АМЕРИКАЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫН өКүЛДөРү МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

  • 17.10.2024
  • 0

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бир катар америкалык компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга  Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин, “Apple Inc.,” технологиялык корпорациясынын, “Pfizer” трансулуттук фармацевтикалык компаниясынын, Франклин университетинин өкүлдөрү катышты.

АМЕРИКАЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫН өКүЛДөРү МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Жолугушууда өзгөчө көңүл жогорку технологияларды, санариптештирүү, билим берүү демилгелери, фармацевтика тармагын жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө бурулду.

Акылбек Жапаров америкалык компаниялар менен кызматташууну кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын жарандары үчүн билим берүү программаларын ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн экономикасынын түрдүү тармактарына инновацияларды салуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Apple жана Pfizer сыяктуу дүйнөлүк лидерлер менен өнөктөштүк медицина тармагында алдыңкы технологияларды киргизүү жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

АМЕРИКАЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫН өКүЛДөРү МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

“Apple Inc.,” корпорациясынын өкүлдөрү программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар үчүн билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда Франклин университетинин кампусун ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Университет медицина, маалымат технологиялары, кибер коопсуздук жана башка багыттар боюнча бакалавр, магистр жана докторантура даражаларын сунуштайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер