Москва физика-техникалык институтунун өкүлдөрү окуучулар менен жолугат

  • 21.10.2024
  • 0
Москва физика-техникалык институтунун өкүлдөрү Бишкекте жогорку класстын окуучулары менен жолугушат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору («Русский дом») билдирди.
Москва физика-техникалык институтунун өкүлдөрү окуучулар менен жолугат
Ага ылайык, жолугушуу  21-октябрда, саат 15:00дө башталат. Анда окуу жайдын өкүлдөрү Россиянын алдыңкы техникалык институтунун билим берүү программасы, илимий иштери тууралуу маалымат беришет. Мындан тышкары, физтехтин окумуштууларынын эмгектери менен тааныштырышат.
Каалоочулар төмөнкү дарекке барып, маалымат алып келсе болот.
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2/1.
Бөлүшүү

Комментарийлер