МИНИСТРДИН ТҮШТҮКТӨГҮ ИШ САПАРЫ УЛАНУУДА

  • 27.03.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаеванын Ош, Баткен облусундагы мектеп мугалимдери менен жолугушууларынын өзөгүн “Алтын-Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасы түздү.

Министр аймактардагы мугалимдер менен 12 жылдык билим берүү, мугалимдер үчүн даярдалып жаткан ноутбуктар, анда жүктөлгөн санариптик программалар, соңку мезгилде коомчулукту катуу тынчсыздандырып жаткан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, зордук-зомбулук, билим берүү уюмдарындагы жана үй-бүлөдөгү тарбия маселелери  жөнүндө кеңири баарлашты. Ал өз сөзүндө министрлик балдарга коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында Электрондук күндөлүк платформасына “Коркпо, билдир!” деген баскычты коштуруп, бала кокус зомбулукка кабылганда же кандайдыр бир кысымга алынганда Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө дароо кабар жеткирүүгө мүмкүндүк түзүлүп жатканын жана бул мамлекеттик платформа акысыз жана ыңгайлуу экендигин баса белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр мугалимдердин суроолоруна жооп берип, жаңы окуу жылына карата даярдыктары, чечилбей келе жаткан маселелер тууралуу маалымат алды.

Д.Кендирбаева 12-мартта Ош облусунда катталган жер титирөөдөн жабыркаган мектептердин абалын көрдү. Ошол жер титирөөдө 12 мектеп, бир бала бакча жабыркаган. Ноокат районундагы оптимизация болгон мектепке барган учурда министр айым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ата-энелер менен жолугушту. Сөз болуп жаткан Ак-Терек башталгыч мектеби К.Бобулов атындагы Баргы орто мектебинин филиалы болгон, учурда 18 окуучусу, үч мугалими бар бул мектепке мамлекет тарабынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Баргы орто мектебине барып-келип окуусу үчүн мектеп автобусу берилгени жана жети чакырым алыстыкта жайгашкан жаңы салынып бүткөн Алмалык орто мектебинен билим алуу сунушталганы маалым.

Министр Баткен облусунун мугалимдери, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуу учурунда “Алтын-Казык” программасы жөнүндө кеңири маалымат берди. Андан тышкары, Баткендеги КММА академиялык клиникасынын ачылышына катышты. КР Президенти С.Жапаровдун катышуусунда өткөн ал салтанатта Президент эки тез жардам автоунаасын белекке тапшырды. Заманбап жабдуулар менен жабдылган медициналык борбор баткендиктерге жакындан жардам берип, ден соолугун чыңдоодо чоң салым кошот деп ишенүүгө негиз бар.

Догдуркүл Кендирбаеванын Түштүк жергесине иш сапары Чоң-Алай, Алай райондорунда уланды. Ал Чоң-Алай районунун Бурган-Суу жана Кара-Кабак айылдарындагы мектептин абалы менен таанышты. Андан соң Б.Жумабаев атындагы мектептеги Памирден келген этникалык кыргыз окуучулар жана ошол мектепте эмгектенген памирлик техникалык кызматкерлери менен жолугушуп, “Алтын Казык” билим берүү системасын трансформациялоо программасынын пландары менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берди.

Министр Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы мектептин күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продуктылар окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин жана биология сабагын дал ушул жерде өткөрүү окуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болоорун айтты.

Мектептин директору Кыялбек Шадыбековдун айтымында, 2023-жылдан бери иштеп келаткан күнөсканада помидор, бадыраң жана ар кандай гүлдөр өстүрүлүп, окуучуларга айыл чарба иштерин үйрөнүүгө мыкты шарт түзөт.

Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаеванын региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатын көздөгөн иш сапары уланууда.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер