СЫНАКТАН СЫНАЛГАН ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

  • 02.04.2018
  • 0

Республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы Ж.Баласагын атындагы КУУ, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте «Аймактарды өнүктүрүү» жылына жана журналдын төрт  жылдыгына карата өткөрүлгөн «Мугалим — коомдун күзгүсү — 2018» кароо-сынагынын жыйынтыгында 12 мугалим алдыга суурулуп чыгып, күч сынашты. 

«Улут жүзү — мугалим» номинациясын, гран-прини Чүй облусунун Жайыл районунун С.Мырзакматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Аида Медетбек кызы жеңип алып, ал плазмалык телевизор, Ысык-Көлгө беш күндүк жолдомо, ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Аялдар конгрессинин Ардак грамоталары, «Мугалим» журналынын диплому менен сыйланды.

1-орунга чыккан «Даанышман мугалим» номинациясынын жеңүүчүсү Баткен облустук гимназия-мектеп-интернатынын география мугалими Султанбек Момунов эки көздүү муздаткыч, Ысык-Көлгө беш күндүк жолдомо, «Мугалим» журналынын диплому менен сыйланды.

2-орундун ээси  «Чыгармачыл мугалим» номинациясын жеңип алган  Бишкек шаарындагы Ленин районунун Ж.Садыков атындагы №84 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эсенбек Зарипбеков газ плита,   Ысык-Көлгө беш күндүк жолдомо,  ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы жана «Мугалим» журналынын диплому менен сыйланды.  3-орунга эки мугалим чыгышты.

Алар: «Келишимдүү мугалим» номинациясынын  жеңүүчүсү Ысык-Көл районунун Тамчы мектеп-гимназиясынын математика мугалими Нурдан Эшимканов менен «Ажарлуу мугалим» номинациясынын ээси  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунунун тарбиячысы Айзада Исабековаларга кир жуугуч машина, Ысык-Көлгө беш күндүк жолдомо ыйгарылды.

Мындан сырткары «Интернет жылдызы» номинациясынын ээси  Талас райондук «Балдарга билим берүү» борборунун «Жаш техник» студиясынын мугалими Мирзат Байдалиев  Samsung A5 телефону жана Ысык-Көлгө беш күндүк жолдомо менен сыйланды. Ал эми калган конкурсанттар дагы кур кол кетишкен жок, алар дагы кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болуп, грамота, дипломдор менен сыйланышты.

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

«Мугалим — коомдун күзгүсү» республикалык кароо-сынак мугалимдер арасында экинчи жолу өткөрүлдү. Сынакка интеллектуалдык потенциалы бийик, сымбаттуу, келбеттүү, жылдыздуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган, ажарлуу, төгөрөгү төп келген мугалим айымдар жана мырзалар катышып келатат. Ар бир катышуучунун интеллектуалдык деңгээлине, өнөрүнө, чыгармачылыгына, өң келбетине, мугалимдик имиджди сактай билүүсүнө жараша калыстар тобу тарабынан баа берилди.

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

Уюштуруучулардын берген маалыматына таянсак, сынактын максаты — чыгармачыл мугалимдерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен аларды жаштарга үлгү катары көрсөтүү; өнөрлүү, таланттуу мугалимдерге колдоо көрсөтүү; жаӊы кесиптештерди табууга жана тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү; республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо; мугалимдик кесиптин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу жана мугалимдик кесипти даӊазалоо, алардын аброюн, кадыр-баркын көтөрүү, улуу кесипке жаштарды тартуу жана кызыктырууну көздөдү.

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

 

Сынактын багыттары боюнча конкурсанттар ирээти менен сахнага чыгып, мугалимдин имиджин көрсөтүштү, өзүн-өзү тааныштырышты, интеллектуалдык суроолорго жооп берип, макал-лакаптарды чечмелешти, өнөр таймашында бири ырдаса, экинчиси бий көрсөтүп, үчүнчүсү көркөм окуусун тартуулашты. Ал эми өз турмушунан алынган монологду тартуулаган Аида Медетбек кызы көрөрмандарды ыйлатып, жүрөктөрүнөн түнөк тапты. Ошондой эле калыстар тобу конкурсанттардын ар биринин портфолиосуна да баа беришти.

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

— Мугалимдик кесиптин мыктылыгына, улуулугунан чоң бир азык алып, кечеден кийин рахаттанып, мугалимдик кесип деген бул укмуш, бийик, касиеттүү, аруу кесип экендигинен дагы бир жолу ушул жерде отурган студенттер ынанып, келечекте мен жөн гана, сөзсүз түрдө мугалим болом деген   ой менен кетсе деген тилектебиз, — деди журналдын башкы редактору Р.Сулайманова өз сөзүндө.

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

Бул конкурс аншлаг менен өттү. Биринен экинчиси мыкты экенин сынак учурунда мугалимдер тастыктай алышты. Албетте, сынак деген сынак, анда чыныгы мугалимдер гана алдыга чыгып, улуу кесиптин бийиктигин, ыйыктыгын, тактыгын, баалуулугун, аруулугун көрсөтө алышты. Залда отурган студенттер, келечекте мугалим болом деп самагандар туура багытты, туура кесипти тандап алгандарына сүйүнүп отурганын көрдүк. Жаштардын көздөрү жанып, жүрөктөрү дүкүлдөп, өзгөчө, жаш мугалимдер сахнага чыкканда сүрөп жатышканы, күйүп-бышканы, мугалимдик кесипке кайдигер эмес экенинен кабар берет. Демек, уучубуз кур эмес экен. Жакынкы аралыкта жаш кадрлар мектепке дарыя сымал агып кирээри бышык. Үмүтүбүздү өчүрбөй, келечекке ишеним артып туралы.

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

 

 Рахат Сулайманова, «Мугалим» журналынын башкы редактору:

— Туптуура мындан төрт жыл мурда, т.а. 2014-жылы 27-мартында журналыбыздын 1-саны башкы бетинде Эл мугалими Исак Бекбоевдин сүрөтү менен жарыкка чыккан эле. Учурда журналдын 23-саны жарык көрдү. Быйылкы кароо-сынагыбыз КР Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Жарлыгы менен аныкталган «Аймактарды өнүктүрүү» жылына арналды.

«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» демекчи, ааламга атагы  чыккан инсандар,  президенттер, миңдеген таланттуу инсандар кичинекей айылдагы  карапайым мугалимдин колунан тарбияланып чыгат. Бул эч кимге табышмактуу эмес.

Иш-чарабызды Ж.Баласагын атындагы КУУ, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен бирдикте өткөрдүк. Биздин иш-чарага өздөрүнүн демөөрчүлүгүн, колдоосун көрсөткөн  КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясына, Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине, ЭлТР телеканалына,  КТР, Кут Билим гезитине, ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине, №10 кесиптик лицейине тизе бүгүп, терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Дал ушул инсандар, дал ушул мекемелер жаштарды тарбиялап, өздөрүнүн аппак билимин берип жаткан жөнөкөй карапайым айылдагы мугалимге  кайдигер карабай, ошолордун зоболосун, аброюн көтөрүп, алардын демине дем, күчүнө күч кошушту.

Искендер Исамидинов, «Мугалим» журналынын негиздөөчүсү, ардагер окумуштуу:

— 2009-жылы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтун ачып жатканда келечектеги иш-пландарыбызга ушул окуу жайдын базасында «Мугалим» журналын ачсак деп пландаштырдык эле. Ошол ой бышып, 2014-жылы 27-мартта биринчи саны чыкты. Менин тилегим чекесинен ишке ашып келатат. Эмдиги жылы «Мугалим» журналынын 5 жылдыгын чогуу белгилейбиз. Кароо-сынакка жети дубандан 12 мугалим тандалып келиниптир. Аймактардан келген мугалимдерди көрүп, быйылкы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгында «Биринчи мугалимди» эстеп атам. Ошондой жылгадан келген, алыскы айылдардан өзүнүн кесибин сүйүп келген мугалимдер келип отурат. Ушул мугалимдерден тарбия алгандар келечекте  дүйнөгө атагы чыккан окумуштуулар болот, айтматовдор, алп манасчылар чыгаары бышык.

 

Асылбек Токтогулов, Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин,  калыстар тобунун төрагасы:

—  «Мугалим» журналы менен Борбордук Комитет тыгыз иштеп келатабыз. Мугалим бүгүнкү күнү кандай жашап атат, коомдо орду кандай, аларга кандай шарттарды түзүп атабыз, мугалимдерди колдоп атабызбы, чыгармачыл, эмгекчил мугалимдерибиз көмүскөдө  калган жокпу деген маселелер, бүгүнкү күндөгү алардын орду, ахывалы баарыбызды түйшөлтөт.  Өкмөткө шылтап эле отура бербей, быйылкы жылдын аталышына байланыштуу мугалимдерге көңүл бурууда биринчилерден болуп «Мугалим» журналынын жасап жаткан иши мактап айтууга татыктуу. Конкурсанттар мугалимдик кесипти даңазалап көрсөтө алышты. Бул сынакты салттуу кылып,  конкурсанттарды көбөйтүү менен мугалимдин коомдогу ордун даңазалоо зарыл.

 

Кундуз Базакеева,  КУУнун Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы, калыстар тобунун мүчөсү:

—  «Мугалим» журналы айылдан келген мугалимдердин демине дем, күчүнө күч кошуп сынак өткөрүп, иш-чарага улуттук университет да өнөктөш болгонуна кубанычтабыз. Калыстар тобуна абдан кыйын болду. Анткени бардык конкурсанттар татыктуу экен. Албетте, конкурста жеңгени да, жеңилгени да болот. Бирок бул конкурска катышкандын өзү эле  чоң ийгилик. Уучубуз кур эмес экен.  Айылдарда мыкты мугалимдер иштеп, билим берип атканын көрүп, биздин Кыргызстандын келечеги алдыда экенине үмүттөнүп калдым. Өзгөчө  №84 мектептин мугалими Эсенбек Зарипбековду мугалимдик кесипти сүйүп, эмгектенип жатканы үчүн баса белгилегим келет.

 

Аида Медербек кызы, С.Мырзакматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Жайыл району, Чүй облусу, гран-принин жеңүүчүсү:

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

  • Бул сынакка катышуудагы эң негизги максатым — Мугалим деген макамдын аброюн көтөрүү, жаштарга үлгү болуу, өзүмдүн кесиптик ишмердүүлүгүмдү даңазалоо болгон. Сынактын жүрүшү, анын максаты, талаптары, айтор, бардыгы катышуучулардын оюндагыдай болду. Өзгөчө бизге окшогон айыл жергесинде эң түйшүктүү кесипти аркалаган жаш кадрларга мотивация, эң чоң стимул болду. Кайда барсаң таанышка тарткан, калыс эмес өткөн сынактар көкөйүбүзгө көк таштай тийген бейм, сынак боло электе бир аз чочулаганымды жашырбайм. Бирок ушунчалык калыс бааланып, эмгегиң элге жагып турса ишине болгон сүйүүң ого бетер күчөйт экен. Баш байгени багындырганыма кубанбай, арабызда калыстык менен иш кылган, мугалимдердин ишинин жайылтышына чын дили менен салымын кошкон инсандар бар экенин көрүп ичим жылыды, үмүтүм жанды. Ушундай шартты түзүп, сынакты өткөргөн «Мугалим» журналынын жамаатына миң мертебе ыраазычылыгымды билдирем.

Султанбек Момунов, Баткен облустук гимназия-мектеп-интернатынын география мугалими, 1-орундун жеңүүчүсү:

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

  • “Мугалим — коомдун күзгүсү” кароо-сынагы жаш мугалимдерге чыгармачылык менен иштөөгө шык, дем күч берди. Мисалы, мен конкурска даярданып, изденип жүрүп көп жактан өзүмдү өнүктүрүп алдым.

Эсенбек Зарипбеков, Бишкек шаарындагы Ж.Садыков атындагы №84 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, 2-орундун жеңүүчүсү:

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

— Сынакка катышуу менен өзүмдүн мугалимдик жашоомо пайдалуу таасир алдым. Мугалимдердин кадыр-баркынын төмөндөп кетишине, коомубуздун мугалимдерге жасаган мамилесине карап туруп, арданып, — канткенде мугалимдердин аброюн көтөрсө болот, — деп ой толгоп жүргөн учурда, ушул кароо-сынактын жарыяланышы «Көктөн издегеним, жерден табылгандай» эле болду.  Конкурска катышып,  мугалим коомдун күзгүсү экенин колумдан келишинче эл алдында далилдегим келди. Кудайга шүгүр, аракетим текке кеткен жок. Биздин жалпыбыздын максатыбыз бир болду. Биз атаандаш катары эмес, мугалим катары бири-бирибизге жардам берип, колдоо көрсөтүп, эл алдында мугалимдердин аброюн жогорулатуу болду.

Айзада Аманбекова,  «Баластан»балдар бакчасынын тарбиячысы, Жалал-Абад облусу, 3-орундун жеңүүчүсү:

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

СЫНАКТАН СЫНАЛГАН  ДААНЫШМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ, СЫМБАТТУУ МУГАЛИМДЕР

— Кароо-сынактын өткөрүлүшү мен үчүн чоң сыноо болду. Анткени мындай сынакка биринчи жолу катышып жатам. «Мугалим» журналы алыскы аймактарга тарап турганы жакшы. Сынактын жылда уюшулуп туруусун каалайт элем.

Тургунбай Жунусов, Р.Хужамов орто мектебинин физика мугалими, Ноокат району, Ош облусу:

— Бул конкурс жөнүндө уккан күнүмдөн баштап эле менде өзгөчө жоопкерчиликтүү сезим пайда болду. Анткени “Мугалим – коомдун күзгүсү” деген атка татыктуу болуп даярдануу керек эле. Өзүмдүн көп жылдык тажрыйбамды пайдаланып конкурстун жобосуна ылайык даярдандым. Өзүмдүн тааныштыруумду (визиткамы) Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арноону чечип, «Саманчынын жолу» чыгармасындагы Майсалбектин апасына фронттон жазган катына импровизация кылып, өзүм жөнүндө баян жасадым. Бирок көрүүчүлөр туура эмес түшүндүбү же мен жеткиликтүү аткара албадымбы, монологдогу «бул мен!» деген сөздү айткан сайын көрүүчүлөр күлүп жатышты. Мен койгон максатыма жеттим деп ойлойм.

 Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер