МЫКТЫ СААМАЛЫК

  • 11.01.2024
  • 0

Баткен облусундагы С.Огата мектеби жаңырган жылда 124 500 сомдук 468 китеп менен китепкана фондусун толуктады.

МЫКТЫ СААМАЛЫК

— Көптөн берки кыялыбыз, ойлогон ой максатыбыз иш жүзүнө ашып, башталгыч класстарды (1-4-класстар) 100% Моронун математикасы менен (1-2-бөлүк) камсыз кылууга жетиштик. Бул демилге былтыркы окуу жылынан бери Бувкалия Садыкова тарабынан көтөрүлүп, китеп алууну максат кылып келдик. Жыйынтыгы бүгүнкү күнгө келип жалпы суммасы 124 500 сомдук 468 китеп менен китепканабыздын фонду толукталды, — дейт китепканачы Назира Исакова.

Китепти алууга көмөк көрсөткөн ар бир башталгыч класстардын мугалимдерине, демөөрчүлөргө, кайрымдуу инсандарга, жалпы ата-энелерге, китепканачыга мектеп жетекчилиги ыраазычылыгын билдирет.

Маалымат үчүн:

2023-жылдын январынан башталган «Бир адамдан — бир китеп» акциясынын алкагында мектеп китепканасы жалпы 180 даана окуу жана адабий китептер менен камсыздалды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер