«МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ-2024» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
- 06.11.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен уюштурулган “Мыкты мектеп ашпозчусу -2024” сынагынын финалдык туру болуп өттү.
Финалга ар кайсыл аймактардан мыкты деп табылган жети ашпозчу катышып, үчөө алдыга озуп чыкты. Алсак, 1-орунду Чүй облусундагы Новониколаевка инновациялык орто мектебинин ашпозчусу Людмила Стоногина багындырса, 2-орунга Нарын облусунун Бейшеев атындагы орто мектебинин ашпозчусу Назгүл Жунушова, 3-орунга Баткен облусундагы №3 “Охна” орто мектебинин ашпозчусу Наргиза Кичибаева татыктуу болду.
“Мыкты мектеп ашпозчусу-2024” номинациясынын ээси Людмила Стоногина 16жылдан бери Жайыл районундагы мектепте ашпозчу болуп иштеп келет. Айтымында, республикалык деңгээлдеги мындай сынакка алгачкы ирет катышкандыктан, жеңүүчү аталарын күткөн эмес. Ал болгар калемпиринен жасалган “крем-суп” тамагы менен башкалардан өзгөчөлөндү.
- Менде азыр өзгөчө сезимдер орун алып жатат. Кубанычтан улам өзүмдү коёрго жер таппай турам. Мыкты ашпозчу болуу үчүн көп аракет жасап, райондон алдыга чыктым. Сынактын шарты боюнча болгону 20сомго балдар үчүн пайдалуу, ошол эле учурда эч жерде жок, өз аймагымда өскөн жер-жемиштерден жасалган тамак ойлоп табуум керек эле. Ошондо мен ойлонуп көрүп, рецепттер китебинде көп кездешпеген кадимки болгар калемпиринен жасалган, витаминдерге бай крем-суп ойлоп таптым. Чынында, тамагым өзгөчө даамдуу жана кооз болуп чыкты. Жада калса, балдар да татып көрүп, болгар калемпири экендигин билген жок. Мындан ары да жаңы тамактарды ойлоп таап, өзүмдү өнүктүрүүнүн үстүндө болом, — дейт жеңүүчү.
Ушул эле сынакта 2-орунду ээлеген Назгүл Жунушова болсо “курваза” аталышындагы тамакты ойлоп тапкан. Ал автордук тамагын улам жасап, жакындарынан, кесиптештеринен дегустациядан өткөрүп отуруп, өзгөртүүлөрдү киргизген. Атүгүл, жер-жемиштердин тууралышына да өзгөчө маани берген. Оозеки суроолор келеби же меню түзүү керек болобу деген ой менен аларга да кылдат даярданган. Ашпозчунун эмгеги акталып, алдыңкы орундарга ээ болду. Бирок келерки сынактарга мындан да катуу даярданып, биринчиликти алсам деп тилек кылат.
Ал эми 3-орундун ээси Наргиза Кичибаева сынак жеңил өткөнүн айтып, даяр рецепттер берилгендиктен тараза менен иштегенди билген ар бир ашпозчу алып кете аларын билдирди. Ашпозчулук тармакта тогуз жылдык тажрыйбасы бар ашпозчу республика боюнча 3-орунду алуу да чоң жетишкендик дейт.
“Мыкты мектеп ашпозчусу -2024” сынагынын финалдык туру эки этаптан турду. Алгач ашпозчулар мектеп менюсу үчүн атайын жасалган ысык тамактарын тартуулашты. Тамактын даамын эле эмес, жергиликтүү ингредиенттерди жана чектелген бюджетти эске алуу менен автордук рецепттерди иштеп чыгышты. Экинчи этапта сунушталган азыктарды колдонуп, 20 мүнөттүн ичинде салат жана суусундук даярдашты.
Берилген тапшырмалар ашпозчулардын чектелген убакытта тамак жасоо жөндөмүн, чыгармачылыгын сыноого жардам берди.
Билим берүү министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу ар бир тамактын даамы, жасалгасы жана мектеп тамак-ашын даярдоо талаптарына шайкештиги боюнча баа беришти.
Сынактын жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө 50 000, 30 000 жана 20 000 сомдук жабдууларды сатып алууга сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылды.
Бул иш-чара окуучулар үчүн сапаттуу жана пайдалуу тамактардын маанилүүлүгүн белгилеп, мектеп тамак ашын колдоого жана өнүктүрүүгө, ал эми ашпозчулардын кулинардык жаңы ыкмаларды өздөштүрүүсүнө багытталган.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер