МУГАЛИМ МЕНЕН ОКУУЧУНУН ОРТОСУНДАГЫ АДЕП
- 22.11.2024
- 0
Ибраимов атындагы мектептин социалдык педагогу Элиза Какеева жаш мугалимдерге «Мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилесиндеги адеп»деген темада семинар—сабак өттү.
Семинардын максаты — жаш мугалимдерге мугалимдин адеби тууралуу маалымат берүү, өз жумушуна болгон умтулуусун күчөтүү, ошондой эле SWOT анализи менен иштөө.
— Мугалимдин адеби жана окуучуларга болгон мамилеси тууралуу кенен айтып берип, жаш мугалимдерге ар кандай проблемалык ситуацияларды коюп, ошол эле кезде жаш педагогдордун презентациясы менен коштолду. SWOT анализи менен окуучунун жана мугалимдин позициясында ситуацияны жактоо өтө таасирдүү болду. Сабактын аягында мектептин ардагер мугалими Миргүл Суранбаева семинарды өтө жогорку деңгээлде даярдалганын айтып, жаш мугалимдерге жана семинарды уюштурган Элиза Какеевага каалоолорун билдирип, ийгилик каалап өттү, — дейт маалыматта.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер