МУГАЛИМ КУРГАН МУНАРА

  • 17.05.2020
  • 0

МУГАЛИМ КУРГАН МУНАРА

 

Алыскы айыл жергесиндеги N30 Кара-Үӊкүр жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими ТИРКЕШЕВА Зыйнат эже менен гезитибиздин сырт кабарчысы Ашира Кулишева.

 

Энчилеп “эжейим” деп сыймыктанган

Окуучуга билим менен мээрим сунган.

Эмгеги эселенип ата энедей,

Өмүрүн окуучуга арнап бурган.

 

Ааламды алаканына салып, дүйнөнүн түмөндөгөн түрдүү сырын жеткиликтүү тил менен айтып берген, баланын билгенине жаӊы билимди кошуп, камырдай жууруп, темирдей ширетип, окуучуларынын тереӊ өздөштүрүп алуусуна шарт түзүү үчүн кандай чеберчилик керек экенин дал ушул кесиптешимдин ишинен көрөм. 41 жылдык эмгегинде ар кандай жаңы усулдарды колдонуп, кызыкпаган окуучуну кызыктыра, жетишпеген окуучуну жетиштире алгыдай, ар бирине шайкеш, дал келген ыкмаларды пайдаланып, жаш мугалимдерге үлгү болуп келет.

Маданий иш чараларды, коомдук иштерди жигердүү аткарып, өмүрүн айылдагы кичинекей мектептеги жан дүйнөсү таза, баёо окуучуларга арнады. Талыкпаган түйшүктүү эмгегинин артынан “эл агартуунун отличниги” наамын алганда, бирге сүрөткө түшүп, интернет булактарына жүктөп койдум. Ошондо ар тараптан аалам төрдөгү окуучулары алгачкы ак кардай себелетип:

— Чын дилимден куттуктаймын эжеке, сиз татыктуусуз! – деген сөздөрүн чын жүрөктөн жаза башташты.

Бийликке, атак даңкка, умтулбаган, эмгегинин эсебин сурабаган, жөнөкөйлүктү, адамгерчиликти туу туткан кесиптеш Тиркешева Зыйнат эжекеге бир чети суктансам, бир чети сыймыктанып жаттым.

 

Ашира Кулишова, «Кут Билимдин» сырт кабарчысы, Ала-Бука району.

Бөлүшүү

Комментарийлер