МИНИСТР БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 15.10.2024
  • 0

15-октябрда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Дүйнөлүк банктын өкүлү Рита Куллберг Альмейда менен жолугушуп, өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун мындан аркы кадамдарын талкуулады.

МИНИСТР БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛҮ  МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Министр Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы адамдын капиталын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү системасын реформалоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда билим берүү демилгелерин колдоо үчүн Дүйнөлүк банктан жаңы грант алууга байланышкан маселелер талкууланды.

МИНИСТР БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛҮ  МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Ошондой эле узак мөөнөттүү билим берүү программаларын каржылоо үчүн Эл аралык трасттык фонд аркылуу каражат алуу мүмкүнчүлүгү да талкууланды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоого басым жасалып, өзгөчө талкууга алынды.

Дүйнөлүк банк санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасап, өзгөчө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселесинде билим берүүнү модернизациялоо боюнча демилгелерди колдоду.

МИНИСТР БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛҮ  МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Билим берүү процессинде санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген бул долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер