МУГАЛИМДЕРГЕ “АЛТЫН КАЗЫК” БРЕНДИНДЕГИ НОУТБУКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
- 24.01.2025
- 0
23-январда Каракол шаарындагы STEM сабактарынын мугалимдерине “Алтын Казык” брендиндеги ноутбуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чара аталган шаардагы М. Горький атындагы мектеп-гимназияда өткөрүлгөн. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова катышты.
Салтанаттуу жыйында Каракол шаарынын мугалимдерине 192 ноутбук берилди. Бул окутуучуларга тапшырылган алгачкы партия. Ал эми кийинки бөлүгү жыл ичинде башка аймактык билим берүү мекемелерине берилет.
Эске сала кетсек, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган. Ата-мекендик ноутбуктардын техникалык жарамдуулугун Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия тыкыр текшерүүдөн өткөргөн.
Бөлүшүү
Комментарийлер