МУГАЛИМДИН КАНЫН ИЧКЕН МИТЕЛЕРГЕ

  • 01.01.2023
  • 0

Фейсбукта бирөөлөрдүн «Кээ бир уюмдар сыйлык сатып жатышыптыр» деп жазганын көзүм чалганда, 40 жыл мугалим болуп эмгектенген атамды эстедим.

Атам бир да жолу башка кесипти аркалаган жок. Пенсияга чыгаарына аз калганда, бир күнү райондук билим берүү бөлүмүнөн «келип кетсинчи» деп бирөөлөрдөн айттырып жиберишиптир. Анда сотка деген жок, зымдуу телефондор да кээде иштесе кээде иштебей калчу.

Эртең менен эрте туруп, шашпай кырынып, кечинде өзү кырданта үтүктөп койгон эски кара костюм шымын, жакасынын өңү бир аз оңо баштаган көйнөгүн кийип, дайыма тагынып жүрчү кыйгач жолдору бар галстугун мойнуна тагып, чачын артка зыңкыйта тарап, «тройной одеколон» деген атырынан себинип алып районго кетти. Түшкө чейин эле кайра келип калды.

— Эмнеге чакырыптыр?

— Баланча сом анан бир кой берсеңиз сизге «Эл агартуунун отличниги» деген наам алып берели дейт.

— Сиз эмне дедиңиз?

— “Менде сен сураган акча деле бар, үйүмдө койлорум деле бар, бирок айтчы мага, эмне үчүн мен кырк жыл мектепте мугалим болуп иштеп, анан ошол сен айткан наамды пара берип алышым керек? Мен ошол наамга татыктуу болсом пара-сарасы, кой-пою жок жөн эле бергиле. А эгерде татыктуу болбосом миллион сом берсем да, кой эмес төө берсем да бербей эле койгула. Мен эртең элге, балдарыма эмне деп айтам? «Баланча сом менен бир кой берип наам алдым» деп айтамбы?» — десем, тиги мени чакырган киши: «Баары эле ушинтип алып жатышпайбы, биз тигил жакка бербесек алар бербей коюшат да. Эч ким деле билбейт сиздин бергениңизди», — дейт. «Наамын бербесе бербей эле коюшсун. Мага ал наамды эл берсин, окуучуларым беришсин. Мен үчүн ошолор берген наам бийик. «Эч ким укпайт, билбейт» дейсиң. Эч ким укпаган менен менин абийирим угуп, билип жатпайбы» дедим!

Атам сыйлайбыз деп чакыргандардын жосунун ушинтип күйүп-бышып айтып берди эле. Андан көп өтпөй эле пенсияга чыгып үйдө отуруп калды. Мен мектепте мугалим болуп 4-5 жыл иштегенимден кийин райондук «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, экинчи орунду ээледим. Ошол сынакты өткөрүүгө жооптуу болгон кызматкер ардак грамота тапшырып жатып: «Азамат, азыртадан «Эл агартуунун отличниги» наамына документтериңди даярдай бер», — деди.

Ошол заматта атамдын окуясы эсиме келе түштү.

Эл көп эле, менден кийинки сыйлык алчулар турушат. Эгерде убакыт тар болбогондо, грамота тапшырып жаткан адамга: «Кырк жыл мектепте иштеген атам албаган наамды беш жыл иштеп мен аламбы? Атама бергиле ошол наамды, мен ал наамды алгандай эмгек сиңире элекмин, ал деңгээлге жете элекмин. Мен ал наамды алам десем, атам кандай абалда болоорун элестете аласыңарбы?» — дейт элем.

Азыр атамдын окуучуларынын курагы 60-70ке барып калды. Алар мага жакшы мамиле кылып, ызатташат. Мени жакшы адам дешип сый мамиле кылып жатышты беле (алар менин кандай адам экендигимди деле жакшы билишпесе керек), алар атамды сыйлагандыктан, анын эмгегин баалагандыктан мага ошондой жылуу мамиле жасап жатышат да.

Атамдын окуучуларынын мага болгон жылуу мамилеси — мына ошол мен үчүн наам, мына ошол сыйлык.

Бул атама да мага да жете турган сыйлык, наам.

 

Бектемир БАГЫШКУЛОВ, мугалим.

 

АБИЙИР САТЫП АЛЫНБАЙТ

 

Жогорудагы баян Фейсбукка чыкканда, бир катар замандаштар өз ойлорун бөлүштү:

 

Зуура Мусраимова:

— Мен Жалал-Абадда 25 жыл билим тармагында иштедим. Билим берүү жаатында болуп жаткан туура эмес иштерди дайыма айтып тургандыгым үчүн менин документтерим өтпөй жүрдү. Кийин облустук мекеменин бир кызматкери 1000 сом жөнөтсүн, жөн эле өткөзөбүз деп айттырыптыр бирөөдөн. Андан да көп акча бере алам, бирок бербейм, себеби ошол кеңседе отурган баарынан акылдуу экенимди билем, айтып бар дедим.

Албетте, айтып барган жок, бирок ошентип албай койгонума ыраазымын.

 

Бүүзия Сулайманова:

— Эх, мугалимдер, мугалимдер… Силердин эмгегиӊердин ар күнү сыйга татыктуу. Ар бир ачык саатыӊар өзүнчө жакшы чыгарма, баа жеткис эмгек. Бүтүп кеткен окуучуларыбыз көчөдөн жакшы сүйлөп, ал-абалды сурап койсо эле терибизге батпай калабыз. Наамды чайкоо товар кылып, өтө баркын кетирип жиберишти го!

 

Анаркан Токбаева:

— Биз пенсияга чыгып кетип жатканыбызда медаль тагышкан. Жогору жактагылар 1000 сомдон берсин десе, тойбогон директорубуз бизден 1500 сомдон алган — 500 сом өзүнө экен. Биз дагы ошентип эле албай койсок болмок экен, эми аттиӊ кылып отурам.

 

Редакциядан:

Бул маселе боюнча Жолдош Турдубаевдин көп жылдар мурун жарык көргөн макаласын айрым кыскартуулар менен кайра чыгарууну туура таптык. Себеби андагы сунуштар колго алынса, азыркыдай нааразылыктар болмок эмес.

 

СЫЙЛЫК, НААМ СЫЙ-УРМАТТЫ АРТТЫРСА…

Учу-кыйырсыз асманда каалгый учкан айры куйрук сөөк көмүүгө бараткандарды баштаган төөчөн кишинин төшүндөгү жалтырак нерселерди көрүп таң калды.

Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан

 

… Он жылдай илгери бир жазуучу биздин редакциянын телефонунан эки-үч күн бою ар кайсы калемдештерине чалып: “Балакетиңди алайын, Түкүнчөке, мени колдоп койчу, жаманбы-жакшыбы, мен деле далай китептерди жаздым, Эл жазуучусу болсом арманым калбас эле?” – деп жалдыраган.

Илгери Ардак грамотадан тартып Ленин орденине чейинкилердин баары негизинен татыктууларга берилчү дешет эски муун өкүлдөрү. Өзү иштеген кесиптеги жетишкендиктери (мисалы, планды ашыра аткаргандыгы, жаңычылдыгы, демилгечилдиги, иш стажы үчүн өндүрүштүн алдыңкылары жетекчисинин, жергиликтүү бийликтин, андан ары партия менен өкмөттүн алкышына арзып, грамота алып, отличник, эмгек сиңирген ишмер (же кызматкер), Социалисттик эмгектин баатыры аталып, эч болбосо “Эмгек ардагери” деген төш белги тагынууга кызыкчу экен. Азыр да бул кызыгуу басаңдай элек. Бирок дал ушул сыйлык, наамдарга байланыштуу нааразылар көп.

Кечээ жакында маданият министри күн сайын 20 киши кайрылса, мунун 17си сыйлык-наам сурайт деди го. Кол ийрисине тартып, туугандарына, жердештерине, паралагандарга берип атышат деген даттануулар айтылып келет. “Отличник наамына документтеримди канча ирет даярдап бердим, улам эле кийинки жылга калтырышат”, – дейт бир эжей көзүн жашылдантып. Сыйлык, наамдар кимге, эмне үчүн, кандайча ыйгарылышы керек? Өтө кызыккандар мунун расмий жол-жоболорун жакшы билет. Эң негизги кадамдар: эмгек жамааты көрсөтөт (сунуш кылат), сунушту жактырса, сыйлыкты (же наамды) ыйгарууга укуктуу тийиштүү мекеме чечим чыгарат.

Мында ар бир даражадагы сыйлыкты алуу үчүн талапкердин тийиштүү деңгээлдеги ийгиликтери болушу зарыл. “Расмий эмес жол-жобосу да бар, – деп паракорлук жөнүндө кыйытышат айрымдар. – Элден эч артыкчылыгы жок, ортозаар эле немелер алып жатпайбы?” Айрыкча чыгармачылыкка жана илимге катышы бар адамдар элден өзгөчөлөнүүгө көп умтулат тура. “Сөз кыларлык эмгеги жоктор “Эмгек сиңирген”, элге тааныла албагандар “Эл акыны”, “Эл артисти” ж. у. с. аталууга жан талашып, өксүгүн толуктоого шашат, – дейт дагы бир агай. – Алыкул Осмоновдун Эл акыны деген расмий наамы болгон эмес, Касым Каимов менен Мурза Гапаров да мындайга кызыкпаптыр. Бирок ар кимге жалдырап, киши салып, партиянын улам бир съездинин же пленумунун чечимдерине тууралап халтура жазып, жаналекетке түшүп жатып наам алгандардын кимисинин чыныгы деңгээли буларга теңелет?”

“Мейли, “эмгек сиңиргенге” чейин жеткендерди сөз кылбайлы. Бирок ЭЛДИК деген сыймыктуу наамга аны алгандардын көбү татыктуубу? Эмгеги, чыгармачылыгы менен жалпы элге таанылуудан тышкары булар чыныгы элдик деңгээлде ой жүгүрткөн, эл камын ойлогон, улут келечеги үчүн чындап күйгөн инсандар болушу керек эмеспи?

Айрыкча бул талап Баатыр атагы барларга тиешелүү. 2005-жылы 24-мартка чейин оппозицияны сөгүп, төңкөрүш болгон күнү кечинде “жаңы бийликти колдойбуз” деп телеге чыга калган “элдиктерди”, кесиптик парзынан утурумдук саясый мүдөөсүн өйдө койгонго даяр, “ханзааданын” көзүн жактырып калган же улут тагдыры устаранын мизине коюлган опуртал кырдаалда бир ооз калыс сөзүн айтып коюудан качып, бугуп жатып алгандар кандайча “баатыр” аталат?” – дейт дагы бирөө.

Кезинде “Советтер Союзунун Баатыры” менен “Социалисттик Эмгектин Баатыры” наамдары бекеринен айырмаланып турбаган чыгар? 90-жылдардын башында Казат Акматов “элдик” ж.б. наамдарды расмий түрдө берген жарабайт, булар партияга көз каранды кылуу каражаты, чыныгы татыктууларды эл өзү баалап алганы оң деген. Ал сунуш өткөн жок, андан бери эгемен Кыргызстандын өз сыйлыктары, наамдары негизделди.

Жакында “Эл манасчысы”, “Чыгаан манасчы” наамдарын белгилөө керек дегендер чыкты. Балким, мунун баары керектир. Айрыкча агай, эжейлердин кадыр-баркын көтөрүү үчүн “Эл мугалими” наамы бериле баштаганы туура эле болду. Бирок кимге берип, кимге бербешти чечүүдө калыстык барбы? Субъективдүүлүк, кол ийрисине тарткан “өзчүлдүк”, паракордук бул сыйлык, наамдардын баркын кетирип тынбайбы? Сыйлык алган кишинин эле эмес, анын кесиптештеринин, жалпы элдин да сыймыгы болууга тийиш, биримдикке, тилектештикке өбөлгө түзүшү керек.

Таланттуу, эмгекчил кесипкөйлөр көзгө илинбей, ортозаарлар мактала, сыйлана берсе, мунун пайдасынан зыяны көп. Биринчиден, ар бир кесип өкүлдөрүнүн чөйрөсүндө, ар бир эмгек жамаатында нааразылык, кошаматчылык, ушак-айың жаатташууга, ич ара бөлүнүүчүлүккө алып келет. Экинчиден, коомдогу баалуулук багыттар (ценностные ориентации) бузулат, адеп-ахлакка сыйлыктар тескери таасир тийгизе баштайт: пара аркылуу алынган сыйлык, наам чын ыкластуу сый-урматты арттырбай, кер какшыктуу мамиле жаратат.

Мамлекеттик маанидеги сыйлык, наамдарды ыйгаруу эрежелерин дагы бир ирет карап чыгып, бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп ойлойм. Бул иштин жалпы улуттук, мамлекеттик маанисин эске алып, биринчи кезекте ачык-айкындыкты камсыздоо керек. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына республикадагы чыгармачыл иштеген ар бир мугалим жөнүндө дайым толукталып, такталып туруучу маалыматтар топтомун жайгаштыруу зарыл. Министрликтин жооптуу кызматкерлери ар бир отличник, эмгек сиңирген же ушундай наамдарга талапкерлиги көрсөтүлгөн мугалим тууралуу жетиштүү кабары болууга тийиш.

…Кайра куруу мезгили келгенде “Останкинодо” атактуу жазуучулар, артисттер менен катар элге кеңири таанылган жаңычыл мугалимдер менен да кездешүү өткөрүлгөн. Залдан: “Эмне үчүн эмгек баатыры сыяктуу наамдар, мамлекеттик маанидеги сыйлыктар мугалимдерге берилбейт?” – деп сурагандарга Виктор Шаталов минтип кайра суроо менен жооп берген: “Ушул залда отургандардан кимиңер өз кесиптештериңерди бул сыйлыкка көрсөтүүгө демилге көтөрдүңөр?”

… Мектеп жетекчилиги, райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы деңгээлинде кайсы эмгеги, өзгөчөлүгү үчүн кимдердин талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыгы, кайсы талапкерлер эмне үчүн тандалып, кайсылары эмне үчүн өтпөй калгандыгы элге көрүнүп турушу керек.

Чыныгы татыктууларды өз убагында көрсөтпөгөн, талапкерлигин четке кагып же кийинкиге сүрүп салган чиновниктер дароо жазасын алышы керек. Ошондо калыстыкка шарт түзүлүп, таарыныч, нааразылык азаят.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер