МИНИСТР «ШКУнун ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ» ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 07.08.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-жылдын 14-26-июль күндөрү Пекинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин “Жаш журналисттери” жайкы лагерине катышып келген окуучуларды кабыл алды.

МИНИСТР "ШКУнун ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ" ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Окуучулар министрге лагерден үйрөнгөн тажрыйбаларын, алган сезимдерин, келечек пландарын айтып беришти.

Министр окуучуларга билим алуунун маанилүүгүн айтып, маалыматтык технологияларды өздөштүрүү учурдун талабы экендиги белгиледи.

Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Эркайым Замирбек кызы жана Наиля Жанарбек кызы мугалими Казыбек Асылбековдун жетекчилигинде жайкы лагерге барып келишти.

МИНИСТР "ШКУнун ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ" ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫМИНИСТР "ШКУнун ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ" ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Аталган лагерге ШКУга мүчө тогуз мамлекеттен 18 жаш өкүл катышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер