МОСКВАДАГЫ «ЭНЕРГИЯ» МЕКТЕБИНИН ИШМЕРДИГИ
- 28.01.2025
- 0
Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Москвадагы алдыңкы мектептердин бири деп эсептелген № 1502 «Энергия» мектебине барып, мектептин ишмердиги, тажрыйбалары жана көндүмдөрү менен жакындан таанышты.
Министр аталган мектептин Гамма инженердик корпусуна да баш багып, заманбап илимий лабораторияларын көрүп чыкты.
Кошумчалай кетсек, № 1502 «Энергия» мектеби орто билим берүүчү мамлекеттик окуу жай болуп саналат. Мектеп «Альфа», «Бета», «Гамма» сыяктуу окуу корпустарынан турат.
Бөлүшүү
Комментарийлер