МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ, №5 УЛУТТУК КОМПЬЮТЕРДИК ГИМНАЗИЯНЫН ДИРЕКТОРУ: “ГИМНАЗИЯ ЭЛЕКТРОНДУК ЗАМАНБАП МЕКТЕПКЕ АЙЛАНАТ”

  • 14.12.2017
  • 1

А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда “Электрондук мектеп” маалымат системасын түзүү аракети башталды. Учурда мектепте электрондук окуу китептерин түзүү боюнча окутуучу семинарлар өтүп жатат. Жакында эле мектептин жетекчилик кызматына келген Муратбек Касымалиев ушул багытта жасалып жаткан иштер жана гимназияны чыңдоонун, өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу “Кут Билимге” берген маегинде айтып берди.

МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ, №5 УЛУТТУК КОМПЬЮТЕРДИК ГИМНАЗИЯНЫН ДИРЕКТОРУ: “ГИМНАЗИЯ ЭЛЕКТРОНДУК ЗАМАНБАП МЕКТЕПКЕ АЙЛАНАТ”

 

 

 

 — Муратбек Касымалиевич, Сиздин бул мектепти жетектей баштаганыңызга бир аз гана убакыт өттү, ишти эмнеден баштадыңыз?

— “Улуттук” деп өзү эле айтып тургандай, биздин  гимназия чындыгында, кыргыз элинин эң мыкты атуулдарына билим, таалим-тарбия берген уюткулуу окуу жай.  Мындай мектепти жетектөө биринчиден, эң чоң жоопкерчиликти, экинчиден, көп эмгекти, жаңыланууну, изденүүнү талап кылат. Жетекчилик кызматка жаңы келген күндөн баштап эле жоопкерчиликти сезип, коомчулуктун, ата-энелердин, Билим берүү жана илим министрлигинин ишенимин актоого аракеттер көрүлүүдө. Алгач Гульмира Каримовнанын жетекчилиги астында гимназияны чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланып, жүргүзүлүүчү иштердин мазмунун түптөп чыгуу тапшырылган. Учурда өкмөттүн “Таза коом” программасынын талаптарына ылайык келген иштер аныкталып, ошол багытта иштеп жатабыз. Алар төмөндөгүлөр:

  1. Гимназиянын окуу планы. Гимназиянын окуу планын билим берүүнүн профилдик багыты боюнча оптималдаштыруу. Бул үчүн окутуу убактысынын жумалык жүктөмүнүн элективдик компонентин (тандоо боюнча предметтер) өркүндөтүү менен көбөйтүү жагын карап чыгуу. Бул учурда тандалып алынган предметтер, мисалы, англис тили, информатика предметтери электрондук варианттары менен коштолот да, билимди текшерүү компьютердик тестирлөөнүн жардамы менен жүргүзүлөт (Online режиминде уюштурса болот).

Ошентип, мугалимдин жетекчилиги астында электрондук окуу материалдардын негизинде гимназисттердин өз алдынча иштеп өнүгүүсүн камсыз кылуучу дидактикалык материалдар түзүлөт.

  1. Билим берүүнүн мазмуну – жаңы предметтик стандарттын негизинде электрондук билим берүү ресурстарынын жардамы аркылуу билим берүүнүн сапаттуулугун этаптар менен арттыруу жана жогорулатуу:

— азыр заман талабына ылайык ар бир мугалим маалыматтык система менен иштегенди билүүсү зарыл (электрондук окуу китебин түзүү, электрондук окуу китебинин ичинде динамикалык компьютердик тесттин варианттарын түзүү);

— ар бир мугалим окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн бир катар предметтер боюнча электрондук дидактикалык материалдарды түзөт жана бул материалдарды республиканын бардык мектептеринде кошумча окуу материалы катарында таратып колдонсо болот;

— ар бир мугалим билим берүүнүн сапаттуулугун текшерүү үчүн мониторинг жасоонун жаңы методдорун колдонушат (компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктарын жана предметтер боюнча оозеки сурамжылоонун жыйынтыктарын анализдөө). Бул аткарыла турган иштер билим берүүнүн сапатын арттырат.

  1. Окуу-тарбия иштерин уюштуруу – электрондук мектеп маалыматтык системасын багыттар боюнча оптималдуу колдонуу:

— бардык предметтер боюнча гимназисттин класстык электрондук журналын жана күндөлүгүн киргизүү (интернет сайт аркылуу ата-энелер окуучулардын күнүмдүк журналдагы жана күндөлүктөгү баалары менен таанышып турат, ошондой эле тигил же бул предметтер боюнча мугалимдердин көрсөтмөлөрүн окуп, окуучуга өздөрүнүн жардамын берип турушат);

— электрондук мектеп системасында гимназисттердин терезесинде ата-энелер менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кайтарым байланышты уюштуруу;

— мектеп ичинде гимназисттер үчүн Online режиминде электрондук китепкана түйүнүн түзүү (мында ар бир колдонуучу өз алдынча каттоочу логинге ээ болот);

— окутуунун жарым жылдык жыйынтыгы боюнча гимназисттерден жана ата-энелерден сурамжылоо аркылуу билим берүүнүн сапатынын жана ыңгайлуулугунун деңгээлин аныктап туруу.

  1. Гимназиядагы аткарылуучу илимий-практикалык жумуштар:

— тандалып алынган предметтерди окутуу боюнча окуу процессине илимий даражалары бар (илимдин кандидаттары, докторлор ж.б.) окутуучу педагогдорду тартуу. Булар илимий багыт боюнча тандалып алынган предметтин практикалык жактан колдонулушун тереңдетип окутуу боюнча окутуу иштерин алып барышат;

— гимназияда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн илимий кызматкерлер менен бирдикте илимий-педагогикалык эксперименттерди жүгүзүү;

— илимий-практикалык жыйынтыктарды кеңири жайылтуу максатында республикалык, эл аралык семинарларды өткөрүү жана катышуу.

  1. Өз алдынча билим алууну өнүктүрүү: гимназиянын электрондук билим берүү ресурстарынын негизинде гимназисттердин өз алдынча билимин жогорулатууга, Online режиминдеги окуу китептерин пайдаланууга, компьютердик тестирлөөгө катышууга шарт түзүү.
  2. Педагогикалык жамаат менен аткарылуучу жумуштар:

— предметтер боюнча окутуунун программаларынын деңгээлин аныктоо менен, алган билимдердин сапаттуулугун жыл ичинде текшерип туруу, б.а.  мониторинг жүргүзүү;

— ар бир мугалим менен үзгүлтүксүз окуу-методикалык иштерди жасоо жана багыттар боюнча өз алдынча билимин жогорулатуусуна көз салуу;

— педагогикалык жамаат менен электрондук билим берүү ресурстарын түзүү жана колдонуу боюнча активдүү жумуштарды алып баруу: компьютердик маалыматтык системада электрондук окуу китептерин, анын ичинде компьютердик тесттерди түзүп, колдонгонду билүү, алынган жыйынтыктарды анализдөө менен окуучуларга андан ары кандай окуп жыйынтыктарды жогорулатса боло тургандыгы туурасында кенештерди бере билүү, ата-энелер менен маалыматтык системанын негизинде тыгыз байланышты уюштура билүү;

— жамаатта ынтымактуу, жигердүү иштөө атмосферасын түзүү жана структуралардын иштөөсүнүн активдүү маалыматтык мейкиндикте макулдашылган ыңгайда жумуштарды алып баруусуна шарттарды түзүү.

  1. Сапаттуу билим берүүнүн алдыңкы жыйынтыктары:

— Республикалык олимпиадага активдүү катышып, алдыңкы жыйынтыктарга жетишүү.

  1. Гимназиянын материалдык-техникалык базасы:

— окутуунун заманбап талаптарына ылайык гимназиянын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо,  ошондой эле инвестиция тартуу тажрыйбасын анализдеп көрүп, практикалоо.

Жогоруда келтирилген гимназияны чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары «Таза коом» программасында коюлган жети базалык принциптерге негизделген жети максатка жана төрт стратегиялык милдетке  ылайык келет. Эгерде Улуттук компьютердик гимназия жогоруда айтылган максаттарды ишке ашыра алса, анда республика боюнча алдыңкы билим берүү мекемеси боло алат деп ойлойм. Бул багытта гимназия келип чыккан маселелерди көзөмөлдөбөстөн, алардын келип чыгыш себептерин анализдеп, алдын алууга милдеттендирет. Мында коюлган максаттар жана милдеттер билим берүү мекемесинин көрсөткөн сапаттуу базалык жыйынтыктарына негизделет. Негизги күч жана жакшыртуунун сапаты бүткүл мектеп системасынын макулдашылган жемиштүү иштөөсүнүн жыйынтыгы болот деп айтсак жаңылыштык болбойт.

Негизи педагогикалык жамаатта сөзсүз түрдө талкуу болуп турушу керек, антпесе эч кандай өсүш болбойт. Менимче, окуу процессинде түрдүү ойлор болуп, кайчы пикирлер айтылса, окутуунун сапатын жогорулатууда натыйжалуу өбөлгөлөрдү түзөт. Чейректер боюнча электрондук окуу материалдарын түзүп иштөө — талбаган эмгекти талап кылат. Жалпы педагогикалык кеңешмеде бардык мугалимдер менин платформамды колдошту деген ойдомун, себеби качан мугалим убактысын рационалдуу пайдалана алганды үйрөнгөндө гана чыгармачылык менен иштөөгө болоорун түшүнүүсү зарыл. Мугалимдер тарабынан түзүлө турган электрондук окуу материалдардын канча убакытты үнөмдөөгө болоорун түшүндүрө алдым деп ойлойм. Азыр 1-4-класстар, 5-7-класстар, 8-11-класстар боюнча түзүлгөн кафедраларда электрондук окуу материалдарын маалыматтык системага киргизүүнү үйрөтүү жумуштары жүрүп жатат. Кафедра башчылары үйрөнүп бүткөндөн кийин, системалык түрдө бардык мугалимдер үйрөнүп башташат. Мындай жумуш талбаган эмгекти талап кылат, себеби азыр өтүлө турган сабактардын мазмунунун электрондук вариантын жөнөкөй эле Майкрософт офисине киргизүүчү программалардын негизинде даярдап чыгуу этабы башталды. Кийинки этапта аны маалыматтык системага киргизүү иштери башталат. Азыр мугалимдер чейректер боюнча электрондук материалдарды даярдоонун үстүндө иштеп жатышат.

“Карысын сыйлоо” деген элибизде канга сиңген салтыбыз бар. Жамаатта жаштарга үлгү көрсөтө турган новатор улуу педагогдорубуз бар. Менин оюмча, жалпы педагогикалык жамаатка жүктөлгөн электрондук окуу материалдарын, компьютердик текшерүүчү тесттерди түзүү боюнча коюлган жумуштарды аткара алабыз деген чоң үмүтүм бар. Себеби бул коюлган талаптар мамлекетибиздин билим берүүдөгү сан ариптик атуулдарды даярдоодогу алдыга койгон эң маанилүү максаттарынын бири.

— Жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерди ишке ашырууга окуу жайдын материалдык-техникалык базасы  туура келеби?

— Чынын айтсам, мектептин компьютердик техника менен жабдылышы талапка жооп бербейт. Төрт компьютердик класс бар. Алардын эң алгачкысы 2006-жылы алынып келинген. Экинчи компьютердик класс 2008-жылы, кийинкилери 2010-жылы алынган. Эксплуатациялоонун мөөнөтү эреже боюнча беш жыл. Бардык тарабынан эскилиги жеткен компьютерлерди дагы деле болсо пайдаланып жатабыз. Программалык камсыздоолору азыркы талапка же жаңы түзүлүп жаткан стандартка туура келбейт. Компьютердик класстардагы компьютерлердин 30% гана иштейт. Мен ушул сиздердин гезит аркылуу бардык ишкерлерге, Улуттук компьютердик гимназиядан окуп, билим алып кеткен кыргыз элинин көрүнүктүү атуулдарына: “Азыркы учурда компьютердик техника боюнча камсыздалышы өтө жетишсиз абалда, ошондуктан колуңардан келишинче жардам бергиле, компьютер, ноутбук, видеопроектор, интерактивдүү доска менен жабдуу боюнча жардам бергиле”, — деп кайрылып кетет элем.

Жардам беребиз деген патриот атуулдарыбыз дагы жок эмес. “Газпром нефть Азия” компаниясынын генералдык директору Абилдаев Болот мугалимдерге электрондук окуу китептерин даярдоо боюнча “Мультимедиалык лабораторияга” 20 компьютер, вай-фай роутерлери менен алып бергени жатат. Бул биздин кайрылуубуздан кийин алган жообубуз болду.

— Бул алдыга койгон милдеттерди ишке ашырууда мугалимдердин дагы кесиптик чеберчилиги төп келиши керек. Азыр компьютердик техниканы колдоно албаган мугалимдер дагы жок эмес.

— Азыр бизде эң биринчи милдет билим сапатын жогорулатуу болуп жатат. Биз сапатка жетүүнүн жолдорун анализдеп чыктык. Алар төмөндөгүдөй:

— ар бир мугалимдин билим деңгээлинин жогору болушу жана өзүнүн багыты боюнча компьютердик технологияны колдоно билүүсү;

— окуу жылынын ичинде мугалимдердин окутуучулук билим деңгээлин аныктоочу педагогикалык жана психологиялык тесттерди жүргүзүү менен аларга кемчиликтердин үстүнөн иштөөдө методикалык жардамдарды көрсөтүү;

— мугалимдик орундарга конкурстун негизинде кабыл алууну уюштуруу;

— ар бир кафедрада модификацияланган окуу программаларын автордук программа деңгээлдерине жеткирүү. Бул программага ылайыкталган өздүк окуу методикалык китептерди чыгарууга жетишүү;

— окуучулардын билимин баалоонун алдыңкы методикаларын колдонуу;

— мугалимдердин билимин убактысы боюнча атайын курстарга жиберип өркүндөтүп туруу;

— окутуудагы алдыңкы жыйынтыктарды көрсөткөн мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатуу.

Жогоруда айтылган факторлордун баары билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеванын бардык билим берүү мекемелеринин алдына койгон, эмнеге жана кантип окутабыз деген негизги проблеманы чечүүдөгү жолдорунун бири деп эсептейм.

 

 

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер

Максат / 14.12.2017 23:07
Бул мектептин коллективи ото оор абалда. Мурат агай ишинизге ийгилик. Бардык мектептерге сиздей адамдар келсе онолот деген ойдобуз. Негизгиси окуучулардын санын кыскартыныз. Анан билим сапатын которууго болот. Компьютерди колдонгонду билбеген мугалимдердин бардыгын бошотунуз.