Мугалимдерге каршы укук бузуулар үчүн айып пул көтөрүлөбү?
- 21.11.2024
- 0
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында мугалимдерге каршы укук бузууларга айып пулдун көлөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрдү.
Депутат Мирлан Самыйкожо Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге 1000 сом айып пул салынарын айтып, анын суммасын көтөрүү керек экенин билдирди.
“Эртең дагы бири келип мугалимдин чачын жулуп кетет. Бул токтобойт. Окуучулар шылдың кылат. Ошондуктан өкмөт мыйзам долбоорун алып келсинчи”, — деди ал.
6-ноябрда №57 мектепте окуучунун апасы менен мугалимдин ортосунда болгон ызы-чуу коомчулукка чоң таасир калтырган.
Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деген маалымат тараткан.
Комментарийлер