Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: ҮЧ ЖЫЛДА КИТЕП КРИЗИСИ ЧЕЧИЛЕТ

  • 16.07.2025
  • 0

Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА: ҮЧ ЖЫЛДА КИТЕП КРИЗИСИ ЧЕЧИЛЕТ

Агартуу министри ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда жаңы система менен окуй турган балдардын баары жаңы китептер менен камсыздалаарын жана учурда китеп даярдоого бөлүнгөн 744 млн сомдун 50 пайызы иштетилгенин билдирди.  Ошондой эле мектепке заманбап мугалимдерди алып келүү боюнча алгылыктуу аракеттерге, 1-2-класска кабыл алуунун жүрүшүнө,  билим берүүдөгү санарип жетишкендиктерге дагы токтолду. 

— Китеп даярдоо – өтө оор процесс. Бул процесске 200дөн ашык мугалим, окумуштуулар жана КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы сунуштаган адистер биригип, сентябрь айына чейин балага билим берүүгө багытталган өнүктүрүүчү китептерди даярдоонун үстүндө иштеп жатабыз. Эң жакшы демилгенин бири – жаңы муундагы китеп, жаңы муундагы стандарт улуттук баалуулукка, мекенчилдикке жана экологияны коргоого, жаратмандыкка негизделген жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты жана ошондой эле предметтик 38 стандарт кабыл алынды. Ошол китепти пайдалануу боюнча азыр И.Арабаев атындагы КМУда 176 жаңы муундагы тренер даярдалып жатат, эл аралык тренерлердин коштоосу менен булар туташ-туташ Кыргызстандын математика жана англис тили мугалимдерин окутат, — деди министр.

1-2-класска кабыл алуу: мектепте орун толтура

Министр учурдагы актуалдуу маселелердин бири – балдарды мектепке электрондук каттоого да токтолуп, быйыл мектепке кабыл алуу Түндүк системасы аркылуу иштегенин, аны ургаалдуу ишке ашырган командасына ыраазылык билдирди. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда быйыл мектеп босогосун алгачкы жолу аттай турган дагы 121 миң баланын 1-класстагы орду бош болууда. Биринчи этапта ата-энелер балдарын туруктуу каттоо боюнча мектепке каттады. 15-августка чейин Бишкектеги мектептер мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, акыркы кабыл алуу раундун баштайт.

Санариптештирүүдөгү чоң секирик

Быйылкы жылы билим берүү тармагында санариптештирүүгө карай чоң секирик жасалганын белгилебей кетүүгө болбойт. Мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр жетилүү аттестаттарынын электрондук вариантын алышты. Министр белгилеген дагы бир чоң жаңылык – бул биринчи жолу түзүлгөн улуттук электрондук күндөлүк порталы. Мындан ары миллиондогон ата-энелер, окуучулар жана ошондой эле мугалимдер бири-бири менен баарлашып, сабак өтүү процессин, бири-биринин ийгиликтерин көрүп турат. Андан тышкары, бюрократиядан арылуу максатында 70 миңден ашык мугалимдин жүгү жеңилдетилип, отчеттору электрондук күндөлүк аркылуу алынат. Башка бардык органдарга маалымат керек болсо, министрлик санарип күндөлүктүн натыйжасында керектүү маалыматтарды чыгарып берет.

Заманбап мектепке заманбап мугалимдер керек

— Коомчулукту кабатырланган дагы бир маселе – бул мугалим кадрлар жетиштүү болобу же жокпу деген суроо болууда. Мен жаңы эле жогорку окуу жайларды аяктагандар менен кездешип келдим, алардын 80% жумушка орношуптур. Президентибиз 2026-жылдын апрелинен баштап мугалимдердин эмгек акысы жакшы көтөрүлөт деп атат, ошондо балким ЖОЖ мугалимдери, башка кызматта жүргөндөр да мектепке кетип калышы толук мүмкүн. Биз педагогикалык кесипке талапты күчөтөбүз. Анткени айлык жогорулаган сайын талап да күчөйт. Мектеп – иш менен камсыздоочу борбор эмес. Балага билим берүүгө багытталган сапаттуу чөйрө түзүлүшү керек. Ошол себептен быйыл педагогикалык билим берүүчү жогорку окуу жайлардын босого баллын 130га көтөрдүк. Мугалимдик кесипке ЖРТдан жогору балл алгандар керек жана андай балдар келип жатканы кубандырат, — деди Д.Кендирбаева.

Кыргыз тили: эрежелерди жаттоо доору бүттү

Албетте, Базистик окуу планындагы өзгөртүүлөр да көңүлдөн сырт калган жок. Министр кыргыз тилине бөлүнгөн бир саат эмне себептен кыскартылганы тууралуу кеңири түшүндүрүп өттү.

— Предметтердин ичинен эң көбү кыргыз тили, эң азы биология, химия, физика, информатика сабактары болуп келгени маалым. Биз кыргыз тилинен алынган бир саатты так илимдерге бөлүштүрүп бердик. Себеби химия, биология, физика, информатика сабактарына аз саат бөлүнгөндүгүнө байланыштуу ушул предметтик мугалимдер мектептерге барбай жатат. Быйыл табигый так илимдерге басым коюп жатканыбыз да ошондон. Ал эми кыргыз тили кыргыз тили аркылуу гана үйрөтүлбөй, математика, биология, алиппе, тарых, башка предметтер аркылуу да үйрөтүлүп жатканын эске алышыбыз керек. Мурдагыдай эрежелерди жаттатуу доору бүткөн, — деди.

Так илимдер сабагы — дүйнөлүк стандартка жооп берет

Алдыдагы дагы эң маанилүү багыттардын бири — келерки жылдары тереңдетилген адистикке багытталып окутууда 10-11-12-класстарда балдардын тандоосуна жараша предметтерге өтүүгө басым жасалмакчы. Тагыраак айтканда, кесиптик техникалык лицейлердин кадыр-баркын, имиджин жана сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөө, тез өзгөрүп жаткан эмгек рыногунда жумушчу кесиптерди даярдоо жана камсыздоо маанилүү маселе болуп эсептелет.

— Башталгыч класстарга илим сабагы кирип жатканын билесиздер, мурда ал табият таануу деп аталчу. Илим сабагы, б.а. так илимдер сабагы дүйнөлүк стандартка шайкеш келтирилди, биз үчүн бул чоң жетишкендик. Мындан ары биздин балдар 150 өлкөнүн балдары кандай предметтер жана канча саат менен окуса, биздин балдар да ошондой мүмкүнчүлүккө ээ болот.

Президенттин колдоосу менен башкы максаты жана багыты — сапаттуу адам капиталын даярдоодо эң биринчи билим берүү системасын  трансформациялоо иштери жүрүп жатат. Биз мазмундук мугалимдерди баалоого багытталган дүйнөлүк стандартты кабыл алдык. Мамлекетибиз менен бирдикте адам капиталын өнүктүрүүгө кадам ташташыбыз керек, — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер