деңгээлинде административдик жана башкаруучулук, методикалык адистердин арасында кадрлар резервинин тутумун киргизүү, билим берүүнүн бардык баскычтарында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн каражатты көбөйтүү, мугалимдердин окуу жүктөмүн өзгөртүү жана аларды педагогикалык милдеттерге кирбеген иштерден бошотуу дагы каралууда.

 

“ЗАМАНБАП ОКУУ КИТЕПТЕРИ”

 Заманбап окуу китептерин түзүү боюнча Кыргыз улуттук университетинин окумуштуулары иш алып барышууда. Алар окуучулардын предметтик билимин калыптандыруу үчүн эмес, келечекке даярдай турган окутуунун натыйжаларына басым жасап, 1-11-класстардын окуу китептерине бирдиктүү концепцияны жана талаптарды иштеп чыгышы керек. Окуу китептеринин мазмуну жана билим берүүнүн жыйынтыктары ачык, кеңири талкууланууга тийиш, ага бала бакчалардан тартып, мектептердин жана университеттердин мугалимдери, ата-энелер жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү милдеттүү түрдө катышуусу керек. Заманбап окуу китебинин концепциясына ылайык, окуу китептеринин мазмунуна коюлган талаптарды так сактоо жана аткаруу менен аларды чыгаруунун ачык-айкындыгын жана жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн окуу китептерин иштеп чыгуу механизмин өзгөртүү дагы зарыл.

 

БАШКА ЛИНИЯЛАР

“Сапаттуу билим” боюнча Борбор Азиядагы Америка университети, “Билим жана коом” долбоору боюнча мыйзам базасын инвентаризациялоо ишин Ош мамлекеттик университети жүргүзүп жатса, “Илимий өсүш” боюнча — Кыргыз мамлекеттик агрардык университети иштөөдө. “Технология жана билимдин мазмуну” боюнча — Борбордук Азия университети, “Эл аралык академиялык, студенттик мобилдүүлүктү камсыздоо” боюнча — Мамлекеттик башкаруу академиясы, өлкөнүн “PISA–2025” даярдануусу боюнча – Ала-Тоо университети (Кыргыз билим берүү академиясы жардам берет), “ЖОЖдордун рейтингин” түзүү боюнча – Бишкек мамлекеттик университети, “Окуу-методикалык колдонмолорду кайра карап чыгуу” боюнча — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, “Эмгек рыногун анализдеп чыгуу жана адистиктерге мониторинг жүргүзүү” боюнча – Кыргыз экономикалык университети менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы координатор болууда.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер