МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 25.01.2024
  • 0

24-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасындагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушууда министрлик менен Тынчтык Корпусунун кызматташтыгын бекемдөөнүн жолдорун, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну жана ыктыярчылардын санын көбөйтүү маселелерин талкуулады.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун ыктыярчыларына кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мектептерде англис тилин өнүктүрүү үчүн Тынчтык Корпусунун ыктыярчыларына муктажбыз деди.

“Кыргыз-англис тилиндеги окуу китептерин иштеп чыгууга, STEM  предметтерин англис тилинде окутууга жана видео сабактарды даярдоодо ыктыярчылардын активдүү салым кошушуна тилектешпиз” – деп билдирди министр Кендирбаева.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Директор Хойт Брайан Йии Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары Кыргызстандын мектептери менен кызматташууга кызыкдар экенин айтып, учурда 35 ыктыярчы Кыргызстанда ыктыярчы катары иштеп жатканын белгиледи.

Маалымат үчүн:

Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет.

2023-жылдын 13-июнунда Кыргызстанга АКШнын Тынчтык Корпусунун 26 ыктыярчысы келген. Ыктыярчылар Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош жана Чүй облустарындагы орто мектептерде иштешүүдө.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бөлүшүү

Комментарийлер