МИНИСТР ОШ ОБЛУСУНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 19.03.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 19-мартта, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорундагы мугалимдер менен жолугушту.

МИНИСТР ОШ ОБЛУСУНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Министр мугалимдерге “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып буларга токтолду: «12 жылдык билим берүү – биринчи кезекте мазмундук өзгөрүү. Биз быйылкы жылдан тартып 12 жылдык билим берүүнү этабы менен ишке ашыра баштайбыз. Бүгүнкү күндө мугалимдерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, окуу китептерин иштеп чыгуу 50 пайызга аткарылды. Жалпы билим берүүнүн мазмунун аныктаган жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди”.

Ошондой эле ал “Алтын Казык” программасын ишке ашыруунун алкагында мугалимдер үчүн санариптик программалар иштелип чыгып жатканын, алардын баары мугалимдерге берилүүчү  ноутбуктарга жүктөлөрүн кошумчалады.

Жолугушууда министр соңку мезгилде коомчулукту катуу тынчсыздандырып жаткан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, зордук-зомбулук, билим берүү уюмдарындагы жана үй-бүлөдөгү тарбия маселелерине да токтолду. “Ата-энелер баласына кымбат уюлдук телефон, кымбат кийим сатып берип коюп ата-энелик милдеттен кутулдум дебеши керек. Балага мээрим төгүү баарынан маанилүү. Биз баланын психологиясын ата-энеге жеткирүүгө милдеттүүбүз. Балдарга коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында Электрондук күндөлүк платформасына “Коркпо, билдир!” деген баскычты коштурдук. Ал бала зомбулукка кабылганда же кандайдыр бир кысымга алынганда Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө дароо кабар жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул мамлекеттик платформа акысыз жана ыңгайлуу”, – деди ал.

МИНИСТР ОШ ОБЛУСУНДАГЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Жолугушуунун жүрүшүндө министр мугалимдердин суроолоруна жооп берип, жаңы окуу жылына карата даярдыктары, чечилбей келе жаткан маселелер тууралуу маалымат алды.

Комментарийлер