МИНИСТРЛИКТИН КЕЗЕКТЕГИ КОЛЛЕГИЯСЫ БОЛДУ

  • 25.06.2024
  • 0

МИНИСТРЛИКТИН КЕЗЕКТЕГИ КОЛЛЕГИЯСЫ БОЛДУ25-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында Министрликтин коллегиясынын кезектеги отуруму болуп, күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды.

Алгач Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович Министрликтин коллегиясынын мүчөсү болуп шайланды.

  1. Кыргыз Республикасынын он эки жылдык мектептик билим берүү Концепциясынын долбоору жактырылып, эки ай аралыгында долбоорду иштеп чыккан жумушчу топко ыраазычылык билдирилди.
  2. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1-классы үчүн “Русский язык” окуу китебине “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган” грифин ыйгаруу сунушу колдоого алынды.
  3. Marshall Cavendish басмасынын (Сингапур) илим (физика, химия, биология, табият таануу), математика, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерин Кыргызстандын билим берүү процессине киргизүү маселеси колдоо таап, мамлекет үчүн абдан пайдалуу келишимдер түзүлгөнү айтылды.

4. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус-Славян университетин №18 кесиптик лицейинин   уюштуруучусунун бири катары кошуу демилгеси жактырылды.

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак грамотасына сунуштоого келип түшкөн талапкерлердин документтерин кароо маселелери каралып, быйыл мааракеси белгиленип жаткан 3 Жогорку окуу жай “Даңк” орденине сунушталып, ой-пикирлер айтылды.

      Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер