МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРГА ЖАГОО ТАГЫШТЫ

  • 15.09.2023
  • 0

Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар өспүрүмдөр уюмуна кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде уюштурулду.

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРГА ЖАГОО ТАГЫШТЫ

Салтанаттуу иш-чарага эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Жаңыл Чонбагышева, Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн депутаттар Кеңешинин төрөгасы Канат Умурбаев, ата-энелер комитетинин төрагасы Кожокмат Турдиев, ата-энелер жана жалпы мугалимдер жамааты катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, мектептин мыкты окуган окуучулары Аяна Мажитова, Чынара Эсенбекова, Али Кочкорбеков Кыргыз Республикасынын Туусун көтөрүштү.

 

Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору, КР Билим берүүсүнүн отличниги Асылкан Омурова келген меймандарды, ата-энелерди жана жалпы эле мугалимдер жааматын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар өспүрүмдөр уюмуна кабыл алына турган окуучуларды бул салтанаттуу күн менен кызуу куттуктады.

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар өспүрүмдөр уюмунун катарына өтүп жаткан алдыңкы окуучулар жолдошторунун, мугалимдердин жана ата-энелеринин алдында салтанаттуу түрдө ант беришти. Андан соң, алдыңкы окуучуларга жогоруда аттары аталган район жетекчилери жагоо тагышты.

Иш-чаранын соңунда келген коноктор жылуу пикирлерин айтышып, бул жагымдуу жөрөлгө жыл сайын уланып, мыкты окуучулардын саны мындан да көбөйө беришин каалап өтүштү.

Ал эми 3-4-класстарга “Сейтектин төрөлүшү”, 5-6-класстардын окуучуларына “Манастын уулу Семетей”, 9-10-11-класстар үчүн “Манас” эпосу баа жеткис мурас” деген темаларда  класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар өткөрүлдү.

Иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

 

Айчүрөк БАКТЫБЕКОВА,
Аламүдүн району,

Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиянын

директорунун тарбия иштери боюнча орун басары.

Бөлүшүү

Комментарийлер