МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТУП АЛДЫ

  • 02.06.2024
  • 0

МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТУП АЛДЫСүйүнчү!  Таиланддан кулак сүйүнткөн кубанычтуу кабар келди.

Кыргызстандан бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу Париж олимпиадасына жолдомо утуп алды. Ирети менен баяндасак мындай болду.

МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТУП АЛДЫБОКС.  2-дүйнөлүк квалификациялык турнир Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан эле…

57 кг салмакта күч сынашкан МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ 2024-жылкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алып, Кыргызстандын күйөрмандарын кубандырды.  Бирок  бул жолдомо оңой келген жок, баары өз ордунда болуп, Мунарбек намыска жарады. Алгачкы беттеште ал италиялык Мишел Балдассинин 5:0 эсебинде бир добуштан калыстардын чечими менен жеңишке жеткен эле.  1/8 финалга чыгуу үчүн беттеште мозамбиктик мушкер Армандо Сигауканы  дагы Мунарбек жеңип алган.  Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон беттеште дагы уругвайлык Лукас Гарсияны дагы жеңип чыккан эле . Чейрек финалда дагы Азербайжандын өкүлү Шамиль Аскеровду  Мунарбек утуп алып, ишеним жараткан. Финалга чыгуу үчүн күч сынашууда украиналык Айдер Абдураимовго утулуп калып, үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу Индиянын өкүлү Сачинди бир добуштан жеңип, Париждеги Олимпиада оюндарына жолун ачты.

МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТУП АЛДЫТаиландга мушкерлер аттаанар алдында Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев кабыл алып, батасын берип, ийгиликтерди каалаган эле.

Париж олимпиадасына жолун ачкан Мунарбекти, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулун, улук машыктыруучу Улан Сагынбаевди, машыктыруучу Беганас Султанбаевди, Кыргызстандын  улуттук бокс федерациясынын президенти Умбетала Кыдыралиевди, өлкөбүздүн Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиевди, эл аралык экстра 3 жылдыздуу калыс Мукаш мырзаны жана жалпы кыргызстандыктарды куттуктайбыз!

МУШКЕР МУНАРБЕК СЕЙИТБЕК УУЛУ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТУП АЛДЫКабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер