МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ «TUTELLIGENCE» СТАРТАБЫНЫН ДЕМИЛГЕЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
- 13.03.2024
- 0
12-мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Tutelligence” стартабынын демилгечилери менен жолугушту.
Тараптар долбоорду иштеп чыгуучулардын сунуштарын талкуулап, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Стартапты Гарвард университетинин студенттери Мээрим Камчыбекова, Кесси Габа жана Нисса Габа, Массачусетс технологиялык институтунун бүтүрүүчүсү Фарри Габа негиздеген. Алар “Tutelligence” жасалма интеллектке негизделген долбоор жекелештирилген сунуштарды берүү менен окууну индивидуалдаштырууга жардам берерин айтышты.
Белгилей кетсек, Мээрим Камчыбекова Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алган.
Бөлүшүү
Комментарийлер