МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

  • 10.02.2020
  • 0

(Сандан санга)

Эӊ башкысы мугалимдин өзүнө байланыштуу

Физикадан  окуучулардын билими начар. Сабакка кызыгышпайт.  Класстагы 25 окуучунун беш-алтоосу гана сабакка катышат. Бирок дискотека десе, бири  калбайт. Класстык ата-энелер чогулушуна эки-үч эле  ата-эне келет. Бул көрүнүшкө назар салып, кабатыр болгон эч кимди байкай албадым. Иши кылып күн өтсө болду…

Сен кашкайган чындыкты айтып жатасыӊ. Окуучулардын келечегин ойлоп жан дүйнөӊ күйүп жаткандыгын сезип турам. Колуӊдан келсе, бул жалынды өчүрбө! Ар бир мугалим сага окшоп жалындаса, бизде мектеп реформасы эбак ишке ашмак. Тилекке каршы андай эмес. Айрым мугалимдер айлыктын аздыгына шылтоолоп, ишке кош көңүл мамиле жасайт. Андайларга эптеп эле күн өтсө болду. Аларды балдардын келечеги кызыктырбайт. Мектепке текшерүү келет десе, “ооруп жатам” деп үйүнө жатып алат. Буга таң калуунун дале кереги жок.

Мектепте окуу процесси жакшы жолго коюлган болсо, окуучулар эч качан сабактан калбайт. Ата-энелер да баламдын билими аксап калбасын деп, баласын бейчеки сабактан калтырбайт. Окууга кызыкпаган окуучуну мажбурлап, сабакка келтире албайсыӊ. Окуучу себепсиз сабак калтырбаш үчүн анын окууга болгон кызыгуусун ойгото билишиӊ керек. Ал үчүн өз предметиӊди мыкты билүү менен,  сабакты окутуунун иновациялык технологияларын, усулдарын, ыкмаларын жакшы өздөштүрүп, аларды сабакта колдоно билгин.

Ар бир сабакта бир эле усулду же бир эле ыкманы колдоно берсеӊ, окуучулар тез эле жадап кетет. Андыктан колуӊдан келсе, сабакты ар кандай типте, ар кандай формада, ар кандай усулдарды, ыкмаларды колдонуу менен өтүүгө аракет жаса.

Мен мектепте жаӊыдан  иштеп жүргөнүмдө бир ата-эне: “Менин балам агай сабакты абдан кызыктуу өтөт. Агайдын сабагында баарыбыз уктап калабыз деп сизди дайыма мактайт”- деп калды. “ Укканы го жакшы, а уктап калганы жаман экен” — дедим. Бул сөз мени көпкө бушайман кылды. Анткени, ал ата-эненин баласы сабакты начар окучу. Көрсө мен окуучулардын предметке болгон кызыгуусун ойготконум менен, алардын билимге болгон кызыгуусун ойгото албаптырмын. Ушул мүчүлүштү жоюш үчүн, мага көп окуп, көп изденип, көп иштөөгө туура келди.

Ийкемдүүлүк ийгиликке жеткирет

Сенин мектеп директору, окуу тарбия иштери боюнча анын орун басары менен болгон келишпестик мамилеӊди түшүнүп турам. Студент кезиӊде мектеп турмушу сага окуучу кезиӊдей кызыктуу сезилчү. Ал кезде мугалим агай, эжелериӊ сенин эӊ идеалдуу адамдарыӊ болчу. Эми болсо мугалимдин ар биринин жеке кызыкчылыктары, көз караштары, мүнөздөрү, адамга карата мамилелери бар экенин сезе баштадыӊ. Сенин чечкиндүүлүгүӊ, өжөрлүгүӊ, көктүгүӊ, тартынбастыгыӊ, иш үчүн күйүп жанганыӊ, беттеген ишиӊе баш отуӊ менен кирип кеткениӊ бирөөгө жакса, бирөөгө жакпайт. Элибиз «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» деп бекер айткан эмес. Мугалимдердин арасында “Бул эмне бизден кыйын болуп кетиптирби?”  деп кыйгач карагандар четтен чыгат. Мектеп жетекчилери  ойлогонун бербеген «кежир» мугалимди жактыра беришпейт. Аларга  сабагын жакшы бере албаса да, айтканды аткарган тил алчаак мугалимдер жагат. Менин билишимче сенде андай жаман сапат жок.

Менин айтаарым: окуучулардын кулк-мүнөзүн үйрөнүүгө эле көӊүл бурбай, бирге иштешкен адамдардын да кулк-мүнөзүнө, кыялына көӊүл бурушуӊ керек. Адамдарды айырмалай бил. Башкалар жактырбаган адамдын да адамга жаккан мыкты сапаты болот. Адамды басмырлабай, туура баалап, анын жаман сапаттарына көӊүл бурбай, жакшы сапатына таянып мамиле кылсаң, анда ким менен болсо да тил табышып иштеше аласыӊ. Иштин көзүн билген адамга акыры ким да болсо баш ийет. Өзүӊдү кыйын сезип, өжөрлөнө берсеӊ, баарын өзүӊдөн алыстатып, өзүӊдү жоготуп алышыӊ мүмкүн.

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

Канчалык ийкемдүү болсоӊ, ишиӊ ошончолук илгерилээрин унутпа. Адамга адам душман болбойт. Адам өзүнүн туура эмес мамилеси, жүрүш-турушу, сөзү менен өзгөлөрдү душман кылып алат. Айрыкча тыӊ мугалимдер иш билбеген, мажирөө мектеп жетекчисине моюн сунгусу келбейт. Бирок аны да колдоп турган күчтөр бар экендигин унутпаш керек. Биртике иш жасап коюп “Менин ишимди баалабайт!” деп мектеп жетекчилерине жөн эле догуруна берген жарабайт. Кесиптештериӊ, директор-завучтар баалабаганы менен окуучулар, ата-энелер, сырттан текшерип келип сенин иш тажрыйбаӊ менен таанышкандар баалашат. Мунун өзү чоӊ жеӊиш. Чыгармачылыктын аркасы менен кесиптештериӊдин, мектеп жетекчилеринин ишенимине кантип ээ болуп калгандыгыӊды өзүӊ да сезбей каласыӊ.

Таарынчаак болбо. Сенин жакшы иштегениӊдин, иштебегениӊдин чынын айтсам, башкаларга кереги дале жок. Ар ким өзү үчүн иштейт. Жакшы болсоӊ өзүӊө, жаман болсоӊ өзүӊө. Аманчылык болсо, дагы далай жетекчилер менен иштешесиӊ. Мүмкүн өзүӊ да жетекчи болуп калаарсыӊ. Түшүнбөгөнүӊдү ошондо түшүнөсүӊ.

Карга баласын аппагымдейт

Адатта мугалимдер жакшы окуган тартиптүү окуучуларды жакшы көрүшөт. Тентек окуучуну жактыра беришпейт. Баласы канчалык тентек болсо да, ал ата-энеси үчүн эӊ кымбат. Ким эле: “Балаӊ жаман!” дегенди уккусу келсин. Андыктан ата-энеге кылдат мамиле жасай бил. Тентек окуучунун да өзгөчө жакшы сапаттары болот. Аны менен көбүрөөк баарлашып өз боюӊа тартып, биринчи кезекте анын эмнеге көбүрөөк кызыгаарын бил. Досторун сура.Үй шартын иликтеп көр. Тентек окуучулардын ата-энелери класстык чогулушка келбейт. Сен ага капа болбо. Анткени алар баласы тууралуу мугалимдерден туура эмас сөздөрдү угуп каламбы деп тартынышат. Андыктан аларга өзүӊ барып жолукканыӊ оӊ.

Эсиӊде болсун, эч убакта баланы ата-энесине жамандаба. Баласын жамандасаӊ, ким да болсо намыстанат. Сен кеткенден кийин, баласын катуу тилдеп коюшу мүмкүн. Ушундан кийин ал бала сени түк жакшы көрбөйт. Адегенде баласынын жакшы сапаттарын баса белгилеп, андан кийин тентектик жактарын айтып, биргелешип аракет кылууга чакыр. Жамандай берсеӊ, баланы да, ата-энени да өзүӊдөн алыстатып аласыӊ.

Канча ачууӊ келсе да, окуучунун ата-жотосуна асылба. Кол көтөрбө. Басмырлаба. Мугалим деген токтоо, көтөрүмдүү, чыдамкай, кечиримдүү болушу керек. Убагында түшүнбөгөнү менен кийин турмуш баарын өзү түшүндүрөт. Ошондо ал сенин эмгегиӊди баалап, сени алаканына салып чуркагысы келет. Ошондо сен да мээнетиӊдин текке кетпегенин сезип, өзүӊө-өзүӊ чексиз ыраазы болосуӊ…

Көчөдөгү жазуулар

Мугалимдин башынан кызыктуу окуялар көп өтөт. Университетти жаӊы эле бүтүп келип, мектепте тарыхтан сабак бере баштадым. Сабак окубай келген жалкоо окуучуларды күндө сабактан алып калып, кечке чейин окутам. Максатым аларды «4», «5» деген баага жеткиришим керек. Китепти окуп жооп бермейин, үйлөрүнө жибербейм. Иштин кызыкчылыгы үчүн өзүмдүн ач-тогума да карачу эмесмин. Анын үстүнө айылдагылардын:  « Жакшы мугалим чыкчудай»- деген сөздөрүн угуп, ого бетер шыктанып калсам керек.

Бир күнү 6-7-класстын окуучуларын алып калып, кечке окутуп, шашпай  үйгө келе жатсам, көчө толтура “Акчал+Азимкүл” деген жазуу турат. Келинчегим экөөбүз жаӊы эле баш кошкон болчубуз. Жазууларды өчүрө баштадым. Бирок баарын өчүрүп жетише алчудай эмесмин. Азыр эле үйүнө коё берген  окуучулар жазганын билип аябай жиним келди. Эртеси сабакка келгенде, алардын акесин таанытууну чечтим. Түнү көпкө уктай албай, ойлонуп жатып, мен балдарды ыгы жок кыйнап жатканымды түшүндүм.

Көрсө окуучуну мажбурлап окутуш мүмкүн эмес экен! Ошондон кийин сабактарымды болушунча кызыктуу өткөнгө аракет кылып, жалкоо окуучуларга сабакта көбүрөөк көңүл бурууга өттүм. Кийин бул мага жакшы натыйжаларды берди. Окуучунун сабакка болгон кызыгуусун арттыруу бул мугалимдин өзүнө тийиштүү касиет деп айтар элем. Андыктан ар бир мугалим күнүмкү сабактарына жоопкерчилик менен мамиле жасашы керек.

Көз айнектер

Көздөрүм ооруп, жарыкты карасам, жаш чыгып туруп алгандыгынан улам, сабакта да кара көз айнек тагынууга туура келди.

Бир күнү 6-класска кирсем, эркек балдардын баары коёндой болуп кара көз айнек тагынып отурушат.  Класста кыздарга караганда эркек балдар көп эле. Класс мага бир башкача көрүндү. Өзүмдү ыӊгайсыз сезип, саамга ойлоно түштүм. Кантсе да бул жагдайдан чыгышым керек болду. “Ой-бой, биздин балдар бүгүн укмуш ко! – десем, кыздар жапырт күлүштү. Класстын маанайы өзгөрө түшкөнсүдү. Көз айнекти кайдан алгандыгын сурасам, бири атасыныкын, бири агасыныкын алгандыгын айтышты. Мен  көз айнек тагынып жүргөндүгүмдүн себебин түшүндүрүп, эгер көз оорубаса, көз айнек тагынуунун зарылчылыгы жок экендигин айттым. Балдар түшүнгөндөй болушту. Эртеси класска кирсем, балдардын бири да көз айнек тагынып келбептир…

Окуучу жакшы мугалимди дайыма идеал тутат. Анын сүйлөгөнү, баскан-турганы, кийингени ага керемет болуп сезилет. Ал да агайындай же эжекесиндей болгусу келет. Андыктан мугалим дайым өзүн  тыкан, үлгүлүү алып жүрүшү керек.

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер