МУГАЛИМДЕР РЕМОНТ ИШТЕРИНЕ ТАРТЫЛБАЙТ

  • 14.03.2025
  • 0

Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер мектептердеги ремонт иштерине тартылбай турганын билдирди. Министр мугалимдердин негизги милдети — сабак берүү жана билим берүү процесси экенин баса белгиледи.

МУГАЛИМДЕР РЕМОНТ ИШТЕРИНЕ ТАРТЫЛБАЙТ

КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоп, түздөөгө 401 млн сом бөлүнгөн. Мындан ары утурумдук оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүү кызматтарына дагы каржылоо каралат. Бардык билим берүү башкармалыктарына кат жөнөтүү тапшырмасы берилген.

Ошондой эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мугалимдерди көчөлөрдү тазалоо же короону шыпыруу сыяктуу иш-чараларга тартуу мыйзамсыз экенин белгиледи.

МУГАЛИМДЕР РЕМОНТ ИШТЕРИНЕ ТАРТЫЛБАЙТ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер