МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА БУУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
- 25.03.2025
- 0
2025-жылдын 24-мартында Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай жана уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги темасы мектептик тамактануу программасынын билим берүүнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук күн тартибин илгерилетүүгө кошкон салымын талдоо жана өлкөнүн билим берүү системасында жетишилген жыйынтыктардын туруктуулугун камсыз кылуу болду.
Министр БУУ ДАПтын Кыргызстандагы башчысы Кожиро Накайга ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду «Мектептик тамактануу Кыргызстан үчүн өзгөчө актуалдуу багыт болуп саналат. Климаттын өзгөрүшү, экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери шартында окуучуларды тамактануу процессине, анын ичинде анын уюштурулушуна иш жүзүндө катышууга тартуу маанилүү. Долбоор мындан ары да өнүктүрүүгө жана колдоого муктаж».
Өз кезегинде БУУ ДАПтын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай: «Кыргызстандагы ар бир бала сапаттуу жана коопсуз мектептик тамактанууга жеткидей болушу үчүн министрликтин жасап жаткан аракеттерин жогору баалайбыз. Биргелешкен аракеттер менен бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздай алабыз», – деп билдирди.
Программа Кыргызстандын бардык райондорун жана облустарын камтыйт, 914 мектепте ысык тамактануу программасы киргизилген.
2025-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы төмөнкү багыттар боюнча биргеликте иш алып барууну пландаштырууда:
- Кыргызстан боюнча 58 мектепте жана 13 мектепке чейинки мекемеде ысык тамакты киргизүү;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 332 мектепке байытылган ун, өсүмдүк майы, күрүч жана жасмык (чечевица) түрүндө жардам берүү;
- Мектеп астындагы бакчаларды уюштуруу программасына катышуу үчүн бүткүл Кыргызстан боюнча 50 мектепти тандап алуу;
- Кыргызстандын түштүгүндө Компетенция республикалык борборун ачуу;
- Чүй жана Ош облустарындагы, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы 13 жалпы билим берүү уюмунда күн электрстанцияларын орнотуу;
- 40 мектепте окуучулардын, айрыкча кыздардын жана аярлуу топтордун, таза сууга, санитарияга, гигиенага ж.б.у.с. жетүүсү боюнча долбоорду ишке ашыруу, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу болгон кошумча нарк чынжырчасына жана мектептик тамактануу рыногуна жуурулушуу аркылуу чакан фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүү.
Комментарийлер