МУГАЛИМ — АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИ

  • 16.05.2020
  • 1

“Сүйүнчү! Сүйүнчү-ү, киндик эне, биз инилүү болдук”- деп биринен-бири жарышып тестиер үч кыз Турду эненин үйүнө энтеңдеп чуркап киришти. “Болсун, болсун айланайындар, кудай Абдырайдын тилегин берген тура”-деп Турду эне этегин үзө басып, сүйүнчү бермеке шашып калды. 6 жаштагы кыздардын кичүүсү: “Эне, эне инимди мен ээрчитип келбедимби, эми бөбөгүбүз чоңойгондо бизге балык кармап келет”-деп божурап кирди…

МУГАЛИМ - АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИЧындыгында үч кызынан кийин  эркек балалуу болгусу келип жүргөн атасына ушул кызы: “Ата эркек бөбөктү ким берет?” деп сурачу. “Тиленсең, кудай берет, кызым”-дечү атасы. “Кудайдын үйү кайда ата? Мен барып бөбөк сурап, арыктан аттатып, суудан көтөрүп өткөрүп, үйгө алып келейин”- деп балалык аруу сезими менен тилек кылат. Атасы да башка балдарынын ичинен эмнегедир ушул кичүү кызын өзгөчө жакшы көрөт. Ушул кызы төрөлгөндө, кийинкиси эркек болсун, жаңылып уул ээрчитип келсин, Жаңыл Мырзадай баатыр кыз болсун деген жакшы тилек менен Абдырай ата кызынын атын Жаңыл койгон. Ошол секелек кызы убакыттын өтүшү менен 36 жылдык өмүрүн мектептеги балдарды окутууга арнап, эмгеги кайтып “Эл агартуунун  отличниги” болуп, 6 баланын ардактуу апасы, 10 неберенин сүйүктүү чоң энеси болуп жолдошу Качкынбек менен 40 жыл бирге түтүн булатып келет.

 

Атам — менин биринчи мугалимим

Жаңыл Саадабаеванын (Абдырай кызы) балалык чагы көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тоң районунун Большевик айылында өтөт. Кичинесинен окуу дегенде ичкен ашын жерге коюп, дилгирленип, жашы жете элегине карабай эжелерин ээрчип окууга бара берет. “Сенин жашың жете элек, али кичинкейсиң,  кийинки жылы кел” деген мугалимдерге ынабай, ар күнү 3 чакырым жолду жөө басып мектепке келип жүрүп тамга таанып, окууну эрте өздөштүрүп алат. Билимдин көзүн ачып, “А” арибин тааныткан класс жетекчиси Анипа Турдукеева деген мугалиминен таасирленип, анын узун чачына суктанып, ал тургай баскан-турганына чейин туурап, мен дагы ушул эжедей окутуучу болсом дегенде ак эткенден так этчү.  Мектепте окуп жүргөндө колуна китеп тийсе жантыгынан жата калып окуп жүргөнүн байкаган атасы райборборго барган сайын кызына жомок китептерди алып келип берчү.

МУГАЛИМ - АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИ“Атам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Айлыбыздан атам курактуу бир топ жигиттер согушка барып кайтпай калышыптыр. Багыбызга, атам аман-эсен согуштан келип, “Даңк” ордени менен сыйланган. Кийин үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп колхоздун бухгалтери болуп иштеген. Ал адабий чыгармаларды сүйүп, айрыкча “Манас” эпосун жана “Каныбек” романын окуганда берилип, каккан казыктай, кадалган мыктай болуп бир жерден жылбай, окуянын ичине сүңгүп кирип кетээр эле. Менин китеп дүйнөсүнө кызыгуумдун чоң себепчиси, билимге болгон сүйүүмө себепкер болгон, алгачкы окутуучум, устатым дал ушул атам болду. Жумуштан келгенден кийин баарыбыз кыркалай тизилип олтуруп алып, анын жомокторун, уламыштарын укчубуз. Китептерди окуп бүткөн соң кынаптап ак матага ороп, катып коёр эле. Атамдын ошол китептери бүгүнкүгө чейин жетип, балдарым да окуп олтурат.”

МУГАЛИМ - АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИАтасынын чукугандай сөз таап, уйкаштырып сүйлөгөнү, санжыра уламыштардан узун сабак кеп курганы, эпосторду кыраатын келтирип айтып бергени кызынын ышкысын ойготуп, ыр жазып калуусуна да түрткү берген. Жаңыл балдарынын ичинен атасына бөтөнчө жакын болуп өсөт, ал тургай  алгачкы ырын ага арнап, чоңойгондо ата-энесинин үмүтүн актай турганы тууралуу тилегин жазган . Бирок тагдырдын жазмышына айла жок экен, Жаңыл 6-класста окуп жатканда атасынан айрылып калат.Чиедей 4 баласы менен калган энеге бул абдан эле оор болот. Ошентсе дагы, “Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим”- дегендей, энеси Канымбүбү балдарын канчалык кыйын күндөр болсо да, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып чоңойтот. Жаңыл атасын сагынганда анын чоң ичигин жамынып, жыттап жатып уйкуга кетээр эле. “Ошол жылы атам алып берген күрөң ботинка атамдын акыркы белеги болду. Мен аны эскирип, батпай калганга чейин бутумдан түшүрбөй  кийип жүрдүм”-деп эскерет..

Эңсеген тилек, үзүрлүү эмгек

Жаңыл мектепте окуп жүргөндө жакшы окуп, ар кандай тармактарда ийгиликтерди жаратып, ыр жазып, поэзиялык кечелерди уюштуруп, дубал газеталарды чыгарып, “Манас” да айтып окуу менен коомдук иштерди айкалыштырып жүрдү. “Ат эмес го убакыт, аса байлап койгондой” – демекчи, көз ачып жумганча уядан учаар мезгил келет. Шаарга барып жогорку окуу жайга тапшырууну эңсеп, мугалим болууну дегдеп турганда, энеси: “Шаарды билбесең, же жакын тууган-уругубуз болбосо, кайда барып жашайсың?”-деп санааркайт. Бир чети айылынан карыш чыгып көрбөгөн энеси, шаардын жашоосунан коркуп, кызын окууга жөнөткүсү келбейт. Жаңыл кандай болсо да билим алууну көздөп, максат-тилегине жетүүнүн жолдорун ойлоно баштайт.  Бир күнү мектеп директору Тойгонбаев Сурабай энесине жолугуп: “Сиздин кызыңыз окууга зирек, келечеги кең, жолун тоспогула. Келечекте мыкты педагог болот деп ишенебиз. Шаарга окууга жибериңиз”-деп улам-улам айтып жатып көндүрөт.

Акыры энеси кызын ээрчитип, шаарда жашаган алыс эле туугандарыныкына барып табыштап келет. “Ошол кездеги адамдардын пейилиндей пейил болобу. Мен барган туугандарыбыз деле шаарга жаңыдан көчүп барган жаш үй-бүлө болчу. Эки төшөгү болсо бирин мага төшөп, болгон тамак-ашын ортого салып, мени өз бир тууганындай эле карашты.”-деп ыраазы болуп калат. Талыкпас изденүүнүн, тынымсыз аракеттин натыйжасында өзү кыялданып эңсеген “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы улуттук университетинин филология факультетине тапшырып окуй баштайт. Ал жактан жаңы билимдер менен сугарылып, бардык күчүн, дитин билим алууга жумшап, окууга чын ыкласын коёт. Өздүк көркөм ийримдерге катышып, ыр жазып, кара сөз түрүндөгү чыгармаларды жазууга кирише баштайт. Буга, адабияттын бай казынасынын өкүлдөрү болгон Салижан Жигитов, Абдыгул Жапаров, Жүрсүн Субанбеков агайлардан алган билими, таалим-тарбиясы, кеп-кеңештери зор таасирин тийгизген.

Бир жолу Москвадан Нурбек деген агай келип студенттерге кызыктуу дарс окуп, сабактын жүрүшүндө көз боёмочулук тууралуу аңгеме айтып берет. Бул аңгеме Жаңылдын олтурса оюнан, уктаса түшүнөн кетпей тынчын алып олтуруп акыры аны көркөм чыгармага айлантууну көздөйт. Кичинекей аңгемеден “Кара Волга” аттуу көлөмдүү чыгарма жаралат, калың дептерге жазылган бул чыгарманы ар ким колдон-колго алып окуп жүрүп элге тарап кетет. Бирок аны китеп кылып басып чыгаруу оюна келбей жүрө берип дептери жоголуп кетет. “Ал дептерди сактап, китеп кылып чыгарсам жакшы эле бир эмгек болуп калмак экен. Кийинчерээк, өзүмдүн балдар кыздарым, окуучуларым “Китеп кылып чыгарбайсызбы, биз деле  жардам берет элек” дегендерин угуп ушуну кайра бир жазсамбы деп жүрөм”-деди Ж.Саадабаева.

 Көгөргөн көчөттөр

МУГАЛИМ - АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИСуу жетпеген талаага бак тигип өстүрүү бир топ эмгекти талап кылса, адамды өстүрүп, билим берип, тарбиялоо андан да чоң эмгекти талап кылаары талашсыз. Дал ушундай мугалимдик кесипти аркалап, ыйык милдетти моюнуна алган мугалимдердин ишинин өзү — чоң эрдик, баатырдык эмеспи. Ар бир адамдын адам болуп калыптанышына албетте ушул мугалимдердин эбегейсиз эмгеги, тоодой үлүшү бар экенин эч ким тана албайт.

МУГАЛИМ - АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИ

 

Жогорку окуу жайды бүтүп, өз айылынан анча алыс эмес жердеги мектепке келип, кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп алгачкы эмгек жолун баштайт. Ошол эле жылы, бала кезден бирин-бири таанып, бир мектепте окуган өзүнүн айылдашына сүйлөшүп жүрүп турмушка чыгат. 36 жыл өзүнүн айылындагы  мектепте мугалим болуп иштеп, илим-билимге суусап турган жаштарга жол көргөзүп, агартуучулук ак кызматын өтөп, билим нурун таратып, жаркын келечекке чыйыр салууга болгон күч-аракетин жумшайт.

МУГАЛИМ - АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИ

 

 

 

 

 

 

Жаңыл Саадабаева эмгегинин натыйжасында өнүп-өсүп,  жетилип, бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде өлкөнүн атын чыгарып жүргөн окуучулары менен сыймыктанып келет. Көпчүлүккө таанымал, Би-Би-Си кыргыз кызматынын  Лондондогу кабарчысы Кубат Касымбеков, белгилүү журналист Гүлайым Ашакеевалар дал ушул эжейдин таптап, өстүрүп чыккан мээнетинин үзүрү, сепкен үрөнүнөн өсүп чыккан көгөргөн көчөттөрү.

Жаңыл эжейдин Элмира аттуу окуучусунан эжей тууралуу сурап калганымда: “Жаңыл эже сабак өткөндө эркелетип, жылмайып жумшак сүйлөгөн, кыргыз адабиятын өзгөчө “Манас” эпосун кызыктуу баяндап берген сүйүктүү мугалимим эле. Жылдар мурун дал ушул эжейлерибизден билим алып, көзүм ачылса, бүгүнкү күндө өзүм да балдарды окутуп,  эжейдин жолун жолдоп келем. Ардактуу да, ары түйшүктүү да мугалимдик кесипти аркалап калышымдын себепчиси ушул эжем десем болот”-деди.  Мектептеги 10 жылдык 20 жылдык жолугушууларга келген бүтүрүүчүлөргө “Мектепте окуп жүргөндө сизди таасирлентип, эсиңизде калган окуя кайсы?”-деп сурап калганда, “Жаңыл эжейдин айтып берген “Кара Волгасы”-деп көп айтып эскеришет.

МУГАЛИМ - АТПАЙ ЖУРТТУН ЭНЕСИ, АКЫЛ-ОЙДУН КЕМЕСИАгартуучулук миссиясын эң мыкты аткарып, көпчүлүк жаштарга билимдин үрөнүн сээп, окуучулардын келечегине шам жаккан мугалимдин эмгеги бааланып “Эл агартуунун отличниги” наамына татыктуу болот. Ардактуу эс алууга убагы келсе да, мектепте жаш кадрларга жол көрсөтүп иштеп калат. Кийин ардактуу эс алууга чыкканына карабастан улуттук баалуулуктар боюнча изилдеп, аларды жайылтуу иштери менен алектенип жүрүп, 2008-жылы Чолпон-Атада, Айтматовдун урматына уюштурулган  “Оймо фестивалына” катышып байгелүү орундар менен кайткан. Учурда эс алуудамын деп үйдө олтуруп албастан, айылындагы аялдар комитетинин төрайымы кызматын аркалап, улуу-кичүүгө өрнөк болуп келет. Жолдошу экөө үч кыз, үч эркекти тарбиялап өстүрүп, уулдарын үйлөп, кыздарын тууруна кондуруп, неберелеринин бал тилине жашарып, үйдүн куту, төрдүн көркү болуп бактылуу карылыкта өмүр сүрүп жаткан кези.

Айгерим Качкынбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнун студенти.

Бөлүшүү

Комментарийлер

Гулшан / 05.06.2020 23:35
Азаматсын синдим! Ийгилик, калемин курчуй берсин.