«ЭЛ АГАРТУУ» ЖУРНАЛЫ МУГАЛИМДЕРГЕ СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

  • 04.03.2024
  • 0

“Кут Билим” медиа борборунун «Эл агартуу» журналы STEM технологияларын колдонуу менен өткөрүлгөн сабактардын иштелмелери үчүн республикалык сынак жарыялайт.

"ЭЛ АГАРТУУ" ЖУРНАЛЫ МУГАЛИМДЕРГЕ СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Сынак табигый илимдер боюнча сабактардын сапатын көтөрүү, STEM билим берүү багытын кеңири практикалоо, STEM инструменттерин жана ыкмаларын колдонуу менен предметтер аралык байланышты, алардагы предметтердин кесилишин бирдиктүү изилдөө, алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатын көздөйт.
Сынакка республика боюнча менчигинин түрүнө карабай бардык мектептердин мугалимдери, студенттер, магистранттар катыша алат (жаш курагы чектелбейт).
Сынактын материалдары 2024-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин кабыл алынат. Май айынын башында комиссия конкурска келип түшкөн материалдарды карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныктайт. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи май айынын аягында өтөт.
Конкурска катышуу акысыз. Ар бир талапкер сынакка бирден гана иштелме менен катыша алат. Конкурсанттар методикалык иштелмесин “Эл агартуу” журналына электрондук почта аркылуу ([email protected]) “Сынакка” деген белги менен жөнөтүүгө тийиш. Материалдар А-4 форматында 14 шрифт менен 5-10 барактан ашпашы керек. Катышуучунун жеке маалыматтары (аты-жөнү, иштеген мектеби, чөнтөк телефону) толук жазылышы шарт.
“Эң мыкты” деп табылган үч сабактын авторуна баалуу белектер ыйгарылат. Калган “Мыкты” деп табылган жети сабактын автору “Кут Билим” медиа борборунун Ардак грамотасы жана дипломдору менен сыйланат.
Иштелмелерди баалоо критерийлери:
– методикалык компетенттүүлүк: формасынын, мазмунунун, методдорунун жана жолдорунун окуучулардын курагына ылайык келүүсү;
– тандап алынган теманын актуалдуулугу;
– заманбап технологияларды колдоно билүүсү;
– классты уюштуруунун оригиналдуулугу.
“Эң мыкты” деп табылган иштелмелер “Эл агартуу” журналына жарыяланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер