МУГАЛИМ – ДЫЙКАН, ДАРЫГЕР ЖАНА БААТЫР АДАМ

  • 29.09.2023
  • 0

МУГАЛИМ – ДЫЙКАН, ДАРЫГЕР ЖАНА БААТЫР АДАМ

КР Билим берүүсүнүн мыктысы, Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Мүлкүбат атындагы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Чынар Айтикеева өмүрүнүн 34 жылын балдарга билим-тарбия берүүгө арнап, агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келатат. Агартуучулардын кесиптик майрамынын алдында ага атайын жолугуп, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу мугалимдик кесип тууралуу баарлаштык.

Чынар Сманкановна Токтогул районунун Кызыл-Туу айылында 1966-жылы кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1974-1984-жылдары өзү төрөлүп өскөн айылындагы Мүлкүбат атындагы орто мектептен билим алган. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле мугалим болууну кыялданып калчу. Айрыкча, башка балдардын тиши көп өтө бербеген, татаал деп эсептелген математика сабагын жактырар эле. Ошол себептенби, айтор жогорку окуу жайга тапшырарда кайсы предметти тандоо керек деп башка курбуларындай көпкө ойлонгон жок.

— Математика — илимдердин падышасы дешет. Ал чынында дүйнөгө жол ачкан байыркы илимдерден болуп саналат. Дал ушул кесиптин ээси болуу мага буйруганына өзүмдү бактылуу сезем. Мугалимдик кесипти тандаганыма, анын ичинде математика мугалими болгонума атамдын таасири чоң. Анткени атам Сманкан Айтикеев бүт өмүрүн мектепке арнаган айылдын алдыңкы математика мугалими болгон. Атам китеп салган папкасын көтөрүп айыл аралап басканда, кол жеткис бийик сезилип, аны жолдон, мектептен көргөндө, ушул мугалим менин атам экендигине сыймыктанчумун. Мугалим жан дүйнөсү таза, аруу, асыл сапаттарды камтыган мыкты инсан болууга тийиш. Ал окуучу үчүн кадыры күч, таасирдүү адам. Мыкты мугалим ошол күчүн, дараметин ак барак болуп ачылып алдына келген окуучуга жумшап, билим менен сугарууга умтулат, — дейт Чынар Айтикеева.

Ал азыркы учурда балдарды математика сабагына кызыктыруу эмес, деги эле окууга кызыгуусун арттыруу барган сайын кыйындап баратканы тууралуу көп түйшөлөт. Тажрыйбалуу мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы катары туйганы, билгени – мугалим окуучунун алдында өзүнүн идеалдуулугун, жоопкерчиликтүүлүгүн жоготпошу керек. Окуучу менен мугалим ортосунда байланыш тыгыз болуп, окуучу сен үчүн кымбат экенин сезип туйдуруп турууга тийиш. Мугалим окуучуну жүрөгүнүн түпкүрүнөн сүйгөндө гана чыныгы мугалимдик бакытты сезе алат. Анын ишениминде мугалим — окуучуларынын жан дүйнө жаратын, оорусун өзүнө билгизбей айыктыруучу дарыгер.

— Мен билим алган мурдагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин математика факультетинде бизге чын жүрөгү менен математика предметин өздөштүрүүгө умтулган, ушул предмет үчүн күйүп-бышкан чыныгы педагогдор иштеген экен деп ойлойм. Биз окуп жүргөн кезде жогорку окуу жайлардын саны азыркыга салыштырмалуу кыйла азыраак эмес беле, ошондон болсо керек, окуунун да, окуу жайдын да баркы жогору эле. Айрыкча математика сыяктуу так предметтерди баары эле тандай берчү эмес. Чейрек кылымдан ашык билим берүү тармагында эмгектенип келаткан педагог катары, мугалимдик кесиптин ысык-суугун өз жонум менен сезип, түйшүгүн тартып, сыймыгын, сыйлыгын көргөн адам катары айтаарым, кээде өзүмдү билим майданында колунда жарагы жок калган жарадар жоокердей сезсем, кээде өзүмдү колумдан баары келген эр жүрөк баатырдай сезем. Мугалим качан өзүн алсыз сезет? Мугалим өзү окуткан окуучулар жакшы окубаса, жакшы аталбаса, эккен эгини өнбөй калып, мээнети талаага кеткен дыйкандай алсырайт. Мугалим качан өзүн баатыр сезет? Албетте, окуткан билими окуучуларга жугумдуу болуп, ийгилик жаратса, мугалимдин жумшаган мээнетинин акыбети кайтканы, эмгеги текке кетпегени ошол. Менимче, мугалим үчүн ушундан өткөн сыймык, сыйлык жок болуш керек. Мугалимдин өткөн ар бир сааты, ар бир сабагы мына ушундай жөнөкөй формула менен аныкталат. Бекеринен аны мөмөлүү даракка салыштырбаса керек, — дейт.

Чынар Айтикеева жаңы окуу жылы башталганда дайыма өзү колуна дипломун алып 1989-жылдын 1-сентябрында Токтогул районундагы Комсомол айылындагы Манас мектебинде математика сабагынан мугалим болуп иштей баштаган күндү эстейт. Ал мектепте 1993-жылга чейин иштеп, ноябрь айында белгилүү акын Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке өзүнүн кесиби боюнча математика мугалими болуп которулган. Жети жылдан кийин кайра эле мурдагы иштеп кеткен жерине, Мүлкүбат атындагы мектепке ошол эле предметтин мугалими, ага кошумча соцпедагог болуп ишин уланткан. 2012-жылдын сентябрь айынан бери окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келатат. Бирок жетекчилик кызматты ээлесе да, өзүнүн сүйүктүү предметинен сабак берүүсүн токтоткон жок.

— Окуткан окуучуларымды сабагыма кызыктыруу үчүн өз предметимди алгач турмуш менен байланыштырам. Жашоодогу болуп жаткан өзгөрүүлөр математикасыз ишке ашпай турганын далилдөөгө аракеттенем. Турмуштун кайсы багытында болбойлу, үй-тиричилигин улаган кожойкесинен баштап, чоң бизнести алып баруу, заманбап тамдарды, а түгүл, айга учуу да математикасыз ишке ашпай турганын баса белгилегенден тажабайм. Анткени сабакты илимий тил менен түшүндүрүүгө караганда, турмуш менен байланыштырып берүү бала үчүн кызыктуу сезилет.

Мугалим деген наамды алып жүрүү мен үчүн болуп көрбөгөндөй бакыт. Ошол бакыттын артында талыкпаган эмгек жатканы белгилүү. Ак эмгектен жаралган ийгилик адамга канат байлайт. Ар бир жасаган ишиңде жараткан эмгегиңди сыймыктануу менен эстеп турасың. Мугалимге кубаныч тартуулаган дагы бир көз ирмем — бул алдыңдан жылмайыңкы жүз менен тосуп чыккан окуучуң. Арадан канча убакыт өтсө да, алдыңдан чыккан окуучуңдун сага ыраазы болгон жылуу жүзүн көргөндөгү бактылуу көз ирмемге убакыт да баш ийбейт, — деди ал ойлуу.

КР Билим берүүсүнүн отличниги, Билим берүү жана илим министрлигинин, Жалал-Абад облустук билим берүү борборунун, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган Чынар Айтикеева мектепте өзү менен бирге иштеген насаатчы мугалимдер менен катар эле келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш адистер иштеп жатканына кубанат. Мектеп директору Нурзат Жусупакунова ишке жаңы күч, жаңы дем менен киришкен жаш жетекчилердин бири. Тажрыйбалуу насаатчы мугалим Алмаш Момулаева баш болгон улуу муундун өкүлдөрү кыргыз тил жана адабияты мугалими Элмира Кудайбердиева, башталгыч класстардын мугалими Жазгүл Анарбаева сыяктуу жаш адистерге акыл насааттарын айтып, аларды күлүк таптаган саяпкердей таптап, жол көргөзүп иштеп келишүүдө. Ошол ишеними акталып Жазгүл Анарбаева былтыр Жалал-Абад облустук “Жылдын мыкты мугалими” сынагында байгелүү үчүнчү орунду багындырган.

Жете турган бийиктиктер али алдыда экендигине бекем ишенүү менен алган багыттарынан тайбай, талбай келаткан мугалимдерди алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, жогоруда биздин каарманыбыз айткандай, билим дыйканы, дарыгери катары баатырдык менен чоң-чоң ийгиликтерди жарата берүүсүнө тилектештигибизди билдиребиз.

Айнагүл Кашыбаева,        “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер