МИНИСТР КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТТАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН УГУУДА
- 20.12.2024
- 0
Бишкекте өтүп жаткан Курултайга келген делегаттардын арыз, сунуштарын, суранычтарын коомдук кабыл алуу борборунда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзү да катышып, делегаттардын билим тармагындагы көйгөйлөрүн угуп, арыздарын кабыл алууда.
Кайрылгандардын көпчүлүгү мектеп, бала бакчанын курулушуна байланыштуу болуп жатат. Министрликтин кызматкерлери кабылдамада олтурушуп, ар бир делегаттардын арыздарын кагаз жүзүндө кабыл алышууда.
(М.Т.)
Бөлүшүү
Комментарийлер