МУГАЛИМ, МЫНДАЙ КЫЛБАҢЫЗЧЫ…
- 24.10.2024
- 0
…Макаланын баш сөзүн балдар үчүн бүткүл жан дүйнөсүн, өзүн арнаган атактуу педагог Ш.Амонашвилинин сөзү менен баштадым. (айрым учурларда, автор менен макул болбой калган учурларымды, кээде чын эле мугалимдик иш-аракетимде кетирген олчойгон каталарымды, аздыр-көптүр жасаган «жакшы» иштеримди таразалап, электен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Бул макаланын орусча вариантын «Ноокат билимканасы» жатак -лицейинин илимий жетекчиси, ф.м.и к. Мамаюсупов Өмүрзак Шеранович өз баракчасына жүктөгөн эле. Аны кыргызча нускасына оодарып алып, айтар кебимди уланткым келди)..
…Билим берүү системасындагы лицей-гимназияларга тийген «эпидемиялык оорунун»(сааттардын кыскаруусу менен) айынан, билимканада болгону 8 саат окуу жүктөмү менен калганым үчүн, кошуна айылдагы жөнөкөй орто мектепке суранышып, сабак бере баштадым. Моюнга алуу керек, алгачкы күндөн эле кадимкидей «жүдөп», алапайымы таппай калдым. Өзүмү өтө «кыйын» мугалиммин деп жүргөн жаным, балдардын окуу процессине жасаган мамилеси, кайдыгерлиги, берилген тапшырмаларга даярдыксыз келгени, кирүү — чыгууну билбегендиги, сенин сабагыңа, кааласа кечигип келгени, кааласа кирбей койгону, айтор, мына ушундай нерселер, мени ушул жакка сабак берүүгө келгеним үчүн кадимкидей «өкүнтүп» баштады. Демек, мен ушунча жыл иштесем да, БАЛА КҮТКӨН мугалим боло албаптырмын деген ой ич этимди кемирип, жанымы жай алдырбай жүрдү. Балдарга катаал мугалим да, баарына «көз жумуп», кечире берген жумшак (Ш.Амонашвили белгилегендей) мугалим да «жакпай тургандыгына» ынана баштадым..
Төмөнкү класстардын биринде сабак өтүп жүрдүм. Мен кирген күндөн баштап эле бир баланын же китеп, же дептер алып келгенин көргөн жокмун. Сабакка кызыгуусун, кандай окуганын да билбейм. Кебетеси жакшынакай, жүдөгөн эмес. Акырын байкасам, телефон ойноп отурат. Акырын алып эле, «Сабактан соң аласың э?»- деп , сабагымы уланта бердим. Ал жаман көзү менен карап алды да, бир да башын көтөрбөй койду. Ага атайын назар салбадым. Сабактан кийин телефонун бердим. Кийинки күнү сабагыма келбей койду.. Үчүнчү жолу кечигип келди. Эчтеке дебей олтургуздум. Дагы деле сабакка көңүл бурайын деген ою жок. Жанындагы баланы да алагды кылып, улам үндөрү чыгып , тоскоол боло бергенинен, жандарына барсам, дагы телефон менен ойноп отурушуптур. Унчукпай алдым да, мунусунда сумкама салып койдум. Бала : «Эжеке, телефондун үнүн өчүрүп коёюн «, — деди. «Эчтеке болбойт»,- деп сабакты жалгаштырдык. Телефон чырылдай баштады. Карасам, баланын апасы экен. Сабак соңуна чыгайын деп калган. Бала : «Апам болсо керек, жооп берейин», — деп дагы айтты. «Телефонду албаганың жакшы, үйгө барганда, сабак мезгилде сага коңгуроо кылганын айтып, апакеңди «уяткарып» коёсуң кайра», –дедим да, телефондун үнүн өчүрүп койдум. Сабактан соң бала жаныма келип, кечирим сурады. Телефонун эми алып келбей тургандыгын, бул акыркы жолу экенин айтты…
Кийинки сабагыма киргенимде, ошол бала биринчи партада отуруптур. Китеп — дептерлери да бар. Биринчи жолу менин көзүмө карап, сабакта суроо берип баштады. Темадан соң, тапшырманы да шашылыш аткарып, биринчи алып келди. Каталары бар экен. Бирок каталарын өзүнө оңдоттум, дептериңе кызыл сыялар менен оңдолуп калат деп. Сабактын соңунда: » Эжеке, сиз бизге 11–класска чейин бересизби?»–деди ойлуу тиктеп…
Көрсө, дурус эле окуган бала экен..Эмне үчүн мага ошондой «мамиле» кылгандыгына акылым жетпеди. Бирок буга өкүнбөдүм. «Ооба, — дедим, — дайыма эле мен каалагандай мен күткөндөй боло береби, бул сенин өзүңө сабак»…
…Ошол эле мектепте бүтүрүүчү класстарга кыргыз адабияты сабагын өтүп жаткам. Бир окуучу сабактын жарымында кирип, уруксат да сурабай, артына өтүп баратат. Колунда телефон. «Өй, кайда, жок дегенде уруксат сура да»,– дедим. «»Сурадым го!»– деди үнүн көтөрүп. Макул деп, телефонун (класста телефон коюучу кутучасы бар экен) таштап, ордуна отуруусун айтканымда, бербей тургандыгын айтты да, артка өтүп кетти. Мунусунда катуу, намыстана турган сөздөрдү айтып эле, ал баладан телефонун алып, кайра бербей тургандыгымды, мектеп жетекчилеринен аларын билдирдим. Өзүнүн «жагымсыз» иш –аракети менен сабакка чоң жолтоо болгонун айтып, бирок өзүмүн жүрөгүм кадимкидей ооруп жатты. «Эмне үчүн балдарыбыз, мерез, сезими жок муунга( байыркы гладиаторлор сыяктуу) айланып баратышат?..» деген суроо мээме ойноп алды.
Эки күндөн кийин кошуна айыл өкмөтүндөгү мектептердин бирине ЖРТ боюнча курс окутканы бараткам. Айылыбызды дайра эле бөлүп турганы үчүн, жолдун теңине чейин жөө барып, анан автобуска отурайын деп басып баратып, жетейин дегенде мен олтуруучу автобус бурулуп өтүп баратканын көрүп калдым. Талпаңдап чуркап жөнөдүм , ошондо жанагы мен «тилдеген» жогорку класстын окуучусу ары жактан жүгүрүп келип, автобусту токтотуп, мени көрсөтүп, күтүп туруусун айтып карап турду. Күшүлдөп-бышылдап жетип барып, окуучуга ыракмат айттым..
…Демек, устат, улуу педагог Ш.Амонашвили өз сабактарында айткандай, мугалимдин дайыма эле кечиримдүү, жумшак боло беришине, бүгүнкү муун, азыркы тарбиялануучулардын кулк-мүнөзү, адеп — ахлагы, үйдөн, коомдон алган тарбиясы жооп бере алабы?..Же биз, мугалимдер, ошол коомдун агына да, көгүнө да чыдаган, баарына даяр тарбиячы боло алабызбы?..
Күнүмдүк практикалык тажрыйбадан…
- Класста окуучуну ЖЕҢҮҮГӨ АРАКЕТ кылба, акылдуу экениңди, андан кыйын, бийик экениңди далилдебе. Кээде ойлонбой, ката кетир, унут. Ал сени жеңсин. Ал үчүн жеңүүнү үйрөнүү абдан маанилүү…
- Окуучуну сөз, ишарат, кыйытмалар менен кемсинтпеңиз…
- Окуучунун мурунку аракеттери үчүн сындаба…
- Аны башкаларга билдирбе. Аны корго, ар бир адам коргоого муктаж. Кандай гана сөз болбосун, өтө кылдаттык менен билдириңиз. Ага келечекте анын жакшы образын тартууга жардам бериңиз. Сиздин коргооңуз ага анын кандай болгонун эмес, кандай болушу керек экенин эскертиши керек…
- Окуучуну уят кылбагыла. Байкабай айтылган сөз өлтүрүп коюшу мүмкүн. Ал эмне кылса да, аны тегиздеп, жаап-жашырууга аракет кыл, болбогондой…
- Окуучуга чыккынчылык кылба…
- Окуучуга ачууланба. Ачуулануу жана жамандык жашоону бузат…
- Окуучуга ишенбөө. Алдап кетсе, мейли, алдасын. Алдабай окуганды үйрөнүшү үчүн ага жардам бериңиз…
- Балаңыз жөнүндө жаман ойлобоңуз жана аны аябаңыз. Күчтүүлөр менен эмес, күчтүү боло алган алсыздар менен сыймыктангыла…
- Баланын тарбиясына кызмат кылбаган эч нерсе кылбаңыз, окуучу(тарбиялануучу) мугалим менен өткөргөн убакыт ага жөлөк болорун, аны көтөрөрүн сезиши керек; Ал башкаларга таасир этүүгө жана түрдүү нерселерди өзгөртүүчү күчкө ээ боло алат. Бул учурда ал өз алдынчалыкты жана жоопкерчиликти сезип, аны өнүктүрө алат…
Автор: Шалва Амонишвили.
Эскертүү: Автордун кеңешин кыргызчага оодарганда, балким, кээ бир ойлор стилистикалык максатта бир аз өзгөртүлүп которуулусу мүмкүн.
Нурийла Айдарова,
«Ноокат билимканасы» жатак-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер