МУГАЛИМДИН ҮНҮН КИМ УГАТ?

  • 07.02.2018
  • 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Өлмөскан Атабекова атындагы №30 орто мектептин тарых сабагынын мугалими Муратбек Мурзаакимов super.kg порталынын «Элдик кабар» рубрикасына билдирүү жолдогон. Анын айтымында, мектепте 23 жылдан бери эмгектенет, бирок бул убакыт аралыгында мектептеги билим берүү системасында эч кандай прогрессивдүү өзгөрүүлөр байкала элек.

Буга байланыштуу ал өз ыктыяры менен райондогу мектептерди кыдырып, мугалимдердин мүдөөсүн угуп чыккан. Алардын баарынын пикири бир жерден чыгып, мугалимдерден чогулган ой-пикирлерди, талаптарды тизмектеп жазып, ал өлкө башчысына кайрылуу жолдогон. Ошол эле кезде “Кут Билим” гезитинин кабарчылары да мектептердеги абал тууралуу жетекчилерден, мугалимдерден сураштырып көрдү. Анда эмесе, окурман, элеттик мугалимдин кайрылуусун, ага карата социалдык тармакта жазылган айрым комментарийлерди жана жетекчилердин, мугалимдердин, жамааттын ой-пикирлерин, сунуштарын ортого салабыз. 

 

«Биз, Базар-Коргон районунун мугалимдери 2010-жылы да иш таштайбыз деп чыкканбыз. Мугалим качанкыга чейин кыйналып жашаш керек? Мугалимдердин ой-мүдөөсүн угуп чыктым, көп жылдан бери айтылып, бирок чечилбей келе жаткан эле көйгөйлөр айтылды. Ошентсе да биз аларды тизмектеп чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жөнөтүү аракетин көрүп жатабыз», — деди ал.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго

Мугалимдердин кайрылуусу!

Мугалимдердин эмгек акысы акыркы он жылдан бери көбөйтүлгөн жок. Эмгек акынын аздыгынан мектептерге жаш кадрлардын келүүсү жокко эсе. Кээ бир эл шайлаган депутаттар жумшак креслодо отуруп алып мугалимдерди «чабанга жана саанчыга окшоп калган» дешет. Мугалим татыктуу эмгек акы алса жарашыктуу кийинмек. Алган айлыгыбыз айдан-айга жетпейт, карыз болуп калабыз. Азыркы мезгилде мектепте иштеп жаткан жаш мугалимдер эмгек акынын аздыгынан чет өлкөлөргө жашоосун оңдоо үчүн кетип жатышат. Себеби алардын көпчүлүгү батирде жашайт. Балдары жаш, алардын келечегин ойлошууда.

Акыркы мезгилдерде мектептерде мугалимге тиешеси жок кагаз иштерин талап кылуулар жоосунсуз көбөйүүдө. Мугалимдердин эмгек акысы аз, ага карабастан убактысынын көбү кагаз иштерине кетет.

Айылдагы мектептерде иштеген мугалимдер араң дегенде 3-4 миң сом айлык алышат. Кээ бир атка минерлер ооздорун көптүрүп, мугалимдердин орточо эмгек акысы 13 миң сом дешет. Анда жогорку эмгек акысы канча болот?

Дагы бир орчундуу маселе — класстардагы окуучулардын санынын көптүгү. Кээ бир класстарда балдардын саны кырктан ашат. Мугалим ал класстагы балдардын үй тапшырмасын кантип сурайт? Кантип жетишет? Негизи бир класста 12 парта турат, ошондо бир класста 24 окуучу болуш керек. Көп мектептерде парта жана стулдар жетишсиз, эскилиги жеткен. Ошол класстагы балдар алты саат бою тикесинен тик туруп окушат. Алардын укуктарын ким коргойт?

Биздин райондо директорлордун көпчүлүгү пенсионерлер, эмне үчүн алар пенсиясын алып, ардактуу эс алууга кетишпейт? Анткени пенсия жашоого жетпейт.

Акыркы жылдарда мектептерге ар тараптан негизсиз текшерүүлөр көп болууда. Мектеп — бул жаш муундарга билим, тарбия бере турган билим уясы. Завод, фабрика же өндүрүш эмес. Билим берүү тармагын өзүнүн түздөн-түз текшере турган мекеме-уюмдары бар, ошолордон гана текшерүү келиш керек. Жогорудагы айтылган бардык ойлорго нааразы болуп, төмөндөгү талаптарды Кыргыз Республикасынын өкмөтү тез арада карап чыгып жыйынтык чыгаруусун талап кылабыз!

Талаптар:

  1. Мугалимдердин эмгек акысы тез арада каралып чыгып, татыктуу эмгек акы төлөнсүн.
  2. Мугалимдердин иштеген ставкасы жалпы билим берүү, окуу планынын сааттары кыскартылганына байланыштуу бир жумалык ставка 20 саат эмес, 16 саатка түшүрүлсүн.
  3. Класс жетекчилердин эмгек акысы (класс жетекчилиги үчүн) 2 миң сомдон кем болбосун.
  4. Дептерлерди жана башка текшерүү иштеринин акысы көбөйтүлсүн.
  5. Мугалимдерге эс алуу үчүн курорт жана санаторияларга жеңилдетилген жолдомолор берилсин.
  6. Мугалимдердин эмгек стажысы эске алынып, татыктуу пенсия төлөнсүн.
  7. Ар кандай органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөр токтотулсун.
  8. Класстагы балдардын саны 24 баладан ашпай тургандай шарттар түзүлсүн.

Соц.тармактагы комментарийлер

KGstan1981 түзөттү 2018-01-24 15:43:54 Kyzyke        24.01.2018. 16:02  +5 Жалаң эле УКМК, МВД да иштегендерге улам-улам турак-жай бере бербей, мугалим, врач деги эле жаш кадрлардын баарына батир менен камсыздап, шартын түзүп берсин деген талапты да кошуп койбопсуз.

HanTegin     24.01.2018. 17:17  +3 А класс жетекчинин жумушун айтпай эле кой. Бирөөнүн балдарын өз балаңдан артык карайсың. Ошондо да кээ бири ыраазы эмес. Ошого болгону 450 сом алат класс жетекчи үчүн. Кыскасы сөз көп….

Mikra 24.01.2018. 20:36  +2 Азамат мен да кошулам. Пенсионерлер айла жок иштеп атышат, жаш кадрлар айлык аз деп Россияга кетип жатышат. Айрыкча ашыкча иш кагаздар бизге поурочный план жазганга эффективный сабаккка мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошол кагаздарды кечке жазып отургандын ордуна план жазып, көрсөтмө курал жасаганыбыз жакшы болмок. Кагаздан башыбыз чыкпай, план жазбай сабак өткөнгө туура келет, кээ бир күндөрү, анан кантип билим сапат болсун. Поурочный план жазып даярданбай барсаң.

Nurbek_aika         24.01.2018. 22:00  +3 Туура мен да кошулам! Менин жубайым мугалим болуп иштейт. Былтыр окуусун бүтүргөн. Алган айлыгы 7000 сом. Эртеден кечкери мектепте, жазуу иштери аябай көп, түндөсү да кагаз иштер менен алектенип кеч уктайт. Бооруң ачыйт. Комиссиясы эле көп экен, кыйратып айлык берип койгонсуп, алар текшербейт деле мугалимдердин айлыгынан акча жеп кетишет экен. Бооруң ооруйт. Иштебе десем, отработка кылышым керек дейт. Калп айтпай чоңдор чындыкты айтса кана!??

Hotinhere123        25.01.2018. 02:38  +1 Мен да өз кесибим менен 1 жыл гана иштегем. Айлык акым 4 миң болчу. Кагаз иштери толтура. Эртеден кечке жүрөсүң. Азыркы заманда 4 миң 1 айга эмес 1 жумага жетпейт. Жаш үй-бүлөбүз, балдарыбыз жаш, үйүбүз жок, күнүмдүк тириликке да жетпейт. Андан көро кеттик Россияга деп келе бергенбиз(((

 

Марат Үсөналиев, Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы:

  • Мугалимдин милдеттери “Билим берүү жөнүндөгү”, “Мугалимдин статусу тууралуу” мыйзамдарында жазылуу. Эң биринчи, ар бир мугалим окуу жылынын башында календардык план жазат. Ал ар бир мугалимдин жумушчу инструменти. Экинчиден, мугалим-предметник сөзсүз өзүнүн даярдыгын көрсөтүп, сабактын окуу планын жазышы керек. Инструкция боюнча кандай гана мугалим болбосун сөзсүз бири-биринин сабагына катышат, ага атайын дептер уюштурат. Бул мугалимдин методикалык билимин жакшыртат. Ошондуктан ар бир тажрыйбалуу завучтар расписаниени түзөөрдө ортодо бош торчо (окошка)  коет.  Анткени ошол учурда мугалим ачык сабактарга катышат. Ушунун ичинде мектеп директору менен завучтун сабактары такай ачык сабак деп эсептелет. Ошол сабакка мугалим катышып, суроосун берип, үйрөнсө болот.

Айлык боюнча — илгери 18 саатка уруксат берчүбүз. Азыр тариф менен 30 саатка чейин ставканы көбөйтүп берилип жатат. Ошол бир ставка деп эсептелет. Эгерде буга чейин 75 миң мугалим болсо,  азыр 79 миңге жетти деп жатабыз. Эгерде жогоруда айтылган ставкага бир мугалим иштеп жатса, анда айлыгы жакшы. Айыл жергесинде “менин келиним бир же эки саатка кирип турсун” деп кайрылгандар жок эмес, ошондо ставканы үчкө бөлсө, анан айлыгы аз болуп калат да. Үчүнчүдөн, класс жетекчиликке дагы акча кошулат. Класс жетекчинин милдети — тарбиялык, класстык сааттын пландарын жазат, журналды толтурат, ошондой эле чейрек бүткөн сайын журналдын артында жазылган жыйынтыктоо сабагын өткөрөт. Жыл аягында ар бир окуучусуна мүнөздөмө жазат. Мындан сырткары жылына сөзсүз түрдө беш жолу ата-эненин чогулушун өткөрөт, ал дагы өзүнчө сабак.

Балдар мектепте тик туруп окубашы керек. Министрлик бүгүнкү күнгө мектептерди эмеректер менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Биз бүгүнкү күндө маалымат чогултуп жатабыз. Мисалы, Бишкекте бир класста 50 окуучуга  чейин окуп жатышат, бул ички миграциянын таасири. Башка өрөөнгө барсаң сегиз бала бир класста отурат. Бирок мыйзамда жазылуу ар бир бала 1-9-класска чейин бекер билим алууга укуктуу деп. Биз балдардын баарын 50 бала болобу, 8 бала болобу окутуп атабыз, бирок 12 парта деген маселе туура эмес. Муну изилдеп чыгабыз.

Пенсионерлер менен райондук билим берүү бөлүмдөрү келишим түзүш керек, эгерде тажрыйбалуу, сыйлуу мугалим болсо анда келишимди узартып коет.

Текшерүүчү көп деген маселе боюнча — бул эмненин негизинде текшерип жатат деп мугалим суроо бериш керек. Экинчиден, кандай гана текшерүү болбосун, ал буйруктун гана негизинде жүргүзүлөт.  Маселен, фискалдык органдар текшергенде келип бизге буйругун көрсөтөт. Себепсиз текшерүүлөр болбойт.

Мирбек Дюшембиев, Өмүр баатыр мектеби, Түп району, Ысык-Кол облусу:

  • Муратбек агайдын айткандарынын бардыгы 100% чындык экенин далилдейбиз. Мугалимдин акыркы учурда кагаз иштери менен көбүрөөк алек болуп, чыгармачылык менен сабакка даярданып, учур талабына ылайык билим берүүгө убакыттын жетишпегени бардыгыбызды түйшөлтөт.

Келечекте коомго пайдасы тийген татыктуу инсандарды тарбиялоодо мугалимдин таасири чоң. Чындыгында эле мугалимдин айлык акысы көңүл толоорлук деле эмес.

Мектеп администрациясы эртеден кечке чейин окуу-тарбия процессин үзгүлтүккө учуратпай, иш кагаздарын ирээтке келтирип, саат 8.00дон 17.00 го чейин тикесинен тик туруп иштегени аз келгенсип, кагаздын көптүгү, маянасынын аздыгын эсепке алуу менен мектеп администрация кызматынан көпчүлүгү баш тартышууда.

Учурда педагогдор үчүн мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, айлык акы жогорулатылса мугалимдер билим сапатын жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшап иштейт деген ишеним зор.

Бишкек шаарындагы №21 мектептин жамаатынын сунуштары:

  1. Мугалимдердин эмгек акылары көбөйтүлсө, башкача айтканда жогорку класстын мугалимдеринин саатынын жүктөмү 16 саатка эсептелсе (башталгыч класстардыкындай).
  2. Класс жетекчилер үчүн төлөнгөн акча 2000 сомдон кем болбосо.
  3. Класстагы окуучулардын саны 24 баладан ашпаса.
  4. Дептер текшерүүнүн, методикалык бирикменин жетекчисинин акчасы көбөйтүлсө.
  5. Мугалимдер үчүн турак-жай берүүдө ипотеканын пайызы 8%дан төмөндөсө.
  6. Коммуналдык төлөмдөргө жардам берилсе.
  7. Жаш мугалимдердин депозити жогорулатылса.
  8. Эң негизгиси ата-энелердин жоопкерчилиги күчөтүлсө. Мисалы, мектеп окуучулары үйдөн, көчөдөн, коомдук жайлардан тартип бузушса, биринчи кезекте ата-энелер жооп берсе.
  9. Пенсия жашындагы мугалимдер мектепте кадр жетиштүү болсо иштешпей эле коюшса, себеби окуучулардын билим  сапаты алар үчүн мааниге деле ээ эмес.

 Тургунбекова, №85 жалпы орто билим берүү орто мектебинин кыргыз тил адабият мугалими: 

  • Муратбек Мурзаакимовдун билдирүүсүн мен да окуп чыктым. Анда коюлган талаптар негизинен колдоого алууга татыктуу.

Бүгүнкү күндө мугалим ким? Мугалим-интеллекти жогору, жүрөгүн бала үчүн арнаган инсан. Мектептеги, коомдогу ар кандай көйгөйлөргө карабастан, жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия  берем деген адамдар гана мугалим болуп иштеп келе жатабыз. Мугалим жоопкерчиликтүүлүгү менен  өз кесибин сүйүп, жаш муундарга тарбия, билим бербесе, келечек муундардын татыктуу инсан катары калыптануусу  күмөн болоор эле.

Мугалимдердин түмөн түйшүктүү иши ата-энелер, коомчулук, мамлекет тарабынан  бааланып, агайдын койгон талабы ишке ашат деген үмүттөмүн.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

P.S.: Урматтуу окурман, талкууга катышыңыз. Ал үчүн kutbilim.kg сайтына кириңиз.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер