МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НИКОЛАС БОУЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 29.02.2024
  • 0

28-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НИКОЛАС БОУЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Министр Догдуркүл Кендирбаева элчи Николас Боулерге бүгүнкү кездешүү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтык абдан жемиштүү жана узак мөөнөттүү болоруна ишеним артарын белгиледи.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛЧИ НИКОЛАС БОУЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Ошондой эле министр Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын билим берүү министринен май айында өтүүчү иш-чарага катышуу үчүн чакыруу алганын айтты. Ошондой эле ал учурда Кембридж университетинин окуу китептерин алуу иштери боюнча айтып берди.

Элчи Николас Боулер билим алуунун жеткиликтүүлүгү камсыз кылуу үчүн жогорку окуу жайлардын жана мектептердин STEM предметтери боюнча мугалимдерин англис тили боюнча окутуу демилгесин колдой тургандыгын айтып, медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин дагы англис тилине окутууну сунуштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер