“МУРАС” ТУРНИРИН ПРЕЗИДЕНТТИН КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ
- 16.12.2024
- 0
14-15-декабрда Бишкек шаарындагы «Газпром» спорткомплексинде футзал боюнча «Мурас» турнири курч мүнөздө өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев билдирди.
14-декабрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын спорткомплексинде «Мурас» салттуу достук мелдешинин ачылыш аземи өттү.
Өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен өткөн турнирдин ачылышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, катышуучу командаларга ийгилик каалады.
Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышып, эки күн мөрөй талашты.
Алар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Ноокат» командалары күч сынашты.
Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган «Мурас-Аймак» мелдешинин жеңүүчүсү Оштун «Ноокат» командасы «Мурас» турнирине жолдомо алып кошулуп, атаандаштык жаратты.
Адаттагыдай эле мелдештин беттешүүлөрүн УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып көрсөттү.
Турнир Бишкек шаарынын Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын спорткомплексинде сырткары, «Газпром» дене тарбия жана ден-соолук чыңдоочу комплексинде өтүп, мыктылар иргелип, атаандашуу маанайында өттү.
Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулду.
15-декабрда турнирдин көңүл жубатуучу финалында — 3-орун үчүн беттеште «Ыйман» командасы «Жогорку Кенешти» 7-1 эсеби менен ишеничтүү түрдө жеңип алды. Ал эми, финалдык беттеште «Президенттин Командасы» «Достук» менен беттешип , 6-4 эсебинде утуп, баш байгенин ээси болду.
15-декабрда оюндардын аягында мамлекет башчысы спортто эң күчтүүсү жеңишке жетерин “Мурас” мелдеши дагы бир жолу далилдегенин айтты.
“Биринчи турнир башталганда менин командам биринчи болгон. Андан кийин эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү орунга түшүп калдык. Бүгүн мына кайра биринчи орунду алып олтурабыз. Оюн деген ушундай. Спортто күчтүүлөр жеңет. Демек, биздин команда жакшы даярданыптыр”, — деди Садыр Нургожоевич.
Ал команда үч жолу утуп алса, Кубок ошолордо калып, 1 миллион сом байгенин үстүнө дагы 1 миллион сом сыйлык бериле турганын эске салды.
Ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышкан мелдештин байге фонду 1 миллион сомду түздү.
Финалдык беттештен кийин дароо командаларды сыйлоо аземи орун алып, сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды.
Турнирдин жеңүүчүсү болгон “Президенттин командасы” 400 миң сом, чоң Кубок жана алтын медалдар менен сыйланды.
Экинчи орунду 300 миң сом жана күмүш медалдарды менен “Достук” командасы ээледи.
Байгелүү үчүнчү орунду алган “Ыйман” командасына 200 миң сом жана коло медалдар берилди.
“Жогорку Кеңеш” командасы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификатка ээ болду.
Ошондой эле үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары аныкталды.Турнирде 14 гол киргизген президент Садыр Жапаров “Мыкты бомбардир” аталды.
«Ыйман» командасынын дарбазачысы Султан Осмонбеков «Мыкты дарбазачы» сыйлыгына арзыды.
«Достук» командасынын оюнчусу Азимжан Кадыровго «Турнирдин мыкты оюнчусу» деген сыйлык ыйгарылды.
Ал эми жеке номинациялардын ар бир ээси 50 000 сом сыйлыкка ээ болду.
Быйыл май айында өткөн «Мурас» турниринин жеңүүчүсү саламаттык сактоо тармагынын “Ден-соолук” командасы болуп, 400 миң сом байге алган. Экинчи орунду “Коопсуздук”, үчүнчү орунду “Спорт чеберлери” командалары ээлеген.
Белгилесек, бул турнирдин негизги максаты — өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Андан сырткары, мелдеш өлкөбүздүн коомчулугунун ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталат. Турнир КР президентинин «2024–2034-жылдарга Кыргызстанда футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруунун жакшы мисалдарынын бири болуп саналат.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер