«МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИ КАДЫР-БАРКЫН ЖОГОРУЛАТАТ»

  • 01.12.2023
  • 0

"МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК  ЧЕБЕРЧИЛИГИ КАДЫР-БАРКЫН  ЖОГОРУЛАТАТ"

Райондо эки эмгек сиңирген мугалим, 434 билим берүүнүн мыктысы, эки Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээлси, алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдер менен тарбиячылар жаштарга үлгү болушууда. Билим берүү бөлүмү мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу аркылуу билим сапатын көтөрүү проблемасынын алкагында көптөгөн түйүндүү маселелерди өз алдына коюп, аны чечүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуу менен ишмердүүлүгүн арттырышат. Өзгөчө, коомчулукта мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен кадыр-баркын, аброюн көтөрүү алардын иш-аракеттеринин локомотиви. Мындай жагымдуу жаратымдар, педагогикалык кызматташтык, жетишилген ийгиликтер жаатында аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын жана «Мыкты жетекчи» наамынын ээси Сатарбаева Турум Сатарбаевна ой бөлүштү.

Турум САТАРБАЕВА,
Чүй облусундагы Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси:

Кыргыз коомчулугунун билим берүү тармагында көптөгөн жетишкендиктерди жаратып, билим сапатын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бөлгөн Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндөгү 50 жалпы билим берүүчү орто мектепте жана 32 мектепке чейинки мекемеде үч миңден ашуун кызматкер эмгектенип, 55 миңден ашуун окуучуга билим жана тарбия берип келишет. Анда беш инновациялык, беш лицей, үч жатак мектеп, үч жеке менчик жана бир сырттан кечки билим берүү мекемеси бар.

– Кесиптик чеберчиликти арттыруу менен сапаттуу билим берүүгө умтулуу – биздин башкы максатыбыз деп билем. Ааламдашуу айдыңы адамзаттын жашоосуна көптөгөн суроо-талаптарды таштап, ыкчам, креативдүү ой жүгүртүүгө багыттайт. Бул өңүттөн алып караганда балдарыбыз сабаттуу, билимдүү, коомдук өнүгүүдөгү алдыңкы технологиялык жетишкендиктерди колдоно билүүсү парз. Мындай философиялык ой түрмөктөрдүн эң алгачкы барагы мектептерден ачылат эмеспи. Ырас, билим берүүдө башкы фигура мугалим – окутуу механизмдеринин локомотиви. Мугалимдер жөнүндө канчалык жакшы сөз айтсаң, ал ошончолук жаңыдай туюла берет. Бекеринен ойчул Джон Локк «Бардык элдердин жыргалчылыгы балдарды тарбиялоодо болот”, — деп айтпаса керек. Дегеним, ушундай ардактуу кесип өз алдына жаңы милдеттерди да коюп келет, — дейт Т.Сатарбаева өз сөзүндө.

Ооба, кесиптик чеберчиликти жогорулатууда Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун курстарынан жыл сайын көптөгөн мугалимдер өтүп турушат. Район ичинде түрдүү семинарлар, тренингдер, жолугушуулар, педагогикалык окуулар, конференциялар үзгүлтүксүз өткөрүлөт.

– Өзгөчө, «Жаш мугалимдер», «Жаш класс жетекчилер» мектебинин түзүлүшү улуу муундар менен да кызматташууну жөнгө салат. Ал эми башталгыч класстардагы «Окуу керемет» долбоору 50 мектепте тең өз жемишин берип, алар ноутбуктар менен камсыздалды. Албетте, жетишкендиктер өтө көп. Мени Уфада М.Акмулла атындагы Башкортстан мамлекеттик педагогикалык университетинде окуп жаткан кечээги сокулуктук бүтүрүүчүлөрүм, бүгүнкү студенттер менен болгон жолугушуу өзгөчөтаасир этти, — деди бөлүм башчы.

Уфа демекчи, көп жылдардан бери Сокулук райондук билим берүү бөлүмү Уфадагы М.Амбулла атындагы Башкортстан мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташып келет. Өткөн жылдарда райондогу башталгыч жана жана жогорку класстардын орус тили, математика сабагы боюнча 70тен ашуун мугалим онлайн форматта тажрыйба алмашып, атайын сертификаттардын ээси болгон. Жакында Кыргызстандан тажрыйба алмашуу боюнча баргандардын курамында болгон Турум Сатарбаева иш сапар жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди:

– Билим берүү жана илим министрлигинин жолдомосу менен 22-24-ноябрда Кыргызстандан 22 адам Уфа шаарына бардык. Ал жердеги М.Амбулла атындагы Башкортстан мамлекеттик педагогикалык университетинде окуп жаткан сокулуктук 30га жакын окуучум менен жолуктум. Жолугушууда бир окуучум, студент: – Эжеке, биз окууну бүтүп барган соң, эң жакшы мектептерден орун бериңиз, — деп суранганы кубантты. Мен аларга бардык шарттарды түзүүгө аракет кыларымды билдирдим. Ошондой эле 2600 окуучусу бар №39 мектеп-гимназиядагы окуу процесси менен тааныштым. Өзгөчө мени төрт кабаттуу технопарк таң калтырды. Анда окутуунун өзгөчө технологияларын көрдүм. Мугалимдер, студенттер ошол технопарктан сабак даярдашат экен. Себеби заманбап ар түрдүү технологиялар менен камсыздалыптыр. Тажрыйба алмашуудагы жаңы табылгалар боюнча мугалимдер менен ой бөлүшүп келем. Уфада эң жакшы ийгиликтерди багындырып жаткан кыргызстандык студенттер менен сыймыктандым, — деди билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева.

Мугалим – коомдун күзгүсү дегендей, райондо мугалимдерди колдоо жана өткөрүлгөн түрдүү сынактарда сыйлоо аракеттери аркылуу алардын кадыр-баркын коомчулукта көтөрүүгө басым жасалат. Бул багытта райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Алина Качкынбаева төмөндөгүлөрдү баяндады:

– Жыл сайын педагогикалык кызматкерлердин эс алуусуна жана ден соолуктарын чыңдоого өзгөчө көңүл бөлүнөт. Үстүбүздөгү жылы 47 кызматкер Суусамыр өрөөнүндөгү «Байтур» эс алуу комплексинде, 160 мугалим Тоң районундагы «Красная гвоздика» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда, 60 кызматкер Ысык- Көлдөгү «Санат» пансионатында эс алып келишти. Мындан сырткары 10 мугалим Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз илимий-изилдөө курортология инстититунда дарыланышты. Облустук предметтик олимпиадада жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган 21 мугалим Ташкентте эс алып келишсе, 120 кызматкердин балдары Ысык-Көлдөгү «Илим» балдардын эс алуу лагеринде болушту. Мындан сырткары «Жыл мугалими» сынагында байгелүү орунду алгандарга өзгөчө белектер берилип кетет. Тактап айтканда, жакында Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев тарабынан облустук «Жыл мугалими – 2023» сынагында баш байгени багындарган Новопавловка гимназия орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Карлыгач Эсенгуловага Египетке жолдомо берилди, — деди А.Качкынбаева.

Ал эми билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Махабат Абдраимова окуучулардын билимдеги бийиктигин ачыктап, өткөн 2022-2023-окуу жылынын көрсөткүчүн төмөндөгүдөй билдирди:

– Жыл сайын билимдеги бийиктик жаралып келет. Алты бүтүрүүчү «Алтын тамгага» ээ болсо, тогуз бүтүрүүчү ЖРТдан 200 баллдан жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Облустук олимпиададан алты, республикалык олимпиададан эки окуучу жеңүүчү болду. Ошондой эле эл аралык олимпиадага №1 Фрунзе орто мектеп-лицейинин окуучусу Роза Мусабекова катышып, ийгилик жаратты, — деп кесиптештеринин оюн толуктады.

Окуучуларга заманбап билим берип, келечегин бекемдөөнүн үстүндө талыкпай чыгармачылык жигер менен талбай иш алып барып жаткан асыл мугалимдердин ишине зор ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Ибраим ЧОТОВ,
өз кабарчы, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер