МУГАЛИМГЕ КОЛ КӨТӨРҮҮ — КЕЛЕЧЕККЕ КОЛ КӨТӨРҮҮ
- 08.04.2026
- 0
Агартуу министрлиги интернетте кеңири тараган видео боюнча расмий билдирүү жасап, Ош шаарындагы “Юниум” жеке менчик мектебинде болгон окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салган олуттуу маселе экенин белгиледи. Бул жөн гана бир мектептеги жаңжал эмес — бул бүтүндөй билим берүү системасына урулган сокку.
Окуя 2026-жылдын 9-мартында болгон. 1-класстын окуучусунун апасы мугалимди баласын урду деп айыптап, арыз менен кайрылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө мугалим окуучуга кол көтөрбөгөнү, тескерисинче, сабак учурунда класстан чыгып кетип, коопсуздугуна коркунуч жаралган баланы кайра алып кирип, тартипке чакырганы аныкталган. Бирок бул түшүндүрмөлөр ата-энени токтоткон эмес — ал мектепке келип, мугалимге кол көтөргөн.
Жабыркаган мугалим Анара Чалованын айтымында, окуучу мектептен сыртка, унаалар жүргөн көчөгө чыгып кетүүгө аракет кылган. Ал баланын коопсуздугун сактап калуу аракетин көргөн. Бирок жооп ордуна — ур-токмокко кабылган. Мугалим өзүн коргоо үчүн видеону коомчулукка чыгарууга аргасыз болгон.
Окуядан кийин эки тарап тең укук коргоо органдарына кайрылып, маселе соттук деңгээлге жетти. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эки кылмыш ишин козгоду: ата-энеге карата “Бейбаштык” беренеси менен, ал эми мугалимге карата “Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” фактысы боюнча.

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева бул окуяга катуу реакция жасап, ачык позициясын билдирди:
«Эч ким, эч качан мугалимге кол көтөрүүгө акысы жок! Бул — келечекке кол көтөрүү!»
Министрдин айтымында, мындай аракеттер бир гана мугалимди эмес, бүтүндөй билим берүү системасын басмырлайт. Ал укук коргоо органдары мыйзам чегинде чара көрөрүн жана мугалимдин укугу сөзсүз корголушу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле мугалимдердин статусун коргоо боюнча жаңы мыйзам долбоору дал ушундай окуяларды алдын алуу үчүн өтө зарыл экенин айтты.
Бул окуя коомчулуктун да катуу реакциясын жаратты. Социалдык тармактарда мугалимди колдогон пикирлер басымдуулук кылып, Карамолдо Орозов атындагы мектептин жамааты:
«Мугалимге кол көтөрүү — бул бир адамга эмес, бүтүндөй коомго каршы жасалган зомбулук. Бул — балдардын келечегине каршы кылмыш!» — деп билдирүү таратты.

Маселе Жогорку Кеңештин деңгээлинде да көтөрүлдү. Депутат Илимбек Кубанычбеков мугалимдерге өзгөчө мамлекеттик статус берүү зарылдыгын белгилеп, аларды коргоо маселеси кечиктирилгис экенин айтты. Анын пикиринде, мугалимге кол көтөргөн ар бир адам — ата-энеби, окуучубу же башка жаранбы — мыйзам алдында сөзсүз катуу жоопкерчиликке тартылышы керек.
Ошондой эле ал мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн системдүү чаралар талап кылынарын белгиледи. Атап айтканда, эмгек акыны жана социалдык колдоону жогорулатуу, жаш мугалимдерди турак жай менен камсыздоо, ийгиликтүү окуучуларды даярдаган педагогдорду мамлекеттик деңгээлде сыйлоо сыяктуу кадамдар мотивацияны күчөтөрүн кошумчалады.
Депутат укук коргоо органдарына кайрылып, мугалимдерге карата зомбулук фактыларына ыкчам жана катаал чара көрүү зарылдыгын белгиледи. «Мугалимге кол көтөргөн адам жоопкерчиликсиз калбашы керек. Бул башкалар үчүн да сабак болот», — деген ал өз сөзүндө.
Мындан тышкары, ал билим берүү тармагындагы учурдагы абалды тынчсыздануу менен белгилеп, мугалимдер көбүнчө корголбогон шартта иштеп жатканын айтты. Анын баамында, бул көрүнүш системалык кризистин белгиси. Ошондуктан мугалимдерди коргоонун так механизмдерин иштеп чыгуу жана ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.
Чынында бул бир учур менен эле чектелбейт. Акыркы жылдары мугалимдерге карата зомбулук фактылары көбөйүп жатканы тынчсыздандырат. 2026-жылдын башында эле Бишкек жана Ош шаарларында мугалимдерге кол салуу боюнча бир нече резонанстуу окуялар катталган. Мындай шартта мугалимдин статусу гана эмес, анын коопсуздугу да суроо жаратууда.
Өкмөт бул кырдаалга жооп кайтарып, мыйзамдарды катаалдаштырууда. Мугалимди мазактаган үчүн айып пулдар бир нече эсеге жогорулатылды. Физикалык зомбулук үчүн 100 миң сомго чейин айып же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул жоопкерчилик мындан да күчөтүлөрү айтылууда.
Бирок мыйзам канчалык катаал болбосун, коомдун мамилеси өзгөрмөйүнчө маселе толук чечилбейт.

Ушул окуялардан улам кыргыз коомунда мугалимдин орду тууралуу талкуу кайрадан курчуду. Белгилүү маданий ишмер Султан Раев илимий жана маданий интеллигенция форумунда көтөргөн маселеси дал ушул кырдаалга түздөн-түз үндөшүп турат. Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө:
«Өзгөрүүнүн анабашы — билим! Эмне үчүн экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, эки атом бомба түшүп, күл менен оттун ортосунда калган Жапония тез аралыкта өнүккөн өлкөгө айланды? Анын сыры билимде! Алар эң оболу мугалимдердин коомдук ордун, өлкө алдындагы жоопкерчилигин, сый-урматын жогоруулатты. Мугалимге министрдин айлыгын берди, дипломаттардын кол тийбестигин берди, Императордун сыйын берди… Мына, “Жапон керемети”! Биз да ошондой кадамга бара алабызбы?!»
Бул суроо — бүгүнкү Кыргызстан үчүн да эң орчундуу суроо.
Анткени бүгүн өлкөдө 94 миңге жакын мугалим эмгектенет, бирок ошол эле учурда 7 миңге жакын кадр жетишпейт. Коопсуздуктун жоктугу, коомдук басым жана урмат-сыйдын аздыгы — бул тармактан адистердин кетишине түрткү болууда.
Ош окуясы бир нерсени так көрсөттү: мугалимди коргобогон коом — өз келечегин коргой албайт.
Мектеп босогосунда зомбулукка орун болбошу керек.
Мугалимге кол көтөргөн кол — мыйзам алдында гана эмес, коом алдында да жооп берүүгө тийиш.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер