МУГАЛИМДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОДЕКСИ
- 30.08.2023
- 0
- Биз улуттук педагогиканын, нарктуулуктун алып жүрүүчүсү катары сыймыктанабыз жана өз милдетибизди ак ниеттүүлүк менен аткарабыз.
- Биз ар бир окуучунун инсандыгын, кайталангыс жөндөмүн сыйлайбыз жана шек келтирбейбиз.
- Биз ар бир окуучуга ыңгайлуу, коопсуз шарт түзөбүз, адеп жана кесип эрежелерин сактайбыз.
- Биз окуучуларды жоопкерчиликтүү, адептүү, кайрымдуу жана мекенчил болууга тарбиялайбыз.
- Биз мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрөбүз, мугалимдин беделине шек келтирүүгө жол бербейбиз.
- Биз ар дайым кесиптик чеберчилигибизди жана жалпы илимий деңгээлибизди өркүндөтөбүз.
- Биз балдарды окутуп-тарбиялоонун сапатын эң жогорку деңгээлге жеткирүүгө умтулабыз.
- Биз ата-энелер үчүн ар дайым ачыкпыз, алардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алабыз. Күч – бирдикте !
- Биз жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтайбыз, ар бирөөнүн улуттук жана маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлайбыз.
- Биз бардык жат көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрөбүз жана өзүбүздүн жеке жүрүм-турумубуз менен үлгү болобуз.
- Биз эмгек тартибин так сактап, мектеп мүлкүнө аяр мамиле кылабыз.
- Биз өз мекенин сүйгөн мекенчил, адептүү жана нарктуу муунду тарбиялайбыз. Балдар – биздин келечегибиз !
Бөлүшүү
Комментарийлер