Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

  • 04.10.2025
  • 0

Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу аземге  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы  Адылбек  Касымалиев катышты.

Майрамдык иш-чаранын максаты — мугалимдин ролун — Кыргызстанды өнүктүрө ала турган жана анын келечектеги дараметин ишке ашырууга жөндөмдүү, сабаттуу, маданияттуу жана эмгекчил муунду тарбиялоодогу башкы звено катары көрсөтүү.

Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

“Жарык келечектин алтын өзөгү силердин — мугалимдердин колунда”, — деди өзүнүн куттуктоо сөзүндө МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев. — “Сиздердин ат көтөргүс эмгегиңер мамлекет тарабынан татыктуу бааланууга тийиш”.

Ушул күнү билим берүүнүн бардык баскычтарында баланын инсандыгын жана анын келечегин калыптандырган насаатчы катары мугалимдин ролунун маанисин ачып берүү; Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди, анын ичинде 12 жылдык окууга өтүүнү, заманбап технологияларды жана STEM-багыттарын киргизүүнү чагылдыруу; 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен байланышкан мамлекеттик стандарттарды жана окуу программаларын иштеп чыгууга катышкан мугалимдердин эмгегин белгилөө; Билим берүү реформасын ишке ашырууга зарыл болгон жаңы компетенцияларды калыптандырууга өбөлгө түзгөн педагогикалык кызматкерлерди колдоо; Мугалимдин эмгегинин маанисин коом алдында таанытуу аркылуу кесиптин кадыр-баркын чыңдоо жана жаш адистердин шыктануусун арттыруу; Өлкөнү өнүктүрүүгө жана жаратмандыкка багытталган жаңы муунду тарбиялоо үчүн мугалимдердин, ата-энелердин, коомдун жана мамлекеттин аракеттерин консолидациялоо милдеттери турат.

Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

 

Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

Жаркын келечек ачкычы мугалимдин колунда

Биринчи кабаттагы фойеде иш-чаранын аталышын чагылдырган пресс волл — фото аянтча жайгашса, экинчи кабатта мектепке чейинки ( этнопедагогика, STEM), мектептик (окуу китептери), мектептен тышкары кошумча билим берүү боюнча сүрөттөрдүн  көргөзмөсү уюштурулган. Экинчи кабаттын эки тарабында Кыргыз Улуттук консерваториянын квартети классикалык музыканы ойноп турду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер